Жарым жылдан бери Кытайда, Вейфан деген чакан шаарда жашап жатам. Ноябрдан бери эле Кытайда Жаңы жылды кандай тосушаарын көрүш үчүн Шанхайга келүүнү пландагам. 22-январга билет алып, «Кытайдын Нью-Йоркуна» барууну чыдамсыздык менен күттүм.
Дал ушул учурда жаңы коронавирустун айланасында чуу көтөрүлөөрүн ким билиптир?
Учаарга бир күн калганда, 21-январда «кандайдыр бир вирус» тууралуу кептер жүрө баштады, бирок бул канчалык олуттуу экенин эч ким билген эмес. Бийлик таркатма каттарында бет тагынууну сунуштаганда кыраакы адамдар маскаларды сатып ала башташкан, бирок көпчүлүгү ага маани бербей, сунуштарын этибарга алышкан эмес.
А мен болсо хирургиялык бет каптар сатылып аткан күркөнүн жанынан өтүп баратып не бар-не жок ичинде 20 даана бет кабы бар таңгакты алып койдум. Эртеси күнү ошол кептер расмий ырасталып, адамдар социалдык тармактарда уу-дуу боло башташты, а мен болсо Шанхайга жөнөдүм. Ошондо анан мени менен кошо учуп бараткандардын дээрлик бардыгы бет капчан экенин көрдүм. А мен болсо аны бир күн мурда тагына баштаган элем.
Шанхайдын аэропортунда да баары маскачан жүрүшкөн, бирок эч кандай дүрбөлөң болгон эмес, эч кандай вирустарга текшерүү пункттары жок эле. Дароо такси кармап, Кыргызстандагы досторума жөнөдүм — каникул убагында алардын үйүндө болдум.
Жолдо баратканда эле «шанхайлык тажрыйбам», кыязы, орундалбачудай сезимдер пайда болгон.
Шанхайдагы биринчи күнүм дүрбөлөңсүз өттү — биз көчө кыдырып, көргөзмөгө, дагы бир нече жерге бардык, баары тынч болчу. Биз бараткан автобуста, көчөлөрдө жана көргөзмөдө адамдар аз болгон, болсо дагы бет капчан жүрүшкөн. Метродо да бет кап кийген бир-эки киши жүрдү. Кыскасы, ЖМКлар акыр заман болуп жатат деп сүрөттөп жаткан ойлорсуз эле үйгө келдим.
Анткени менен эртеси күндөрү чуу күчөй баштады. Расмий булактардан да, белгисиз булактардан да абдан көп маалымат пайда болду. Социалдык тармактар менен мессенжерлерде ар кандай мүнөздөгү фейктер тарап кетти — аларда вирус чындыгында канчалык коркунучтуу экени баяндалып, сандырак көмүскө кутумдар тууралуу айтылган.
Ал эми биз — кытайлар да, чет элдиктер да бир нече күн үйдөн чыкпай отурдук. Мен болсо төртүнчү күн үйдөмүн. Негизинен фильмдерди көрүп, ютубда отурдум — бул үчүн ВПНге рахмат.
Кытайлар да, чет элдиктер да — бир нече күндөн бери үйдөн чыкпай отуруп калдык.
Медиасабаттулук мүнөтү: Кытайда мен сыяктуу үйдө отурууга аргасыз чет элдиктер толтура. Кытайчылардын телеграмдагы чаттары жанданып, адамдар вирустун өзүн да, анын айланасындагы хайпты да талкуулай башташты. Чаттардын биринин бир нече катышуучусу маселеге карата толкундун шартында хайп жаратуу же болбосо фейк жараткычтарды мыскылдоону чечиштиби, айтор, алар «Вирус Вакандага жетти» деген өңдүү сандырак фейктерди жарыялашкан «Кытай Инсайттары» деген канал ачышты.
Кызыгы, канал ачылганына эки күн болсо дагы ага 2000ден ашык адам жазылган, ал эми анын постторун олуттуулукка умтулган ар кандай маалымат ресурстары дайыма колдонуп турушту.
27-январда шаарда дүкөндөр жана ресторандар жабылып жатат деп көбү жазып чыгышты. Мен ал маалыматтардын чындыкка дал келээрин текшерип отурбай, керек болуп калаар деп бир жумага жетеерлик соода-сатык кылдым. Дүкөнгө баратып коңшу көчөдөгү ресторандардын биринин кызматкерлери өтүп бараткандарга өтпөй калган продуктуларды сатып жатканын көрүп калдым, арзан сатып жатса керек. Адамдар көп болгон. Дүкөндүн ичинде, маңдайында, дефицит да, топтошкон эл да болгон эмес. Текчелерде товарлар көп болчу.
Соода кылгыча айланадагы адамдарды карап аттым, бири да калбай бет капчан деп деле айтпайм. Балким, мен көргөндөрдүн 80 пайызы бет капчан болушкандыр, калгандары — тагынбай эле жүрүшөт. Алар, кыязы, ойлонуп да коюшкан жок окшойт.
5-февралда Кыргызстанга барып, каникулдун калганын үйдө өткөрөйүн деп аткам. Бирок Шанхайда таптакыр эле кылаарга ишим жоктугун эске алып, билетимди 31-январга алмаштырып алдым. Үйгө Москва аркылуу келем, себеп дегенде Кытай менен чек ара 2-февралга чейин жабык.
Бул вирусту жуктуруп алдым деген кандайдыр бир кабатырлануу бар, келээрим менен тийиштүү кароодон өтөм. Оору менден алыс деп үмүттөнөм.