Болот Темиров кол салгандардын бирин тааныды

Болот Темиров өзүнө кол салгандардын бирин тааныды. Анын айтымында, кол салгандардын бирөөсүн гана тааныган, себеп дегенде кол салуу учурунда башкаларынын жүзүн көргөн эмес.

Буга чейин Темиров таанууга бара турганын, себеп дегенде сүрөттөрдү карап эле карамалгандардын арасында ага кол салгандар бар-жогун «бир жактуу айта албасын» билдирген.

Темиров көрсөтмөдө үч киши кол салганын билдирген, бирок Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы «тергөө сырына» таянып, эмне үчүн төрт шектүү адам кармалганын тактаган жок.

Бишкек ШИИБи 14-январда «Фактчектин» башкы редактору Болот Темировго кол салууга шектелген төрт адамды кармаган. Алардын бардыгы ШИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

ШИИБдин маалыматы боюнча, алардын эң улуусу 1992-жылы туулган.

«Азыркы учурда жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө бардык жагдайлар такталган соң шектүү адамдардын аракеттерин кошумча квалификациялоо маселеси каралат», — деп билдиришти ШИИБден.

«Фактчек»

9-январда белгисиз үч адам «Фактчек» басылмасынын башкы редактору Болот Темировду сабап кетишкен. Милиция «Тоноо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон, бирок Темиров өзү тоноо болбогонун айтууда. Анын айтымында, ур-токмоктоо учурунда колунан телефону түшүп калган, андан кийин белгисиз адамдар качып кеткен соң, телефонун таппай калган.

«Адамдар уурдаш үчүн эртең мененки 9дан түшкү 12:30га чейин күтүп отурушпайт. Ур-токмоктоо үнсүз өткөн. “Чөнтөктөрүн кара” же “телефонду алдым, качтык” деген сыяктуу буйруктар болгон эмес. Жанымда ноутбук бар болчу, бирок кол салгандар аны алышкан жок, демек, аларды баалуу нерселер кызыктырган эмес», — деп жазган Темиров.

«Фактчек» — факттарды текшерүүнүн үстүндө иш алып барган сайт. Factchek.kgнин журналисттери фейк аккаунттардын жүзүн ачып, саясатчылар менен ишмерлердин сүрөттөрүнүн чын-төгүнүн (мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «Азаттык» жана «Клооптун» коррупцияга каршы иликтөөсүндө фигурант болгон Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн болушу ыктымал сүрөтүн) текшерип, мурдараак «Клооптун» материалында аты аталган башка фигурант Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу аксессуарлары тууралуу жеке иликтөөсүн чыгарышкан.

Уулкан Тургунованын (Матраимовдун жубайынын) «майда-чүйдө» чыгымдары тууралуу иликтөө жарык көргөндөн кийин басылманын сайты DDoS чабуулга кабылган. Factсheck.kg сайтынын иликтөөсүн дагы бир нече ири кыргыз басылмалары да өз сайттарында чыгарып, алар да кибер чабуулга кабылышкан.

ТЕМА БОЮНЧА: