Баткендин башчысы жумушка галстук тагынбай келген окутуучуларды сындады

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров 22-январда Кызыл-Кыя шаарындагы БатМУнун педагогикалык институтунун жамааты менен жолугушту. Аталган жолугушуудан «Турмуш» басылмасы тасма жарыялады. Анда Мадумаров ишке галстук такпай келген мугалимдерди уяткарганын көрүүгө болот.

«Адам биринчи өзүнөн башташы керек. Мен мугалимдердин баары менен учурашып жатамын. Бирөөңөрдө да галстук жок, өзүңөрдүн жүрүшүңөрдү карагылачы. [...] Мына директоруңар костюм-шым кийип жүрөт. Силерчи? Мугалимдик немеңер [көрүнүшүңөр] жок. Ушинтип жүрсөңөр студенттерге кантип үлгү көрсөтөсүңөр?», — деп суроо салган ал.

Тасма: Турмуш басылмасы

Окутуучулар болсо галстукту сабак учурунда тагып жүрүшөөрүн, бирок учурда институттун имаратында оңдоп-түзөө иштери жүргөндүктөн галстуксуз келишкенин айтышкан.

Ал эми БатМУнун ректору Абдивап Зулпуев мугалимдерге кайрылып, эки күн мурун Мадумаров келээрин эскерткенин кошумчалаган. Ал эми Баткендин башчысы болсо «мен келбесем деле өздөрүн караш керек да» деп нааразы болгон.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл пединституттагы студенттерге түзүлгөн шарттарды «канаатандыраарлык абалда эмес» деп баалаган.

Өткөн жылдын январь айында Кесиптик техникалык билим берүү агенттигинин бөлүм башчысы Талантбек Тынысов Жогорку Кеңештин отурумуна свитер кийип келгендиктен депутат Алмазбек Токторов жана вице-спикер Мирлан Бакировдун жемесине кабылган. Вице-спикердин аракети коомчулукта нааразычылык жараткандан соң, ал аткаминерден кечирим сураган.

Ошондой эле депутат Жылдыз Мусабекова парламенттин отурумдарынын биринде айылдардагы мугалимдер мектепке «уй сааганы же кой кайтарганы келишеби» деп алардын кийингенин сынга алган. Кийинчерээк Мусабекова ага «айылдагы мугалимдер чалып, бул маселени көтөргөнү үчүн ыраазычылыгын билдиргенин» айткан.

Автору: Айзирек Осмон кызы