Баткен шаарында өткөн координациялык кеңешме. Сүрөт: Медербек Ниязалиев / RFE/RL

Баткен шаарында 16-январда чек ара маселесине байланыштуу өкмөттүн координациялык кеңешмеси өттү. Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн сынга алды. Бул тууралуу «Азаттык» кабарлады.

Чек арага чектеш үйлөрдүн сатылышы боюнча

Биз бул жакта чек араны бир метрине чейин талашып жатабыз, а кээ бир жарандар ал жердеги үйүн сатып кетип жатат. Бул эмне деген көрүнүш?! «Эртең сатылат экен» деп күтүп отура бербешибиз керек. Бул маселени элге алып чыгыш керек. Эл айтыш керек, үйүн сатып жаткандарга, «чек арадан үйүңдү сатып кеткениң - бул чыккынчылык» деп. «Мамлекетке, чек арага жасаган чыккынчылыгың» деп айтыш керек. Жергиликтүү бийлик, системалуу жумуш аткарбай жатасыңар.

Митингге чыккан айыл өкмөт башчы боюнча

Бизде элди дүрбөлөңгө салып аткан жетекчилерибиз бар. Ошону толук кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго бериңиз. Андай кызматкерлер элди башкарып.. андай болбойт. Мамлекеттик саясатка, президенттин саясатына каршы чыккан жетекчилер менен... Бир жуманын ичинде кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго маалымат бериңиз, ал мага маалымат берет. Айыл өкмөт башчысы эл шайлаган жетекчи да. Силер отурасыңар!

Акимдин орун басарынын туугандары боюнча

Өзүң акимдин орун басары болуп турсаң, сенин туугандарың митингде жүрүшөт. Туугандарыңа тилиң өтпөсө, анда жыйынтык чыгарыш керек. Мен айтып жаткан нерсе ушул. Жетекчи деген толук кандуу болушу керек да. Сен бул жерде «түшүндүрүү иштерин жүргүздүк» деп атасың, ал жакта туугандарың митингде жүрүшөт. Кызык көрүнүш бул!.. Эки акимдин орун басарынын жоопкерчилигин караңыздар, катуураак караңыздар. Мен да өз сунушумду айтам.