Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги мектеп окуучусу Тилеген Рахатбековдун бардык тапшырмалары аткарылганын кабарлады. Рахатбеков 2019-жылдын ноябрь айында «Дети у руля» акциясына катышып, жарым сааттай соцөнүгүүнүн министри болуп иштеген.

Мектеп окуучусу министр Улукбек Кочкоровго дүлөйлөр мектебинин бүтүрүүчүлөрү үчүн аттестация берүү маселесин чечип, окуучулар үчүн шахмат такталарын сатып алып берүү тапшырмасын берген.

Биз бул тапшырмалардын аткарылып-аткарылбасына көз салып турабыз деп убада бергенбиз.

Маалым каттардын ордуна аттестаттар

Тилеген билим алып жаткан дүлөй балдардын мектеп интернатында толук орто билим аттестаты берилбейт — балдар 9-класска чейин эле окушат. Анын бүтүрүүчүлөрү мектепти аяктагандыгы тууралуу маалым кат алышат, бирок ал документ менен жогорку билим алуу мүмкүн эмес. Тилеген орто билим тууралуу мектеп аттестатын алгысы келген.

Улукбек Кочкоров Билим берүү министрлиги билим берүүнүн жаңы программасын иштеп чыгаарын жана кийинки окуу жылынан тарта мектеп интернатынын окуучулары толук орто билим ала алышаарын билдирди. «Клооп» министр Кочкоровдун тапшырмасы аткарылып-аткарылбасына көз салат.

Спорттук буюм-шайман

Тилеген окуган мектепте буюм-шаймандар жетишсиз ийрим бар. Социалдык өнүнүгүүнүн министри мектепте шахмат менен камсыздоо гана уюштурулбастан, башка да спорттук жарактоолор жана керектүү китептер берилгенин кабарлады.

«Бишкек шаарынын бир ишкери менен чогуу биз аларга болжолдуу бардык комплекттери бар 15 такта, топторду жана башка спорт шаймандарын белекке бердик», — деп билдирди Кочкоров.

Human Appeal International фонду мектепке керектүү китептерди сатып алууга 300 миң сомдук сертификат тапшырды. Кыргызстанда мындай китептер жок, фонд аларды Орусиядан алып келүүгө буйрутма берген, бирок азырынча китептер мектепке жеткириле элек.

«Окуу китептери бул жакка, Кыргызстанга келген. Бирок бизге эмдигиче алып келише элек, анткени Али Айоуб фондунун жетекчиси убактылуу чет өлкөгө чыгып кеткен экен. Ал Бишкекке келээри менен алар бизге ошол окутуу китептерин расмий тапшырышат», — деп билдирди мектептин директору Каныкей Жаманбаева.

Улукбек Кочкоров балдарды коргоо маселеси Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин негизги милдети экенин белгиледи.

«Акция балдардын укуктарын коргоо, биздин келечегибиз үчүн шарт түзүү маселесине көңүл бурдуруу максатында өткөрүлгөн. Анткени балдар — бул биздин келечегибиз», — деди ал.

Автору: Мундузбек Калыков