«Азаттык» жана «Клооптун» адвокаттары Бишкектин Свердлов райондук сотунан банктан Айэркен Саймаити жана анын жубайынын Матраимовдордун үй-бүлөлүк фондуна акча которушканын ырастаган документтерди талап кылып алууну өтүнүштү.

Адвокаттар банк документтерин суратып алдыруу тууралуу өтүнүчтү 29-январда болуп өткөн Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн кыргыз ЖМКларына каршы доо арызы боюнча үчүнчү сот отурумунун учурунда жасашты.

Судья Жылдыз Ибраимова бул өтүнүчтү «ачык» калтырды — бул сот анын негиздүүлүгүнө көзү жеткенден кийин гана канааттандыраарлык деп табылат дегенди түшүндүрөт.

«Азаттыктын» адвокаты Акмат Алагушев өтүнмөдө журналисттерди кызыктырган конкреттүү банктык акча которууларды көрсөттү. «Клооптун» адвокаты Фатима Якупбаева эмне үчүн судья буга карабастан өтүнмөнү ачык калтырганын түшүнбөйт — себеп дегенде Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн юристтеринин көпчүлүгү натыйжада ЖМК тараптын бул сурамына каршылык деле кылышкан эмес.

«Эмне үчүн судья биздин өтүнүчүбүздү ачык калтырганы түшүнүксүз: мындай маалыматтарды каалаган банктан соттун талабы аркылуу гана алса болот, өтүнүчтү талаш-тартышты бардык жагынан кароо үчүн канааттандыруу зарыл. Мындай тыным биз үчүн — кызык коңгуроо, анткени атаандаштарыбыз каршы эмес болчу, ал эми биз болсо сот үчүн башка жол менен алуу мүмкүн болбогонду сурап жатабыз. Бул эшикти кармап туруунун эмне кереги бар?» — деп билдирди Якупбаев сот отурумунан кийин.

Эмне үчүн банктык маалыматтарды суроо керек?

Өткөн жылдын аягында жарык көргөн «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин иликтөөсүнө ылайык, Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Исмаил Ата» коомдук фонду бери эле дегенде 2016-2017-жылдары Айэркен Саймаитиден акча алып турган.

Саймаити өзүн акчалардын изин жашыруу боюнча адис деп атаган. Киши колдуу болгонго чейин өткөн жылдын ноябрында ал жубайы Вуфули Бумайлияму менен кошо Матраимовдордун үй-бүлөсүнө акча которгонун айткан. Бул Хабибулла Абдукадырдын суранычы менен болуп турган. Хабибулла Абдукадыр — жасалма документтер боюнча Кытай менен Борбор Азиянын ортосунда товар ташуу менен иштеген көмүскө карго империясынын башчысы.

Матраимовдордун фондуна түшкөн акча которуулар кайрымдуулук катары көрүнүшү керек эле. Чынында, Саймаитинин айтымында, ошол убакта бажы башчысынын мурдагы орун басары болуп турган Райымбек Матраимов адалсыз жүк ташууларды калкалап турганы үчүн ага болгон ыраазычылык эле.

Саймаити журналисттерге Матраимовдордун фондуна банк которууларды ырастаган документтердин түп нускаларын жана сүрөттөрүн берген. Алардын бир бөлүгү иликтөөнүн ичинде жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү.

Буга карабастан, Матраимовдордун юристтери иликтөөдө далилдер болгон эмес деп көшөрүшүүдө. Эгер Матраимовдордун фондунун эсептери ачылган кыргыз банктары Саймаитинин акча которууларын ырастап беришсе, анда бул сот процессинде бурулуш жасаган учурга айланып калышы мүмкүн.

Бүгүн сотто дагы эмнелер болду?

Матраимовдор декабрь айынын ортосунда «Азаттык», «Клооп», 24.kg басылмаларын жана журналист Али Токтакуновду сотко берген. Алар «Азаттыктан» 22,5 млн сом, 24.kgден 15 млн сом, «Клооптон» 12,5 млн сом жана Токтакуновдон 10 млн сом кун талап кылышкан.

Иликтөөгө катыштыгы жок, бирок өз баянамасын чыгарган 24.kg басылмасы менен Матраимовдор бул аптада доо талаптарын жарым-жартылай чакыртып алуу боюнча өз ара келишишкен.

24.kg бул иште жоопкер катары калып жатканы менен, Матраимовдор мындан ары алардан компенсация талап кылбайт жана сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Ошентип, Матраимовдор ЖМКлардан талап кылган кундун жалпы суммасы 45 млн сомду түздү.

«Азаттык» жана «Клооптун» адвокаттары да иштин Ленин райондук сотуна өткөрүлүүсүнө жетишүүгө аракет кылышты, себеп дегенде жоопкерлердин жарымы — «Азаттык» жана Али Токтакунов — калаанын Ленин районунда катталышкан.

Бирок судья Ибраимов бул өтүнүчтү четке какты.

Ошол эле убакта, отурумга аз убакыт калганда «Чек арасыз репортёрлор» (RSF) эл аралык уюму ЖМКларды коргоп билдирүү чыгарган. RSF доону «сандырак» деп атап, Свердлов райондук сотун аны четке кагууга чакырган.

«“Азаттык” жана “Клооптун” журналисттерине коомдук кызыкчылыкка жооп берген жана жалпысынан Кыргызстандын жарандык коомун стумилдаштырган журналисттик иликтөөсүнө байланыштуу доо коюлуп жатканы сандырак», — деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Аудио эфир:

Эгер сизге аудио трансляцияны угуу ыңгайсыз болсо, төмөн жакта тексттик трансляцияны окуңуз⬇️

Тексттик трансляция: