Фото: «Сейчас KG», Талант

«Сейчас KG» телеграм каналында өткөн жылы президент салтанаттуу түрдө ачкан Ынтымак паркынан тартылган сүрөт жарыяланды. Сүрөттөн аталган паркта 11 жылкы жайылып жүргөнүн көрүүгө болот. Мэриядан билдиришкендей, акимиаттын кызматкерлери паркка жөнөп кетишкен, бирок ал жакта жылкыларды табышкан эмес.

Ынтымак паркы жайгашкан аймагы боюнча Бишкектеги эң чоң сейил бактардын бири Ататүрк паркына кирет. Ататүрк паркынын эрежеси боюнча, паркта мал жаюуга тыюу салынган.

Ынтымак аталган жаңы парктын курулушу өткөн жылдын апрелинде башталып, аны курууга 82 млн сом кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА: