Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сот процесси мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтөт. Судья сот процесси аяктаганга чейин аны четтетүү чечимин кабыл алган.

Атамбаев 14-январда УКМКнын кабинетинде өткөн кезектеги сот отурумуна катышкан эмес. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Атамбаев өзбилемдик кылып сот кабинетинен кетип калып жаткандыктан, судья аны сот отурумунан четтетүү чечимин чыгарган.

Замир Жоошев

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев кандай позицияны карманып жатканын, бийлик Батукаевдин бошотулушун кантип токуганын жана Атамбаев эмне үчүн сот отурумундарына катышуудан баш тартып жатканын «Клоопко» курган маегинде айтып берди.

Иш бөлмөсүндө өткөн сот

Жоошевдин айтымында, Атамбаев алгач ден соолугуна байланыштуу сотко келбей ошондо сот отурумду мурдагы президентке экинчи кабатка гана чыгууга туура келгидей кылып УКМКнын имаратында өткөрүүнү чечткен.

Болгону Атамбаев УКМКдагы отурумдан кетип калып жаткан — анын башка жактоочусу Сергей Слесарёв муну «күнөөсүздүктүн позициясы» деп атады.

Жоошев Атамбаевдин сот отурумга келүүдөн баш тартканынын бир нече себептерин айтып берди.

  • Позиция. Ал бул ишке катышууну каалабайт.
  • Сот отуруму өткөн жери. Ал сот отуруму УКМКнын иш бөлмөсүндө эмес, сотто өтүшү керек деп эсептейт.
  • Тилектештик. Ал врач гематолог Абдухалим Раимжановго карата тилектештигин билдирип, сот кабинетинен кетип калган. Раимжановдун ден соолугу начар жана ага «экинчи кабатка көтөрүлүү оор».

Атамбаевсиз сот

Жоошев Атамбаевдин адвокаттары анын кызыкчылыктарын ансыз эле коргоого даяр экенин моюндады.

«Сот отурумдарын ансыз эле өткөрүү тууралуу сотто сүйлөшкөнбүз. Анын кызыкчылыктарын көрсөтөбүз деп айтканбыз, анткени эгер ал катышкан күндө деле ага суроо берилбейт. Ага такыр эле кандайдыр бир кылмыштын күбөлөрү болуп эсептелбеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү кызыксыз», — дейт Жоошев.

Сот башында мурдагы президент сөзсүз катышышы керек деп билдирип, адвокаттардын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып жаткан. Андан кийин Атамбаевдин жүрүм-турумунан улам ушундай чечим кабыл алган.

«Судья өз чечими менен отурумдарды ар кандай жагдайларда ансыз эле өткөрсө болоору боюнча позициябызды ырастады. Ал эми буга чейин судья кандай гана болбосун ал катышышы керектигин айтып жаткан болчу», — дейт адвокат.

«Коррупция эмес, атайын операция»

Шамил Атаханов

Жоошев Атамбаевдин коррупцияга тиешеси жоктугун айтууда. Ал саясатчы Шамил Атахановдун Батукаевдин бошотулушу коррупция менен байланыштуу эмес, бул атайын операция болчу жана ал оңүнан чыкпай калган деген көрсөтмөсүн белгилеп өттү.

«Бул иште кимдир бирөөнун материалдык пайда көрүш үчүн Батукаевдин учуп кетишине шарт түзүп бергендигин көрсөткөн далилдер жок. Иште Шамил Атахановдун көрсөтмөсү бар. Ал Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу боюнча атайын операция болгонун айтууда», — деп билдирди Жоошев.

Жаныш Бакиев — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы жана качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси. Жаныш Бакиев Кыргызстанда сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, ал эми Курманбек Бакиев өзү 2010-жылы 7-апрелде митингчилерге каршы курал колдонгондугу үчүн 30 жылга кесилген. Ал окуяда 80ден ашуун адам набыт болгон.

Жоошевдин айтымында, президенттин атайын операцияга тиешеси жок, анткени «эгер бул атайын операция болсо, демек аны Атаханов менен УКМК жетектеген».

«Атаханов бул идея өзүнүкү болгонун айтууда — Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу», — дейт адвокат.

Жаныш Бакиев

Жоошев Батукаевди Бакиевге алмаштырууну мыйзамсыз деп эсептебейт.

«Бул мыйзамдуу болгон деп эсептейм, бирок эми атайын операциялардын бардыгы эле ийгиликтүү жыйынтыктала бербейт да. Эгер Атахановдун айткандарына ишенсек, эгер анын көрсөтмөлөрүнө карасак, анда бул жерде ийгиликтүү аяктабай калган атайын операция болгон», — дейт ал.

Мындан тышкары, юрист Батукаев лейкоз менен оорубагынына далилдер жок деп эсептейт.

«Бүгүнкү күндө иштин материалдарында анын лейкоз оорусун төгүндөгөн далилдер жок. Тагыраагы алар ал ооруган эмес, бирок экспертизалардын кандайдыр бир корутундулары жок дешүүдө. Жөн гана болгон эмес деп куру сөз айтып жатышат. Бүгүн ал тирүү экени ошондо ал ооруган эмес дегенди билдирбейт. Балким ал жашоодон өтүп кеткендир. Мунун бардыгы далилдениши керек, сөз менен гана эмес», — дейт адвокат. Жоошевдин пикири боюнча, Атахановдун көрсөтмөлөрүндө Батукаев оорулу адам катары сүрөттөлгөн.

Юристтин версиясы боюнча, сөз Жаныш Бакиев Орусиянын аймагына келгенде, аны экстрадициялоо тууралуу болгон. Бирок Бакиевдин үй-бүлөсү бул тууралуу билип калбашы үчүн атайын операция өткөрүлгөн, бирок ал ийгиликсиз болуп калган.

«Эгер Жаныш Бакиевди алгылары келишсе, демек алар мамлекеттин жана элдин кызыкчылыктарын ишке ашыргылары келген. Бул жерде коррупциянын кандай тиешеси бар? Кимдир бирөө башка бирөөдөн акча алган деген эч кандай далилдер жок. Эгер адам өзгөчө оор кылмышка айыпталып жатса, анда айып негизге ээ болушу керек, далилсиз эле айта берген болбойт. Далилдердин жыйындысы болушу керек. Ал эми аларда жыйынды эмес, бир да далил болгон эмес. Бул толугу менен токулган иш. Болбогон [иш], 28 том макулатура», — дейт Атамбаевдин адвокаты.