Бишкектик Михаил Дудин үстү музга айланган Орто-Токой суу сактагычын дрон менен видеого тарткан.

«Орто-Токой суу сактагычындагы укмуштуудай муз. Таза суу менен кышкы суук укмуштуудай узорлорду жаратууда», — деп жазган ал өзүнүн ютуб каналында.

Орто-Токой суу сактагычы Ысык-Көл жана Нарын облусунун чегиндеги Чу дайрасында жайгашкан. Бул Кыргызстанда курулган алгачкы суу сактагыч. Анын узундугу 18ге чукул километрди түзөт.

Кышкысын ал адамдарды, биринчи кезекте, үстүнө тоңгон көк жылгаяк менен тартып турат. Анын ичинде, ага чейин Бишкектен жетүү оңой — жол үч саатка жетпеген убакытты алат. Ал эми суу сактагыч калааны Нарын облусу менен байланыштырып турган жолдун жанында жайгашкан.

Бишкектеги «Перспектив Трэвел» турагенттигинде иштеген Аман Касымовдун айтымында, Орто-Токойго күндө миңге чукул адам келет.

«Алар суу сактагычтын жана тоолордун фонунда кооз сүрөттөрдү тартышат, бирок муздун үстүндө басып жүрүүгө болбойт — ал абдан жука жана жээк жактары гана музга айланган», — дейт Аман Касымов.