«Пикир» рубрикасында жарыяланган тексттер автордун жеке көз карашын чагылдырат.

Мен журналистмин, жашым 21де. Карьерам жаңы башталып жатса да акыркы жылы өлкөмдөгү эң маанилүү окуяларды чагылдырууга жетише алдым.

Саясат, адам укуктарын бузуу жана коррупцияны кошуп бир эле «Клоопто» 300дөн ашуун материал чыгардым. Мамведомстволордун басма сөз кызматтары менен сүйлөшүү — бул ишимдин ажырагыс бөлүгү.

Тилекке каршы, дал ушул жерден ишимде баарынан да жек көргөн нерселер кездешет — мисалы, басма сөз кызматтын улуу эле кызматкери жөн гана оройлук кылбастан, жашымды сурап, чектен чыккан кыйытмаларды айтат.

Артымда жүздөгөн тексттер жок болсо да, журналисттердин ичинен кимдир бирөө бул нерсеге татыктуу деп ойлобойм.

Буга көрүнүктүү мисал — менин УКМКнын басма сөз кызматкери менен маектешүүм.


«Эмне үчүн ушунча тойбоссуңар?»


«Эмне үчүн ушунча тойбоссуңар?» — деп бир жолу ал мага телефондон айтты. Анда мен андан пресс-релиз жөнөтүүсүн сурап жаткам.

«Кадимки турмушта ушундай болсоңор гана», — деп кошумчалады ал эмнегедир.

Дал ушул кызматкер менен башка бир маселе боюнча да сүйлөшүүгө аргасыз болдум — бүгүнкү күнгө чейин иштебей турган Бишкектин жер өтмөктөрүндөгү көтөргүчтөр тууралуу иш боюнча.

Август айында вице-мэр Уланбек Азыгалиев бир дагы көтөргүчтү жүргүзө албай, журналисттердин көзүнчө бир нече мүнөткө уят болгон. Ал мындан кийин УКМКга арыз жазган, ошондон кийин мен иш кандай жүрүп жатканын билүү үчүн атайын кызматка чалып баштагам.

6-декабрда атайын кызматка расмий кат жөнөтүп, ал жакта мени кызыктарган беш суроо узаткам. Январда катымдын макамы тууралуу билүү үчүн күнүгө чалып жаттым. Мага «Ал тийиштүү бөлүмгө жөнөтүлдү. Сурамда суроолор көп» же «Ал каралып жатат» деп жооп берип атышты.

22-январда көп күттүргөн сурамыма жооп беришти. Бирок кичинекей кат келген: «ЭКККМКга кайрылууңузду өтүнөбүз». Көрсө УКМК көтөргүчтөр тууралуу ишти 13-декабрда эле финполицияга өткөргөн экен, ал эми мага бул боюнча бир жарым айдан кийин гана кабарлашкан.

Алардын басма сөз кызматына чалып, кайрадан мени кайсы бир убакта кадимки турмушта тойбос көргүсү келген адамга туш болуп калдым.

«Эмне үчүн мага “Күнүгө маалымат чогултуп жатабыз. Суроолор мынча көп?” деп айтпай эле эки аптадан бери дароо эле сунуштама менен жөнөтүп коюуга болбойт беле», — деп сурадым андан.

«Айзирек, жашың канчада? Жаш экениң сезилип жатат», — деп күтүүсүздөн жооп берди да минтип кошумчалады: «Көрдүңбү, 21де экениң дароо көрүнүп турат. Болду, биз сага жооп бердик».


«Кел мындай, азыр “сиз милдеттүүсүз, андай-мындай” дебейли. Кайда чалып жатканыңды билесиңби?»


Мыйзам боюнча алар мага эки аптанын ичинде жооп берүүгө тийиш экенин айткандан кийин УКМКнын кызматкери кайсы жакта иштээрин эстетип өттү: «Кел мындай, азыр “сиз милдеттүүсүз, андай-мындай” дебейли. Кайда чалып жатканыңды билесиңби? Ишмердигибиздин өзгөчөлүгү боюнча кээ бир суроолорго жооп бербей коё алмакпыз. Дароо эле мынтип кекиртектен алган болбойт».

Мен бул маалыматта коомдук кызыкчылык бар экенин жана ал купуя деп эсептелбей тургандыгын айтып, ошол себептен УКМК мен жөнөткөн сурамдарга мыйзамда каралган мөөнөт ичинде жооп берүүгө милдеттүү экенин эскерттим.

«Коомдук кызыкчылык менен айрым тийиштүү органдар иштеши керек… Өзүң деле ойлонсоң, атайын кызмат кай жерди карашы керек? Көтөргүчтөрдүбү? Кел анда азыр туалетттерди карайлы», — деп жооп берди мага сен деп кайрылууга уруксат бербесем деле телефондун аркы бетиндеги кызматкер.

Мен үчүн ал кызматкердин аты ким экени жана буга чейин сөгүш уккан-укпаганы деле анчейин маанилүү эмес. Текеберлик мамилени башка көптөгөн адамдардан деле кездештирип жүргөм — алардын бардыгы укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушкан.

Мен ал адамдар үчүн жакын курбу жана мектептеги дос эмесмин, бирок мага суроолорума жарытпаган жоопторду беришкен мамилени көрүп келем.

Кээде так эле ошондой оройлук кылып же жооп ирээтинде «сен» деп кайрылгым келет, бирок аларга теңелип, адискөйсүздүк кылып же сезимдеримди ачууга алдыргым келбейт.