Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде тигил же бул саясатчыларды коргоп чыккан фейк аккаунттар абдан көп. Алардын саны «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин бажыдагы коррупция, аткезчилик жана Матраимовдор менен Абдукадыр кландары тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин бир топ көбөйгөн.

Kloop.kgнин фейсбуктагы барагын фейктер үчүн жеткиликсиз кылуудан мурда журналисттер эки ай бою фейктердин маалымат базасын түзүп чыгышты. Ошентип биз ондогон жалган аккаунттарды таптык. Алар соцтармактарда казакстандык, якутиялык же жапониялык адамдардын сүрөттөрүн колдонушкан.

Биз фейктерге да, чыныгы колдонуучуларга да шилтемелерди бердик жана оригинал аккаунттардан бот колдонгон сүрөттөрдү тапсаңыз болот. Солдо боттун аватары, ал эми оңдо фейк андан сүрөттү уурдап алган чыныгы адамдын сүрөттөрүнүн бири жайгашкан.


Фейк Султан Исаев. Ал өзү Оштон болоорун, бирок Бишкекте жашап, Славян университетинде окуй тургандыгын көрсөткөн. Анын барагында эки сүрөттөн башка эч кандай маалымат жок. Профили 2019-жылдын сентябрында түзүлгөн. Аватарына болсо Байконурда жашаган Бейбарыс Есбергеновдун сүрөтүн колдонгон.


Фейк Альбина Дайырова профилинде көрсөткөн маалыматына караганда, ал Бишкекте төрөлүп, МФЮАда окуган жана учурда «Аю Грандда» иштегенин жазган. Барагы 2018-жылдын августунда түзүлүп, андан бери эки гана сүрөт жүктөгөн. Алардын бирөөсү — аватары — алматалык Динара Гулиевага таандык.


Фейк Сания Карибжанова өз барагында бишкектик экенин, №6 мектепте жана КУУда билим алганын көрсөткөн. Профили 2019-жылы түзүлгөн. Барагында ондон ашуун сүрөт бар болгону менен алардын баары тең Актобеде турган казакстандык Меруерт Кулмурзага таандык.


Фейк Бакыт Манабваев социалдык тармакта 2019-жылдын ноябрында пайда болуп, өзүн №5 мектепти аяктап, учурда Бишкектин Славян университетинде окуп жаткан студент катары көрсөткөн. Анын профилиндеги эки сүрөт Якутскта жашаган Валерий Егоровго таандык.


Фейк Ринат Казиевдин аккаунту 2019-жылдын февралында түзүлгөн. Ал маал-маалы менен фейсбукта пост жазып турат жана өзүн Кочкордо төрөлүп, Кантта жашап жаткан адам катары көрсөткөн. Аватарына монголиялык модель Амганбаатардын сүрөтүн колдонот.


Фейк Гульзана Саликбаева болсо өзүн Бишкекте жашап, №29 мектепте, КУУда окугам деп тааныштырат. Аккаунт 2019-жылы түзүлгөн, ал эми аватар катары индонезиялык Наташа Вилона аттуу актердун сүрөтүн колдонот.


Фейк Улан Сыймыковдун аккаунтунда ал Ошто төрөлүп, ОшМУда окуп, Москвада жашап жатканы жазылган. Анын барагында посттор жок, бирок эки сүрөт бар. Алардын бирөөсү аватар жана ал казакстандык актер Асылхан Толеповго таандык.


Фейк Руслан Усенович болсо чыныгы колдонуучунун образын түзүүгө да аракет жасаган эмес — ал «Рекетир» тасмасынан кийин Кыргызстанда белгилүү болуп калган казакстандык актер Мурат Бисембиндин сүрөтүн колдонгон.


Фейк Эржан Султанов — бул чындыкка дал келбеген маалыматты тараткан жана анын реалдуу экенине күмөн санагандардын баары менен талашкан активдүү бот. Анын барагы 2018-жылы түзүлгөн жана андагы маалымат боюнча, ал медакадемияда иштейт. Профилинде посттор жок жана бир гана сүрөт бар, бирок сүрөттө жүзү так көрүнбөйт. Бирок ушундай эле сүрөт Атырауда турган Арман Сериков аттуу чыныгы колдонуучунун барагында да бар.


Фейк Сания Искалиева да реалдуу көрүнүүгө аракет кылган эмес — ал соцтармактарда атактуу болгон бангкоктук Джейд Ань аттуу кыздын сүрөтүн колдонгон.


Фейк Насыйкат Бакированын аккаунту 2019-жылы жайында пайда болуп, алгач аватары катары күчүктөрдүн сүрөттөрүн колдонуп келип, акырында инстаграмдагы блогер Асель Аскарованын сүрөтүнө токтогон.


Фейк Татьяна Кимдин профили 2019-жылдын октябрында түзүлгөн. Ал Славян университетинде окуп, учурда Бишкекте турганын көрсөткөн. Бирок анын аватарындагы сүрөт жапониялык Сакико Шимоного таандык.


Биз мисал катары башкалардын сүрөттөрүн өзүнүкү катары колдонгон 12 гана фейк аккаунтту келтирдик, бирок чынында алардын саны ондоп саналат. «Клооптун» маалымат базасында жүздөгөн фейктер бар: алардын бир бөлүгү башка колдонуучулардын сүрөттөрүн колдонсо, экинчилеринин аватарында жүзү даана көрүнбөгөн сүрөттөр турат, ал эми үчүнчүлөрү токойлордун, жаныбарлардын жана кыргыз желегинин сүрөттөрүн колдонот. Алардын баарын бир нерсе бириктирет — алар чыныгы адамдар эмес, алар мурдагы жана учурдагы аткаминерлерди таанытуу, жаңылыктарды жана иликтөөлөрдү дискредитациялоо жана чыныгы адамдарды кодулоо үчүн түзүлгөн боттор.

Авторлошу: Айдай Иргебаева