Өкмөт балдарды руханий өнүктүрүүгө багытталган тасмаларды тартууга каражат бөлдү

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өкмөт тасмаларды тартууга 30 млн сом бөлдү. Анын 20 млн сомуна балдарды руханий жактан өнүктүрүүгө жана тарбиялоого багытталган, мекенчилдик темасын чагылдырган тасмалар тартылат. Ал эми калган каражат эки сериал тартууга жумшалат.

Министрликтен жакынкы күндөрү тасма тартууга сынак жарыялана турганын жана аны атайын түзүлгөн комиссия карап чыгаарын билдиришти.

Кинематографисттер союзунун төрагасы Айбек Дайырбеков «Азаттык» басылмасына аталган каражат тасмаларды тартууга аздык кылаарын билдирген.

«Факты боюнча карай турган болсок кино тууралуу мыйзам боюнча киного бюджеттин 0,01% бөлүнүшү керек эле. Жыл сайын эле кино тармагына бул сумма толук бөлүнбөй, мыйзам аткарылбай келет. Чындыгында 30 миллион сом аздык кылат. Мындан да көп бөлүнүшү керек эле», — деген Дайырбеков.

2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланган. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков быйыл балдарга өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекет аларга ар тараптуу колдоо көрсөтөөрүн айткан.