Свердлов райондук сотунда саат 14:00дө Матраимовдордун доо арызы боюнча экинчи сот отуруму өттү. Отурум башталганына жарым саат өтүп-өтпөй эле Матраимовдордун адвокаттарынын өтүнүчү боюнча аяктады.

Матраимовдордун адвокаттары 24.kg басылмасы менен, балким «Клооп» жана «Азаттык» менен да тынчтык макулдашууга келүү үчүн убакыт сурашты. ЖМКлардын адвокаттары буга макул болушту. Кийинки сот отуруму 29-январда өтөт.

24.kg басылмасынан Матраимовдордун сунушун угууга макул болушту.

Матраимовдордун адовкаттары эгер журналисттер төгүндөгөн материал жазышса, тынчтык жолу менен макулдашууга келүүгө даяр экенин билдиришти. «Клооп» менен «Азаттыктын» жактоочулары журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды төгүндөөгө мүмкүн эместигин айтышты.

Матраимовдордун сотко доо арыз берүүсүнө «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында бажыдагы коррупция жөнүндө биргелешкен иликтөөсү себеп болгон. 24.kgнин иликтөөгө эч тиешеси жок, бирок ал жөн гана иликтөөнү өз сайтында баяндап берген.

Эгер иликтөөнү окуй элек болсоңуз, анда аны бул жерден окуңуз: Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар.

Аудио трансляция:

Сот отуруму кандай өткөн: