Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 2019-жылдын февраль айында болуп өткөн көк бөрү оюнунун видеосун жарыялады.

Видео атка минүүгө аракет кылып жаткан парламенттин спикери Дастан Жумабековду тартуудан башталат. Жумабеков экинчи аракетинен кийин гана атка минет — мында ага жакында турган киши жардам берет.

Жумабеков оюнга кирише алышы үчүн дагы эки киши ага туруктуу отурууга жардам берген.

Ибраим Нуракун уулунун айтымында, спикерди мыскылдоо максатында буга чейин монтаждалган видеону таратышкан.

« [Видеонун] монтажы жок версиясын көрө аласыздар. Аттан ким гана кулабасын», — деп түшүндүрөт Нуракун уулу Жумабековду колдоп.