Карантинге жабылган Кытайдын Ухань шаары / instagram.com/athene.news

Материалдын түп нускасы орус тилинде Еврорадионун сайтында жарык көргөн. Биз анын кыргызчага котормосун сунуштайбыз. Автору — Мария Войтович.

Анжелика Зудина / Фейсбук

«Адамдар тамашага салганга аракет кылышууда, бирок бардыгы эле эмне болуп жатканын түшүнбөй жатышат. Бирок жеке мен өзүмдү кайсы бир апокалипсисте сезип атам», — дейт студент Анжелика Зудина. Ал Кытай бийлиги короновирустун чыгышынан улам 23-январда карантинге жапкан Ухань шаарында жашайт.

«Социалдык тармактарда көбүнчө орто жаштагылар жана андан улуулар оорушат деп баары бири-бирин жоошкотуп жатышат. Ал эми биз — жаштар кабатырланып атабыз. Кичине дүрбөлөңгө түштүк, бирок бир аз эле. Коомдук транспорт иштебей жатат. Шаарда бир нерсе чачышат деп бүгүн эскертишкен, ошондуктан саат 16:30дан 21:00гө чейин көчөгө чыгууга болбойт. Бирок мен ансыз деле үйдөн чыкпайм», — деп айтып берди Анжелика.

Анжелика алдын ала азык-түлүк алып койгонун, ошондуктан азырынча камылгасы жетиштүү экенин айтат. Эртең менен дүкөнгө досу барып келет.

11 миллион калкы бар шаар башка дүйнөдөн обочолонгон — Альберт Камюнун «Чума» романындагы Орандай.

Наталия Байдич / ВКонтакте

«Карантин жөнүндө маалымат чыгаары менен адамдар шаардан тез арада чыгып кетүүгө аракет кыла башташты, — деп айтып берген Еврорадиого дагы бир студент Наталия Байдич. — Кимдир бирөөлөр коңшу провинцияга чейин жетүү үчүн жеке айдоочу табышканын айтышууда. 3000 юанга [430$]! Азыр жолдор да жабык, ошондуктан чыгып кетүү мүмкүн эмес. Кайра артка жөнөтүшүүдө».

Эл карантин жөнүндө угуп алып супермаркеттерге жөнөштү. Бирок шопиң узакка созулган эмес: дүкөндөр биринин артынан бири жабылып жатат. Учурда шаардын борборунда милиция кезмет кылып жатат.

«Көбүн вируска караганда карантин сестентип койду. Бул канчага чейин уланаары жана качан шаардан чыгып кетсе болоору белгисиз, — дейт студент. — Жуктуруп алуу да коркунучтуу. Өзгөчө бөтөн өлкөдө жүргөнүңдө».

Игорь Шпырёв / Фейсбук

Игорь Шпырёв Ухань портунда менежер болуп иштейт. Ал обочолонгон шаардан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Көзөмөл өткөрмө пунктунда анын жана айдоочусунун ден соолуктарын сурашып, температурасын өлчөшкөн. Оорунун эч кандай белгилери болбогондуктан, аларды өткөрүшкөн.

«Температурасы барларды атайын аймакка барып токтоого жөнөтүп атышканын көрдүм», — дейт Игорь.

«Апокалипсис жана дүрбөлөң жок, — деп жоошкотот ал. — [Дүкөндөрдө] кысылыш эртең зомбилэнд баштала тургандыктан болуп аткан жок. Азыр Жаңы жыл алды болуп жатат. Бардыгы эле азык-түлүк алууга жетишпей калган. Мен деле азыр эгер кетип калбаганда азык-түлүк алып жүрмөкмүн. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок».