КР ТИМи чет элдик жарандар үчүн жаңы визаларды ачты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) чет өлкөлүк жарандар үчүн визалардын жаңы категорияларын ачты. Эми аларды визалык пунктарга жана Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипмиссияларына кайрылбастан эле интернет аркылуу жол-жоболоштуруп алууга мүмкүн болот.

Визалар 2020-жылдын 15-январынан тарта «Электрондук виза» системасы боюнча жол-жоболоштуруп алууга жеткиликтүү боло баштады.

Ведомстводон визалардын жаңы категориясы чет элдик туристтер, Кыргызстандын мурдагы жарандары жана этникалык кыргыздар үчүн жеткиликтүү экенин кабарлашты.

«“Тоо туризми визасы” деген жаңы виза категориясын өзгөчө белгилеп өтүш керек. Ал чет элдик туристтер тарабынан көп жолу кирүү мүмкүнчүлүгү менен дароо 3 айга жол-жоболоштурулат», — деп билдиришти ТИМден.

Этникалык кыргыздардын жана мурдагы мекендештердин келүүсү үчүн взалардын 3 категориясы түзүлгөн: «Туугандар виза», «Мекен виза» жана «Мейман виза».

Визаны электрондук форматта жол-жоболоштуруу 2017-жылы мүмкүн боло баштаган.

Мекемеден билдиришкендей, «өлкөнү санариптештирүүнүн 2020-жылында» ишти санарип форматка өткөрүү улантылат. Визаны интернет аркылуу жол-жоболоштуруу димпмиссия өкүлдөрүнүн виза алуучулар менен түз байланышын азайтууну жана ачык-айкындыкты камсыздоо делип эсептелинет.