Материалдын түп нускасы «Азыркы учур» сайтында орус тилинде жарык көргөн. Биз анын кыргызча котормосун сунуштайбыз. Макаланын автору — журналист Алина Жетигенова

Кыргызстанда жана Казакстанда улгайган ата-энелер уулунун тун баласын өздөрүнө алып, багып алган салт бар. Баланын жынысы маанилүү эмес. Аны жөн гана тартып алып, тууган апасына көрсөтпөй да коюшат. Мындай окуя бала жаңы төрөлгөндө же ал бир нече жашка толгондо орун алышы мүмкүн.

Мени менен да ушундай эле болгон. Эки жашымда апам шаарга экзамен тапшырууга кеткен, атам болсо ошол эле жакта мугалим болуп иштечү. Мени чоң энем менен эжем карап калды. Ата-энем бир нече аптадан кийин келишти, бирок чоң энем мени кайра берүүдөн баш тартты. Алар ата-энем экенин түшүнчү деле эмесмин. Чоң энемди апа деп, ал эми өз атамды «аке» (байке), апамды болсо «жеңе» деп атачумун. Аларга менден кабар алууга жумасына бир жолу гана уруксат беришчү. Атам апама караганда мени менен көбүрөөк баарлашчу. Ал мени бир жактарга алып барып, апама мени кучактатып, өптүрчү. Алардын бул кылгандары мен үчүн жат болгону үчүн, кыйкырынып, чапкыланып, аларды тилдеп, таш менен урчумун. «Жеңем» андан качып атканымды көрүп ыйлап кала бергени да эсимде.

Беш жашымда чоң энем дүйнөдөн кайтып, биологиялык ата-энем мени жанына алган. Ата-энем жашаган шаар гидроэлектростанциянын кызматкерлери үчүн курулуп жаткан, ал жерге жумушчуларды бүткүл СССРден чакырышчу. Алардын баары, кыргыздарды кошуп орусча сүйлөшчү. Ал кезде таптакыр орусча билчү эмесмин, орусча сүйлөгөндөрдүн баарын «орус» деп ойлочумун. Айылда мага: «Тил укпасаң орустар алып кетип, сени жеп салат» дешчү. Бала бакчада «жеп кетишпесин» деп уктагандан коркчум.

Биз жашаган төртүнчү кабаттан, балкондон коркчум, унитаздан агызылган суунун добушунан да коркчумун. Айылда төрт тарабы дубал, полунда бир тешиги бар эшиктеги ажатканага барчубуз. Кийин классташым көздөрүм үчүн «тоодогу Маугли» деп атап жүрүшкөнүн айтып берди.

Бирок ата-энем мени бир эле унитазга отурууну, калем сап кармап, китеп окууну гана эле эмес, аларды «ата-апа» деп атоо керектигине да үйрөтүүгө аргасыз болду.

Азыр ата-энеме, кенже иним менен сиңдилериме абдан жакынмын. Бирок көпкө чейин бул үй-бүлөгө тиешелүү эмесмин, бир күнү башкасына алып кетишет деген туюм кетпей жүрдү. Чоң энемдин көңүлүн оорутуп албайын деп өз апама сезимимди айтуудан тартынчумун. Туугандардан апаң «таштап» кеткен, ошон үчүн чоң энең менен эжеңе өмүр бою ыраазы болушуң керек деген сөздөрдү угуп тургам.

«Бала төрөгүч»

Тун баланы улгайган туугандарга берүү салты казактар менен кыргыздар чоң үй-бүлө болуп жашап, ата-эне менен жалпы чарба жүргүзүшкөн мезгилдерде калыптанып калган.

«Биринчиден, эмгекти бөлүштүрүү деген нерсе бар болгон: бир боз үйдө же турак үйдө жашап жатканда жаштар мал, курулуш же дагы башка оор жумуштарды аткарышчу, ал эми карылар — кичинекей балдарды, өзгөчө улуу балдарды карап калышчу. Алар балдарга көңүп же байланып калып, таптакыр кайтарып бербей да коюшчу. Мындан экинчи себеп келип чыгат — социалдашуунун жана бош убакыттын жоктугу. Улгайган адамдар эмне кылаарын билбей зээригип, ошол себептен өздөрүн небелерине кам көрүү менен алаксытышкан. Үчүнчүдөн, ошол убакта балдар өлүмү көп болуп, кайын эне жаш келинге баланы жакшы багаарына ишенчү эмес», — деп түшүндүрөт антрополог Алтын Капалова.

Анын айтымында, кыргыз-казак маданиятында келинге «этияттык, алтургай кастык» менен мамиле жасалат. «“Келин” деген сөздүн өзү эле “келген”, “башка үй-бүлөдөн, кландан, башка уурудан келген” дегенди түшүндүрөт, — дейт Капалова. — Ишенимге татыш үчүн ал келин үй-бүлөдө көпкө чейин жашоосу керектелген».

«Бул патриархалдык системада бала эркектин үй-бүлөсүнүкү болуп эсептелип, ал эми аял “бала төрөгүчтүн” ролун аткарган». Эгер кокус эки жаш ажырашып же күйөөсү кайтыш болуп калса баланы энесине бербей коюшчу. Кайненин көзүнчө балага мээрим көрсөтүү сыйлабастык деп эсептелген. Балага “Сасыган десе, кайра энең жыттанып келдиңби” деп айта алышчу», — деп белгилейт антрополог. Мындан тышкары, неберелер эмгек ресурсу катары каралган. Карыялардын балдары бир жакка кеткенде неберелер чарбага жардам берип калышчу.

«Муну берип, өзүбүзгө башкасын төрөп алабыз»

65 жаштагы Кундуз аттуу кыргызстандыктын үч баласы бар. Улуусу 45те, бирок ал Кундузду апа катары көрбөйт жана аны менен дээрлик байланышпайт.

Кундузду 18 жашында күйөөгө ала качып кетишкен. Ал эки жылдан кийин төрөгөн. «Күйөөгө тийгенденден кийин эки жыл бою төрөбөй жүрүү ошол кезде кыргыз үй-бүлөсүндө кылмышка тете эле. Ар кимиси келип алып ден соолугуңа эмне болду, эмнеге күйөөңө бала төрөп бере албай жатасың деп сурай беришчү. Бирок тааныбаган жана тандабаган адам менен жакындашууну каалабайт элем. Бактыга жараша, ал каалоом жок болсо мага тийчү эмес». Наристелүү болгонго чейин эле кайната-кайненем баланы алып алышаарын айтышчу. Бирок Кундуз күйөөсүн баланы бербөөгө көндүрөм деп үмүттөнчү. «Алты айлык боюмда бар кезимде күйөөмдү баланын келечеги жөнүндө олуттуу сөзгө тартканым эсимде. Ал мага “Ата-энем зээригип атбайбы, мунусун берип коёлу, өзүбүзгө башкасын төрөп алабыз” деген. Ошондогу таарынычым менен ызаамды айтып жеткире албайм», — деп эскерет Кундуз өткөн күндөрүн.

Баламды төрөлгөндөн соң үч айдан кийин эле алып кетип калышты. Кайната-кайненем алыс жашагандыктан, апта сайын аларга баруу кыйын эле. «Бирок барган күндө деле баланы көпкө кучактап, аны менен сүйлөшө алчу эмесмин. Карыялар абдан кызганып, капа болушчу».

Арадан бир нече жыл өткөндөн кийин Кундуз дагы бир эркек бала төрөп, бирок тун уулуу кайнене-кайнатасынын колунда чоңоюп атканын кабыл ала алган эмес. «Күндөрдүн биринде ачуумду кармай албай калып, бардым дагы баланы бербесеңер үйүнөрдү өрттөйм деп кыйкырдым.

Артыман күйөөм келип, мен да боздоп, ал да ыйлап жатты. Кеч киргенге чейин кайната-кайненемдердин үйүнүн алдында отурдук. Андан кийин шаарга экинчи уулубузду тарбиялап, үчүнчүсүн төрөөгө кайтып келдик». Кундуз ажырашып кетүүнү ойлонгон, бирок анда ал тун уулун көрө албай калмак: «Бардыгы ага апаң таштап кеткен деп айтып коюшмак».

Кундуз күйөөсү жана кенже балдары менен айылга тун баласына келип турушканы менен балдарынын ортосунда өз ара ынтымак жок болчу.

«Биз калаада жашап аттык, кенже балдарды мыкты мектептерге, музыкага, спорт ийримдерине бердик, чет тилдерди окуп жатышты. Ал эми тун уулум жашаган айылда мектеп билим берүүсү менен өнүгүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок болчу. Улуу балам инилеринен уялчу, кичүүлөрү андан коркушчу».

«Бир жолу үй-бүлөбүз менен Ташкенге барууну чечтик. Кайненем бизге балабызды алып барууга уруксат берди, бирок уулум өзү баш тартып койду. Ал 13 жашта эле, өзү чечим кабыл ала алмак. Машинага отуруудан качып, бизге кыйкырып чуркап кетип калды. Ташкенде бир жума бою мейманканада ыйлап жаттым».

Аскар ата-энесиникине техникумга тапшырганда 15 жашында кайтып келген. Бирок жаңы үй-бүлөсүндө ага ыңгайсыз болгон. «Башында абдан козголоң чыгарып жүрдү. Бир күнү эки кичинекей балам менен түшкөн сүрөттөрдүн бардыгын сындырып салды».

Техникумду аяктагандан кийин ал жумуш таап, жатаканага көчүп кетти. Учурда Аскар үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Ал чоң эне, чоң атасы менен тыгыз байланышта, ал эми өз ата-энеси менен өзү да, анын балдары да мамиледе эмес.

«Ата-энемден кайра балдар үйүнө жеткирип салууну сурандым»

Серик ата-энеси ага улуу агасы бар экенин жана ал жакында алар менен чогуу Казакстандын түндүгүнө келип жашай турганын айтканга чейин өзүн үй-бүлөдө жалгыз уул деп эсептеп жүргөн.

«Үчүнчү класста окуп жаткам, ошол Амир тууралуу эч качан уккан эмесмин. Короодо чогуу ойногон дос кызга айтып бергеним эсимде, ал болсо ата-энем балдар үйүнөн жетим баланы алып келишет экен деп түшүнүп алыптыр. Капа болгондун ордуна кубансам керек. Анткени эки адам болгондо жыргал да», — дейт ал.

Бирок мен күткөндөй болгон жок. Балдар бир бөлмөдө жашап, экөө ар башка нерселерге кызыгышчу. Эки жашка улуу агасын Серик менен бир класска беришкен: «Класста эң эле кичүүсү мен болсом, ал эң эле улуусу болчу, ошол эле маалда анын бою узун, мушташчаак болчу. Эч ким менен сүйлөшчү эмес, жөн гана мушташа берчү». «Бир күнү ал жакшы көргөн оюнчугумду сындырып салып, ата-энемден аны кайра балдар үйүнө жеткирип салууну сурандым. Ошондо анан атам экөөбүздү отургузуп алып казактардын тун неберелерди багып алуу тууралуу салтын кеңири айтып берди», — деп улантты маегин Серик.

Учурда Серик 40 жашта. Агасы менен жакын мамиледе: «Бирок ымалага келип, түшүнүшүп, бири-бирибизди жакшы көрүп калыш үчүн көп убакыт талап кылынды».

«Күйөөгө тийбей калган эжеме берип салышты»

Розаны улгайып калган жалгызбой эне тарбиялаган. Бирок ал Роза 16 жашка толгондо өз өмүрүн кыйган. Өспүрүм кыз бул окуядан кийин гана маркум аял апасы эмес, алыскы тууганы экенин билген.

Роза бир жаш кезинде, үй-бүлөнүн аксакалдары аны ата-энесинен алып, ал учурда жашы 40тан ашып күйөөгө тийбей калган эжесине берүүнү чечишкен. Ал наристени алуудан баш тарткан. Бирок баланы аялдын үйүнүн дарбазасынын алдына таштап кетишкен.

«Бул баяндамадан кийин баары өз ордуна келди. “Апамдын” мага жасаган мамилеси жетишээрлик суук эле. Ачуусу келгенде мени туугандарыныкына кетирип салчу. Мен аларды “байке-эже” дечүмүн. Алар чоң атам жактан алыскы туугандар экенин билчүмүн. Мен кээде алар жана алардын балдары менен айлап жашачумун. Апам келип кайра алып кетчү, кийин кайрадан жеткирип койчу», — деп эскерет Роза.

Көрсө алар «байке-эже» эмес эле, Розанын биологиялык ата-энеси болчу экен. Роза алар менен 16 жашында гана чогуу жашап баштаган.

«Улгайып жалгызбой аялдын колунда атасыз чоңоюп-өсүү — бул анчейин деле жаман эмес. Алтургай мектепте мунун үстүнөн тамашалашканына деле кеп эмес. Бирок үйгө келгенде, маал-маалы менен сени шаардын башка түбүнө жеткирип, туугандардын үйүндө белгисиз мөөнөткө калтырып, кабагы ачылбаган апаңды көрүү — бул абдан оор. Анан муну аз келгенсип, үстөккө-босток болуп ал апам эмес экени, эми ата-энемдин мени ага жөн эле берип коюп, алтүгүл ошого кайыл болушканына — жарылып эле кеттим. Үч жыл бою “эжем” жана “байкем”, тагыраагы биологиялык ата-энем психологго алып барып жүрүштү», — дейт ал.

Азыр Роза 34 жашта. Ал Алматада жашайт.

«Биринчисин бермейинче экинчисин төрөөдөн баш тарттым»

Искенди (ысымы өзгөртүлдү) атасынын эне-атасы түз эле төрөт үйүнөн алып кетип калышкан. «Апам түнкүсүн ыйлап, ден соолугум үчүн кабатыр болгонун айтып берген. Мен алсыз жана арык болчумун, чоң ата, чоң энем “ыйык жерлерге” алып барып жүрүштү, бирок эч нерсе жардам берген жок. Кийинчерээк ата-энем врачка алып барып, көрсө жөн эле курттар бар экен ичимде», — деп эстеди ал.

Анын апасы биринчисин кайтарып бермейинче экинчисин төрөөдөн баш тарткан. Ата-эне баласын арадан беш жылдан соң гана «ал абдан зирек, аны шашылыш түрдө мектепке бериш керек» деген жүйөө менен кайтара алган.

«Атам түштүктүн уулу катары мени алып кетип жатышканына карышылык кылган эмес экен. Бирок азыр тилим чыккандагы биринчи сөздөрүмдү, биринчи кадамымды, жашоомдун биринчи жана маанилүү жылдарын көрбөй калганына өкүнөт», — дейт Искен.

Искендин апасы Кыргызстандын түндүгүнөн, ал эми атасы түштүктөн. (Кыргызстанда турмуш-тиричиликте аймактарга бөлүнүү жана түндүк менен түштүктүн тургундарынын ортосунда тиреш кездешет).

«Үй-бүлөлүк чыр чыккан. Атамдын туугандары андан тескери бурулуп кетишкен, алар үчүн атам аялынын сөзүнөн чыга албаган адам болуп калган. Атамдын туугандары мени “аркалык” (Кыргызстандын түштүгүндө түндүктүктөрдү ушинтип атап коюшат) дешчү, бирок түндүктө “сарт” болчумун (Кыргызстанда бул сөз мазактоо же кемсинтүү болуп болуп эсептелет, аны өлкөнүн түштүгүнүн тургундарына карата колдонушат)», — деп айтып берди Искен.

«Анан ошол сарт, аркалык, шаардык жана айылдык эмес мен чоң ата, чоң энемди сагынганым менен бул тууралуу айтуудан жана ата-энемди таарынтып алуудан коркчумун. Алар деле мени ал жакка жибербей калышты, кайра алып алышат деп ойлошчу», — дейт 31 жаштагы Искен.

«Баары алдап жүрүшкөн»

«Анын чачы меникиндей тармал болчу. Бою узун, мурду так эле меникиндей. Алар мага абдан жакчу! Мен кыялданып, алар жөн гана байке жана анын аялы эмес экенине кандайдыр бир түшүнүп турчумун. Кайсы бир убакта, 10 жашымда, туулгандыгым тууралуу күбөлүктү текшерип, бул жөн гана фантазия эле экенин түшүндүм. Ал жакта ата-энем катары мени мээрим төгүп караган жаш жана шайыр жубайлар эмес, улгайган жана олуттуу ата-эне көрсөтүлүптүр», — деп эскерет казакстандык Асем.

Ал биологиялык ата-энеси жашаган шаарда эле чоң эне, чоң атасынын колунда өскөн. Атасынын ата-энесинин үч улуу баласы болгон, ошондуктан алар кыздуу болгусу келген. Улуу баласы кыздуу болгондо алар аны дароо эле алып кетүүнү сунушташкан.

Асемдин апасы Элмира чечимине өкүнөөрүн айтат, бирок ошол учурда күйөөсү экөөнү балага ушундай жакшы болот деп ишендиришкен. «Казактарда кайнене менен кайнатага каяша айтса болбойт, а бул жакта болсо илим жана искусствонун адамдары болуп жатпайбы. Мен алардын алдында өтө катуу уялып кысылгам, мындайда алсыз элем. Алар экөө тең акчалуу, байланыштары бар 43 жаштагы кадырлуу жетекчилер эле, бири-бирин жакшы көрүп, колдоп турушчу. Алардын шаардын борборунда ээн батири, машинасы бар, бош убактысы көп адамдар. Асем төрөлгөндө жашым 21де, күйөөм 20да эле. Биз окуп, батир ижарага алып, колубуздан келишинче кошумча акча иштеп тапчубуз. Дагы төрөйсүңөр, азыр жашсыңар дешкен алар».

Асемдин «байкелери» жума сайын аялдары, балдары менен алардыкына конокко келишчү. Эң улуусунун балдары жок болчу. Ал жана анын аялы ага көп көңүл бөлүшчү — анын «ата-энеси» жумушта кармалып жатканда аны бала бакчадан алып кетип, мектептеги «утренниктерге» дайыма келип, «анын сүйүүсү, кайгыруу же кубанууларын, кыялдарын айыптабастан эле уга алышчу».

Кыз тартиби катуу үй-бүлөдө тарбияланган. Анын күн тартиби жада калса дем алыш күндөргө чейин жазылган — балет, пианино, хор жана ат спорттук жарыш мектебине барчу. Чоң атасы менен китеп окуп, аны чоң энесине баяндап берип, үчөө шахмат ойноп, олимпиадаларга даярданышчу. Чоң ата, чоң энеси кыздын тамактануусу менен ден соолугуна көз салышчу. Ал кичинекейинен тарта эле дары-дармектердин аттарын жана диеталарды билген. «Алар тумчуктургудай гипер камкор адамдар эле, жароокер жана жумшак деп деле айта албайсың, бардык нерсеге олуттуу мамиле кылышчу. Бирок алар тартипке үйрөтүшкөнү үчүн ыраазымын. Чынында, мурда ушунун бардыгынан улам далай эле жолу үйдөн качып кетким келчү».

Асем 14 жашка толгондо «байкеси менен жеңеси» кыздуу болгон. Ал бул жаңылыкты угуп ачууланган бойдон үйдөн качып кеткен. Ошондон кийин Асемди кыз кылып багып алышканын айтып беришкен. «Мен үчүн бул өтө эле катуу тийген нерсе болгон жок. Болгону мени мунун бардыгын көрүп, угуп, түшүнүп, сезип тургандай болгонум менен алдап жүрүшкөнү капа кылды».

Азыр ал өзүнчө жашайт. Үй-бүлө мурдагыдай эле чоң эне, чоң атасынын үйүндө чогулат. Ал аларды дагы деле «апа» жана «ата» дейт, «байкеси» менен «жеңесине» барып турат, кээде сиңдисин карап турат.

«Кесепети бар зомбулук»

«Эгер бала ата-энесинин макулдугу менен чоң энесинин колунда өссө — бул башка кеп. Ал эми эненин баласын көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо — бул бардык жактан алып караганда зомбулук», — деп түшүндүрөт психотерапевт Диана Похилько.

Жада калса эгер чоң ата, чоң эненин шарты мыкты болгон болсо да, бул эртели-кеч бүтөт деп улантат доктор: «Бир маалда эле “атасы” менен “апасы” таптакыр эле алар эмес экен болуп чыгат. Бул ирээттүү өтүп аткан адаттагы дүйнөнү жоготуу, жеке иденттүүлүктү жоготуу, өзүңдү жоготуу. Бала алыстай баштайт, себеп дегенде ал үчүн бул саткынчылык сыяктуу — бардыгы билип туруп айтышкан эмес дегендей кеп. Бул өтө терең жаралантат».

Үй-бүлөгө андан ары көнүү кыйла оор деп белгилейт Похилько: «Алар жакындар да эмес, чоочун да эмес. Айрыкча эгер үй-бүлөдө чоңойгон кенже ини-карындаштары болсо. Үйдүн кичүүлөрүнө жок жерден эле пайда болуп калган улуу агасын же эжесин кабыл алуу оор, ал эми алардын өздөрүнө башкаларга берип салышканы жана жакындары менен көрүшүп же баарлашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып коюшканы ызалуу».

Кызгануу, ачуулануу, көңүл калуу, жалгыздык, күнөө, уялуу, ыза жана коркуу — бул, психотерапевттин айтымында, терапияда жаралган темалардын тизмеси. Мындай балдар ушундай жараларга туш болушат.