Колорадо штатындагы Денвер аэропортунда коопсуздук көзөмөлүнө кезек. Сүрөт: Томас Хоук, «Фликр», лицензия Creative Commons.

АКШнын президенти Дональд Трамп бир катар өлкөлөрдүн жарандарына имиграциялоого чектөө койгон тизмесин кеңейтти — тизмеге Кыргызстан да киргизилген.

Бирок Трамптын кара тизмесине кирген калган беш жаңы өлкөлөрдөй сыяктуу эле чектөөлөр иммиграциялык визаларды берүүгө гана тиешелүү болот.

Кыргызстандын жарандарында мындан ары деле иммиграциялык эмес сапарлар үчүн Американын визаларын алууга мүмкүнчүлүктөрү болот — анын ичинде иш сапарлары же туризм үчүн берилген кеңири жайылган В тибиндеги визалар бар.

Трамптын жарлыгы 21-февралда күчүнө кирет. Бул убакка чейин берилген иммиграциялык визалар жокко чыгарылбайт.

Кыргызстандан тышкары, миграциялык чектөөлөргө Нигерия, Эритрея, Мьянма, Судан жана Танзаниянын жарандары дуушар болушкан.

Трамтын администрациясы түшүндүргөндөй, чектөөлөр «АКШнын минималдык коопсуздук талаптарына жооп бербеген же АКШ менен мыйзамсыз иммиграцияны алдын алуу жаатында кызматташпаган» өлкөлөргө каршы киргизилип жатат.

Беларус кечирилди

Башында чектөөлөргө талапкер катары Беларус да каралып жаткан, бирок акыркы учурда АКШ президентинин администрация бул өлкөнүн жарандарына чектөө киргизбөөнү чечкен.

«Бир нече өлкө, Беларусту кошуп чектөө тизмесине киргизилген эмес, себеп дегенде алар АКШнын коопсуздук талаптарына ылайык келген чараларды көрүшкөн же башка мамведомстволор биздин тышкы саясат үчүн кедергеси тийип калат деп аларды тизмеге кошпоону суранышкан», — деп келтирет «Уолт Стрит Жорнал» гезити АКШнын Ички коопсуздук департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Чед Вульфтун айткандарын.

Иммиграцияга чектөө киргизүү тууралуу жарлыктардын биринчилерине Трамп 2017-жылы эле кол коюп, алардын күчү кыйла катаал болгон.

Ал кезде Корей Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) жана Сириянын жарандарына АКШга кирүүгө толук тыюу салып, ал эми Иран, Йемен жана Сомалинин жарандарына жеткиликтүү визалардын тизмесин кыйла кыскарткан — мисалы, ирандыктар ошол убактан бери АКШга студенттик визалар менен гана кире алышат.

Жарлыктын эң виринчи версиясы 2017-жылы АКШнын ичинде кандай катуу сынга кабылса, анын сыртында да ошондой эле сынга алынып, кошумча Американын аэропортторунун аймактарында каршылык акцияларынын жаралышына түрткү болгон.

Дароо бир нече штаттын сотторундагы талашуулардан кийин, тагыраагы 2017-жылы мартта, Трамп буга чейинкисинин ордуна келген жаңы жеңилдетилген жарлыкка кол койгон.

Вашингтондун «Даллес» аэропортунда нааразычылык акциясына чыккан адам «Биздин кошуна мусулмандарды жакшы көрөбүз» деген плакат кармап турат. Сүрөт: AFP/Getty Images.

«Дискриминация жана расизм»

Сынчылар — айрыкча демократ саясатчылар менен укук коргоо топтору — 2017-жылдагы тыюуларга да, Кыргызстан кошо кирип калган 2020-жылдын жаңы чектөөлөрүнө да нааразы болушууда.

«Орусияда абийирсиз адамдар бар, абийирсиз адамдар Кытайда да бар, бирок бул өлкөлөргө кандайдыр бир чектөөлөр киргизилбейт», — деди Техас штатындагы аймактын атынан сүйлөгөн Америка Конгрессинин өкүлдөр Палатасынын демократ депутаты Шейла Жексон Ли.

Чектөөлөрдүн башка каршыларштары сыяктуу эле аны Трамптын мындай жарлыктарга негизинен Африка өлкөлөрүнө же калкынын басымдуу бөлүгү мусулмандарды түзгөн өлкөлөргө карата кол коюп жатканы нааразы кылат.

«Бул жарлыктар — карамандай эле дискриминация жана расизм», — деп эсептейт эл өкүлү Жексон Ли.