Арт: Александра Титова

Биздин команда бир ай бою Кыргызстандын бардык аймактарынан тойдогу кошумча тууралуу онлайн сурамжылоо жүргүздү. Берилген жоопторго жасалган биздин анализ, көпчүлүк эл каалоосу жана каражаты жетишпестигине карабай, тойлорду калтырбай бара тургандыгын көрсөттү.


Той өткөрүүдөгү шарттар боюнча өз ара көмөктөшүү катары кошумча адаты иштейт. Акыркы учурда бул коомчулукта мөөнөтсүз насыя катары жүргүзүлөт. Анткени тойго алынып барылган белек, кошумчалар өзүнчө блокнотко түшүрүлүп, суммасы аты-жөнү менен кошо жазылып турат. Бул тизме той ээсинин кийин ал акчаларды кайтарышы үчүн пайдаланылат


Биз тойдогу кошумчалар боюнча, кеңири изилдеп көрүү үчүн биз 400 адамдын пикирин чогулттук. Анализ, кошумчанын көлөмү адамдардын тапкан кирешесинен көз каранды эмес экенин көрсөттү. Себеби айына 20 000 миң айлык алгандар орточо жылына кошумчага 35 000 миң сом коротушат. Бирок айына 60 000 миң сомдон көп киреше тапкандар, жылына орточо 42миң сомдон ашпаган суммада кошумча кошот. Жыйынтыгында аз айлык алгандар, көп тапкандарга караганда кирешесинин көп бөлүгүн тойлорго коротушат. Демек жазылбаган тойдогу кошумча системасы кирешесин аз жарандарды ансыз да жакырчылыкка түртөт.

Аялдар аз акча тапканы менен тойлорго көп каражат коротушат

Алардын бири 42 жаштагы Гүлнара эже. Ал Ош облусунун айылдарынын биринде мугалим. Эки мөөнөт менен иштеп, айына 12 миң сом айлык алат. Бирок, жылына 10дон кем эмес тойго чакыруу алат. Ал тойдон баш тарта албайт жана кур кол да бара албайт. Анткени, туугандарынын арасынан «чыгып калуудан» коркот.

«Эң жакын адамдардын жакшылыгына барганда да жылына 10дон ашуун тойго барам. Алардын көбү уул үйлөө, кыз узатуу, мааракелер. Кеминде 2 миң, көп дегенде 5 миң сомдон кошом. Айлыгыма күзүндө 2-3 тойго барып калсам болду. Калган жыл ичи ошол карызды жабуу менен өтөт. Үйүңдө балдарын ачка болсо да, кийими жок болсо да, тойго барышың керек. Антпесең жоро-жолдош, тууган уруктан чыгып каласың», — дейт Гүлнара эже.


Айлыгыма күзүндө 2-3 тойго барып калсам болду. Калган жыл ичи ошол карызды жабуу менен өтөт


Шарттын жоктугуна карабай, жоктон бар кылып тойго каттаган жалгыз Гүлнара эже эмес. Аялдар эркектерге караган тойлорго көп барышат. Мындан тышкары эркектерге караганда, жылына орточо 4 миң сом көп кошушат.

Бирок, кошумчаны бөлүштүрүп келгенде үй-бүлөдө теңсиздик орун алат. Анткени аялдын туугандарына караганда, үй кожоюнунун туугандарына көбүрөөк берилет. Антрополог Алтын Капалованын пикиринде, үй-бүлөдөгү бюджетти бөлүштүрүү да кыргыз коомчулугундагы аялдарга болгон мамилени билдирет.

Арт: Александра Титова

Биз кыз узатуу тоюу менен үйлөнүү тоюна кеткен чыгым менен түшкөн кошумчаны салыштырып көрөлү. Быйылкы күздө Зарина менен Марат баш кошушту. Кыз тарап кыз узатуу өткөрдү, бала тарап болсо үйлөнүү той.

Алар биз менен баардык чыгашаларын жана кошумчаларын эсептеп чыгышты. Кыз узатуу тоюнан түшкөн каражат кеткен чыгымдарынын төрттөн бир бөлүгүн да жаппай турганы билинди. Ал эми күйөө тараптын тоюна түшкөн каражат, уул тойдун чыгымынын үчтөн бир бөлүгүнө көмөк болот. Жыйынтыгында кошумчаны кошууда да өз ара теңсиздик бар.

Карызга өткөн той

Мээрим адаттагыдай эле алтын зер буюмун ломбардга тапшырганы баратат. Айлыкка чейин дагы бир жума бар. Айдын аягында эч бир таанышынан акча табуу мүмкүн эмес. Ал өткөн жумада эле эжесинен көмүргө карызга акча алган. Ал эми азыркы акча күйөсүнүн тууганынын тоюна алып баруу үчүн керек.


Тойго ал жалгыз барат. Анткени 1500 сом кошумча менен жолдошуу экөө чогуу баруусу же эркектин өзүнүн баруусу «уят» деп саналат


«Жакшы дагы “тоябрь” айлары аяктады. Ушул карыздар менен кийинки той сезонго чейин кутулсак керек. Эми мындан ары шаштыны ала турган көп той деле өтпөйт», — дейт ал.

Антрополог Капалованын айтымында коомдогу формалдуу эмес каржы катнаштар - бул бири бирине жардамдашуунун, сөзсүз акча топтоонун системасы. Бул мамлекет тараптан калкка социалдык камкордук жетишпегендиген пайда болгон.

Бирок, аталган акча айлануу системасы дайым эле бири бирине жардам берүү эмес. Учурда кыргыз коомчулугунда бул күндөн күнгө күчөп, «муктаждык сферасынан» «мажбурлоо сферасына» өзгөрүүдө.

Балдарына эмес, конокторго коротулган акча

Арт: Александра Титова

Шабдан байкенин жети баласы бар, алардын көбү үй-бүлөлүү. Бирок, тапкан кирешесинин көбү кошумчага коротулат. Он миң сом пенсиясы жана чарбадагы кирешесинин көпчүлүк бөлүгү тойлорго жумшалат.

«Биздин өзүбүздүн катташтарыбыз бар - тууган, классташ, группалаш, кесиптештер, достор. Эми кудалар кошулду, анткени балдар биринчи орунда. Эгер кызым уул төрөсө, бешик тойго тай беришим керек, эгер кыз төрөсө - торпок. Андыктан жашка карабай иштешим керек», — деп түшүндүрдү ал.

Шабдан ата биздин изилдөөбүздө аныкталган дагы бир жагдайга айкын мисал - канчалык үй-бүлөдө балдар көп болсо, ушунчалык алар кошумчага акча көп коротушат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, жакырлар катарына кошулуп калуу коркунучу жогору. Бул үй-бүлө жалгыз иштеген мүчөсүнө оордук кылып, табылган кирешени балдар арасында бөлүштүрүп келгенде эң төмөн көрсөткүчтү көрсөтөт.

Биздин эсеп боюнча орточо кошумча бир айлык негизги жашоо минимумдун 62%н түзөт.


Башкача айтканда ар бир адам жарым ай ушул акчага балдарын бага алат


Эмне кылыш керек?

Кошумча берүү же болбосо кошпоо, бул ар бир адамдын өз эрки. Бирок биздин сурамжылоодогу адамдарын жарымынан азырагы кошумча берүүнү колдошкон. Анын ичинен төрттөн бир бөлүгү калыс пикирлерин билдиришкен. Ал эми үчөө каршы болушкан. Бирок жыйынтыгында баары бир 98%ы кошумча бере турганын тастыкташкан. Демек коомчулук азырынча бул салтты токтотууга даяр эмес.

Кыргызстанда тойлорду чектөө боюнча, дээрлик жыл сайын маселе көтөрүлөт. Мисалы, 2011-жылы ошол кездеги депутат Каныбек Осмоналиев, парламентте, үйлөнүү үлпөт тойлорун, мааракелерди өткөрүүдө, 200дөн ашуун адамды конокко чакырууга тыюуу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. 2015-жылы болсо бул суроо, министрлер кабинетинде ошол убактагы вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиеванын катышуусунда талкууланган. Ошол эле 2015-жылы ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев той кортеждеринин саны 5тен ашпашы керектиги жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон.

Тойлорду чектөө, же ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча маселелер коңшу өлкөлөрдө да көп көтөрүлөт. Учурда Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Тажикстанда той-топурга мыйзам аркылуу 2017-жылы чектөө киргизген. Аны бузгандарга ири өлчөмдө айып салынат. Мыйзамга ылайык, жергиликтүүлөр чектелүү сандагы конокторду чакыра алат, тойдун узактыгы да кыскартылган. Бул мыйзам ысырапкорчулукту жана той өткөрөм деп карызга баткандарды токтотот деп айтылган.

Ал эми Кыргызстанда да бул көйгөй байма-бай көтөрүлүп келгени менен, демилге Жогорку Кеңеш депутаттарынан колдоо таппай келет.

Социолог Абдукайым Жусубалиеванын айтымында азырынча муну мыйзам менен тыюуу мүмкүн болбой жатат. Бул маселени чечүү үчүн ар бир адам өзүнүнүн аң-сезимин даярдашы керек.

«Той салт болгону менен кошумча салт эмес да. Салт деген элеге пайда алып келгидей болуш керек. Көпчүлүгүнүн айлыгы тойго акча алып барганга арта бербейт. Ошондуктан ар бир адам, өзү ойлонуп эл эмне дейт дебестен жыйынтык чагырып, аң сезимине сиңирип мамиле кылуу керек. Менин оюмча бул мыйзам менен деле тыйылбайт. Той өткөргөн адам да кошумча күтпөстөн, эгер жакшылыгында элден бата алгысы келип жаткан болсо, конокторун чын жүрөктөн гана чакыруу керек», — дейт социолог Абдукайым Жусубалиева.

Бул материал USAIDдин каржылык колдоосунда Интерньюс ишке ашырып жаткан Медиа-К долбоорунун ачык маалыматтар менен иштөө багытынын алкагында Анастасия Валееванын ментерлиги астында Дүйнөлүк Банк, DFID, IDEM менен өнөктөштүктө даярдалды. Авторлордун пикири Интерньюстун жана өнөктөштөрдүн пикирин билдирбейт жана алардын позициясына дал келбеши мүмкүн.

Материалды даярдагандар: Айдай Беделбек кызы, Саадат Төлөгөнова

Редакторлору: Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева, Мырзайым Жаныбек кызы

Иллюстративдүү сүрөт: Александра Титова