Дизайнер Нурбек Насыранбеков эгемендүү Кыргызстандагы бийликтин алмашуусун иллюстрация менен чагылдырды. Бир иллюстрацияда Кыргызстандын беш президенти тартылган: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков.

Ошол эле кезде экс-президенттик макам Роза Отунбаевада гана бар. Ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин Убактылуу өкмөттүн алдында өлкөнү башкарган — 2010-жылдын июлунан 2011-жылдын декабрына чейин. Калгандары — Акаев, Бакиев жана Атамбаев — экс-президенттик макамдан жана аларга каралган артыкчылыктардан ажыратылган.

Мурдагы президенттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери козголгон. Өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында бийликтен ажырап, андан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга качкан. Акаевдин учурунда оппозициянын лидерлеринин бири Курманбек Бакиев Кыргызстандын экинчи президенти болгон.

Курманбек Бакиев өлкөнү беш жыл гана башкарган. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде бийликтен кол жууп, үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. Кыргызстанда ага, анын балдарына жана инисине каршы кылмыш иштери козголуп, алар сыртынан ири мөөнөттөргө соттолушкан. Бакиевдин президенттиги учурунда оппозициянын лидерлери — Кыргызстандын үчүнчү жана төртүнчү президенттери Отунбаева жана Атамбаев болгон.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү алты жыл башкарып, мөөнөтү аяктагандан кийин президенттик шайлоодо өз мураскери жана досу Сооронбай Жээнбековду сүрөмөлөгөн. Жээнбековдун учурунда үзөңгүлөштөрдүн мамилеси бузулуп кеткен, бирок айрым бир убактарда муну четке кагып жүрүшкөн. Атамбаев жана анын тарапташтары оппозицияга өтүп, мурдагы өлкө башчысы кылмыштарды жасоого шектелип, экс-президенттик макамдан ажыратылган. Ал сурактарга баруудан баш тарткан, жыйынтыгында анын резиденциясы штурмга алынып, өзү тергөө абагына киргизилген.