Сейтек өзүнүн кыздары менен. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Сейтек менен Феруза кадимки эле кыргыз үй-бүлөсүнөн. Күйөөсү — куруучу жана ширетүү боюнча уста. Жубайы — беш кызды тарбиялап үйдө отурат — эң кенжеси Айзада алты айлык. Алар эл катары эле жашайт. Ивановкадагы жаңы үйдө турушат: короосунда да велосипед турат, турак жай ээлерин күчүктөрү менен Симба аттуу ит коргойт.

Бирок алардын жашоосу кадимки нукта бара жаткандай сезилгени менен жубайларды түйшөлткөн бир маселе бар. Феруза менен Сейтек расмий никеге туруу салтанатын өткөрүшкөн эмес, алар «Кудай алдынан гана» өтүп коюшкан. Ошондуктан Сейтек кыздардын биологиялык атасы болуп эсептелгени менен туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө «атасы» деген жер бош турат.

Мындай көрүнүш Ферузанын же анын күйөөсүнүн каалоосунан улам келип чыккан эмес. Маселе мамлекетке барып такалат — өлкө Сейтек чындап эле тирүү жан экенине ишенбейт.

Сейтек өзү канча жашта экенин билбейт. «Жашым 30-32ге чукул», — дейт. Эсинде жалгыз эле ысымы калган. Ал эми атасынын, чоң атасынын аты же туулган жери эсинде жок.

2011-жылы жубайлар Бишкекке көчүп келип, үч жылдан кийин ал биринчи жолу документ алууга аракет жасаган. Ал эми бүгүнкү күндө соттор өздүгүн тастыктаган күбөлүк берүү жөнүндө үч арызды тен кайтарып берип койгон. Маморгандарга Сейтек чындыгында эле бар экенин тастыктаган кошумча далилдер керек экен.

«Мен да чыгып алып кетип калдым»

Анын бала кезинде эсте калгандары: Оштогу үй жана «эне» деп жүргөн улгайган апа. Ал анын үйүндө ойноп, эртең менен көчөгө чыгып кетип, үйгө тамак жегени гана келчү. Ошол улгайган апа баланын элесинде жалгыз нурлуу адам катары эсте калган, чоң апа ал үчүн үй-бүлөсү болгон. Сейтек ал жөнүндө айтып жатканда башка жакты карап терең ойго батат, ошол эле маалда жүзү жылмаят.

Сейтек эсинде калган чоң апа чындап эле өз энеси болгонбу же жокпу айта албайт.

«Апасы» кайтыш болгон соң Сейтектин балалыгы да бүткөн. Андан кийин ал көчөдө калган — мурдагыдай түшкү тамак жасап күткөн адамы жок эле.

Сейтекте өздүгүн күбөлөндүргөн эч кандай документтер жок. Балким документтер «энесинин» үйүндө бир жерде тургандыр, бирок ал кичинекей болгондуктан, алардын кереги тийип калаарын аңдап билген эмес. Ал кагаздар кайсыл жакка катылганы да ага белгисиз болчу.

Сейтек документи жок жалгыз эле адам эмес. ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылдын башына карата 5 жашка чейинки катталбаган балдардын саны 18 000 ашуун болгон — бул мисалы, Кант шаарында канча адам жашаган болсо, дээрлик ошончо. Бул балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, демек алар мамлекеттик коргоо системасы үчүн көрүнбөс балдар. Аларды мамлекеттик ооруканалар кабыл албайт, майыптыгы боюнча жөлөкпул ала алышпайт, жада калса мектепке да бара алышпайт. Мындай абал түзүлгөнүнө көп нерсе себеп: алардын ата-энелеринде да документтер же жарандык жок, алар ички же сырткы мигранттардын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөдө төрөлүшкөн же никеде төрөлүшкөн эмес. Мандан улам алар «мыйзамсыз туулгандар» катары куугунтукка дуушар болушат.

«Балдарды коргоо борборундагы» жашы жете электерди коргоо боюнча адис Фатима Аллаярованын айтымында, документсиз калган адамдар — көбүнесе 90-жылдары экономикалык кризис учурунда туулуп өскөн муун. Алар көп учурда өздөрүнө ишенишпейт, өз укуктарын начар билип, жардам сурап кайда кайрылууну билишпейт. Жада калса туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү болбогон аялдар, көп учурда үйдө көз жарышкан, себеп дегенде төрөт же төрөт үйүнө чейин жол кире акысын төлөөгө акчалары жок болгон же болбосо чет өлкөдө эмгек миграциясы учурунда төрөшкөн. Ал эми алардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жок балдары кийин аны өмүр бою ала албай келишет.

Сейтек үй-бүлөсү менен тамактанып жатат. Аялы Феруза ортодогу кызыл көйнөкчөн. Алар нике кыйдырышканы менен расмий каттоодон өтө албай келишет, себеп дегенде Сейтектин документтери жок. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Чоң апа кайтыш болгондон кийин Сейтек көчөдө жашап баштаган — ошондо ал алты же сегиз жашта болгон. Кантип көчөдө калганын эстей албайт.

Сейтек «ар кайсы» жерде чоңоюп тарбия алган: Ошто, Кызыл-Кыяда, Өзгөндө жана Жалал-Абадда жашаган. Шаардан шаарга жөө же сапарлаш унаалар менен барып турган.

Башында кичинекей Сейтек Мурат деген байке менен жашап, саякаттачу — ал аны көчөдөн кезиктирип жанына ала жүргөн. Сейтек ал байке тууганы же таанышы болгонбу билбейт. Аны менен кошо көмүр кенине барганы эсинде. Ал жакта Сейтек Кыргызстандагы ар бир үчүнчү баладай эле жөн гана жанын багуу үчүн эрте эле иштеп баштаган. Ал майда көмүрлөрдү жана көмүр чаңын электен өткөрчү, ал эми чаңда табылган чоңураак көмүрлөрдү Мурат байкеси менен сатчу.

«Биз аны менен вагондо жашап иштеп жүрдүк. Ал жакта көпкө болгон жокмун, 2-3 ай, так билбейм. Андан кийин Мурат байке бир жакка кеткен. Ал бир жума же андан көпкө жок болду. Мен да анан вагондон кетип калдым», — дейт Сейтек кайгылуу үн менен. Ал учурда болжолдуу он жашта болчу.

Ишке жаштайынан тартылган бала

Сейтек Кызыл-Кыянын базарына он жашында барып калган — ал жакта кайсы бир убак иштеп Ошко кеткен. Шаарда ал кайра бир нече убакыт базарда иштемиш болуп жан багып жүргөн — сатуучуларга колунан келишинче жардамдашууга аракет кылган. Ал кол бала болгон, араба түртүп жүк ташыган, өз арбайын өзү тартып жүргөн. Бирок мындай жумуштарды аркалап кете алган эмес. Анткени оор жумуш үчүн кыска бойлуу жана арык болгон.

Ушул күнгө чейики өмүрүнүн көбүн, болжол менен 12ден 17ти жашка чейин, Сейтек элеттерде иштеп өткөргөн. Ал айылдагы ар кандай адамдардын үйүндө калып, аларга иштеп берип жүргөн. Бирок эч качан маяна алган эмес. Кээ бирөөлөрү эмгек акынын ордуна баш калкалоочу жай берсе, кээ бирөөсү тамак-аш берген. Кээде Сейтекке кийилген кийим-кече беришчү.

XXI кылымдын башында Сейтек окуганды, жазганды, эсептегенди жана орусча жакшы сүйлөгөндү үйрөнгөн. Баланы убактылуу баш калкалоого алган Эгемберди аттуу карыянын мугалим болуп иштеген кызы анын сабаттуулугун арттырууга жардам берген. Кичинекей бала башка үйлөрдө кожоюндардын балдарынын дептерлерине көз салып, эгер бир нерсени түшүнбөсө аларга суроо узаткан. Ушинтип ал кат тааныган.

Сейтек эч качан мектепке барган эмес.

Ал акыркы жолу Ош облусунун Ноокат районундагы Абшир-Ата капчыгайындагы айылдардын биринде бекер иштеген. Сейтекти ал жакка Жалаледдин аттуу киши чакырган. Сейтек үй жана чарба иштерине жардам берип, мал кайтарган. Ошол убакта бой жетип, жашы 17ге келген. Мындан ары кожоюнунан кетип, өзү үчүн иштөөнү чечкен. Сейтек Жалаледдин үчүн иштеп берген жылдары үчүн акы алган эмес, ошондуктан, кетип жатканда андан бир аз акча сураган. Бирок ал ага эч кандай акча бербесин жана аны эч жака кетирбесин айтат.

Сейтек качып кетүүгө мажбур болот. Ал айылдын жолунда ыйлап отурганда молдо көрүп калып чоң эле бала эмнеге ыйлап отурганына кызыгат. Өспүрүм ага окуясын төкпөй-чачпай айтып берет, молдо айылдыктардын ичинен бир нече адамды ээрчитип Жалаледдинге барып, балага маянасын төлөп берүүгө көндүргөн. Ошентип Сейтек маңдай тери менен тапкан алгачкы акысын алган — 10 миң сом.

Сейтекте курулуш бригадасы бар. Ал өзү ширетүүчү. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Сейтек акчасын алган соң Кара-Сууга жол тартып, ал жакта жергиликтүү базарда жүк ташуучу болуп иштейт. Бул жумуш ага кыйын эле — анткени ал арыкчырай болуп, начар да тамактанчу. Ошондуктан кийин ал базардан кетип, Жалал-Абадга жөнөйт. Ал жактан тагдыр аны Өзгөнгө курулушка, андан соң жайлоого, ал жактан кайра Жалал-Абадга алып барат. Бой жетип чоңоюп калган Сейтек ал жактан темир ширетүүнү үйрөнүп, кечтердин биринде көчөдөн болочок колуктусу Ферузаны жолуктурат.

Буга чейин Сейтек башка адамдардан айырмаланып тураарын аңдаган деле эмес. Бирок арадан көп өтпөй эле көрүнбөс адам экени байкала баштаган. Феруза экөөнүн ортосунда чүрпөлөр пайда болуп, аларды атасынын атына каттатуу муктаждыгы жаралат. Ал эми Сейтекте эч качан фамилия, алтургай анын жашоодо бар экенин тастыктаган кандайдыр бир документтер да болгон эмес. Ошентип Сейтек аларды калыбына келтирүүнү чечип, паспорт алайын деген ой менен паспорт берүүчү мекемеге жөнөйт.

«Мен документтерди оңой эле алса болот деп ойлоптурмун. Адамдар жөн эле паспорт столуна барат, ошону менен болду да. Мен деле баарын ошентип эле алам деп ойлогом. Анткени мен бармын да!» — деп колун жаят Сейтек.

Бюрократиялык капкан

Бюрократиялык туңгуюк айлампасына карай жол ушундан башталат: туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн аны жарандык ал-акыбалды каттоо мекемесине жөнөтүшөт, бирок анда туулгандыгы тууралуу медициналык маалымкат жок болгондуктан, ал жактан да аны куржалак кетиришкен. Сейтек жеке адвокаттарга да кайрылып көргөн. Бул үчүн кыйла чыгымга учураган, ал эми консультация, натыйжада майнапсыз болуп чыга берген.

Дегеле паспортту кантип алуу керектигин билүүгө жасалган кезектеги аракет учурунда Сейтекке «Балдарды коргоо борборундагы» Фатима Аллаяровага жардам сурап кайрылууга кеңеш беришет. Аллаярова 20 жылга чукул убакыт расмий катталбаган балдардын маселелеринин үстүндө иштеп, анын жардамы менен жыл сайын жүзгө жакын адам документке ээ болуп турган.

МККнын маалыматы боюнча, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүң болсо да паспорт алуу үчүн «Кыргыз Республикасына таандыктыгыңды ырастоо» үчүн өтө көп документтерди чогултуш керек. Эгер андай күбөлүк жок болсо, анда адам бюрократиялык капканга түшүп калат, анткени ал өзүнүн бар экендигин мамлекеттик мекемелер берген кандайдыр бир маалымкаттар менен ырасташы керек болот. Мисалы, поликлиникадан алынган медициналык карта же мектептен алынган документтер.

Аллаярованын айтымында, документтерге байланыштуу бул абалда, кандай гана тантык угулбасын, эгер Сейтек соттолгон адам болсо жеңилирээк болмок: бул анын өздүгүн аныктоого илинчек катары бааланмак. Бирок азыр мектептен берилчү документ да, поликлиникадан медкарта да, туулгандыгы тууралуу аныктама да, фамилиясы да жок.

Бюрократиялык машина менен сүйлөшүүдө Сейтектин тажрыйбасы мол, сот анын документтерин далай жолу кайтарган. Органдарга соттолбогону тууралуу сурамкат жөнөтүп, андан соң жарандык ал-акыбалды каттоо мекемесинен Феруза менен никеге турбаганы тууралуу аныктама алып келүү керектелген. Почта аркылуу документтерди жөнөтүү маалында ал документтер жоголуп кетип, аларды калыбына келтирүүгө туура келген. Андан соң Сейтек деген ат менен доо арыз берүүгө мүмкүн эмес деген жооп менен документтерди кайтарып беришкен. Буга Сейтек деген ат жок экени себеп болуп, кийинки доо арыз кайрадан колуктусунун атынан берилген.

Сейтектин колунда кенже кызы Айзада. Сүрөттө ал бир айлык. Наристе Феруза күйөөсүнө документтерди алуу боюнча доо арыз бергенде апасы менен кошо сотто да болгон. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Сейтек Ошко барып, ал жактан бала чактагы элесине таянып, чоң апанын үйүн, бала кезин билген адамдарды жана Сейтектин бар экендигин тастыктап берүүгө даяр болгон бардык тааныштарды табышы керек. Аялы, кайын энеси жана бир нече досу Сейтекти билебиз деген түшүнүк кат жазып беришкен. Алардын кээ бири Сейтекти 10 жылдан ашык убакыттан бери таанышат. Бирок мамлекетке андан да мурдагы күбөлөр керек. Маркум апанын туугандары же дагы башка тааныштары, кошуналары, кошуналарынын балдары, Сейтекти бала чагынан бери билишээрин тастыктап арыз жазып, паспортторунун көчүрмөлөрүн өткөрүп берүүлөрү зарыл.

Ошко барыш үчүн Сейтек жумушун үзгүлтүккө учуратышы керек болот — анын куруучулар бригадасы бар. Узап аткан кышта Сейтектин карызы көбөйгөн, анткени жумуш аз болуп, андан тышкары, үй-бүлө кененирээк жаңы үйгө көчкөн. Ал үй үчүн төлөш да керек, анын үстүнө Айзада жарык дүйнөгө келген.

Сейтек интернет аркылуу Оштогу эски тааныштарын табууга аракет кылып, бирок майнап чыккан эмес — элесиндеги жүздөр жылдардын өтүшү менен өзгөргөн. Сейтектин досторунун тааныштары телефон аркылуу көрсөтмөлөр менен барып, ал качандыр бир кезде жашаган жерди таап берүүгө да аракет кылышкан, бирок бул да жыйынтык берген эмес — шаарда көптөгөн жайлар кайра баштан курулган же сүрдүрүлгөн.

Сейтек эстутумунун жардамы аркылуу бала чагындагы үйдү же жок дегенде ошол үй турган жерди эстей алам деп ишенет. Бирок ал ошол апанын дарегин, анын фамилиясын да билбейт. Сейтек кайсы бир убакта ошол көчөдөгү үйдө жашаган беш жашар баланы эстей ала турган бирөө жарымды таба алышынан күмөн санайт.

Ошондуктан бар болгон ыкмаларды колдонуп, учур-учуру менен сотко доо арыз менен кайрылууга туура келүүдө. Акыркы үчүнчү жолу сотко Сейтек өзү эмес, жаңы төрөлгөн кызы жана аялы менен барган. «Күйөөм Сейтектин туулган фактысын орнотууну өтүнөм» деген арыз кароого алынган. Бирок үй-бүлө жакшы жыйынтык чыгаарына үмүт артпай деле калган. «Эгер сот арызды кайрадан кайтарып койсо, анда система менен күрөшүү аракеттерин токтотуш керек окшойт, ишеним деле түгөнө баштады», — деп кайгырат Сейтек.

Июлдун башында БУУ менен ЮНИСЕФтин Качкындардын иши боюнча агенттиги Кыргызстан дүйнөдө жарандысыздык, демек көрүнүксүз адамдардын көйгөйүн чече алган биринчи өлкө болгонун жар салган.

Өкмөт 2014-жылдын башынан тарта жарандыгы жок 14 миңге жакын адам бар экенин аныктаган — алар Сейтектин туулган кичи мекени Ош облусунда көп болгон. ЮНИСЕФтин өкүлдөрү 4-июлда «Кыргызстанда жарандыгы жок акыркы адамдарга» салтанаттуу түрдө паспортторду тапшырган. Бирок статистикада маанилүү кошумча жазуу бар: каралып жаткан жарандыгы жок адамдар — бул БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгы менен анын өнөктөштөрү аныктай алган адамдар. Ал эми эч ким аныктай электердин дагы канчасы бар экени — белгисиз.

Эң аз дегенде бир адамдын жарандыгы жок. Ал болжол менен 30да, өзүнүн фамилиясын, атасынын атын же туулган күнүн билбейт. Анын Сейтек деген гана аты жана беш баласы бар. Беш баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө «атасы» деген тилке бош бойдон турат.

Редактору: Катя Мячина

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков, Элвира Султанмурат кызы