Уральск — Казакстандын түндүк батышындагы чек арага чектеш тарыхый шаар жана Орусияга барчу жолдогу маанилүү өткөрмө пункт. Бул жер кыргыз номерлүү оор жүк унааларынын айдоочуларынын баш оорусуна айланган, анткени алар текшерүүнү күтүп жумалап туруп калышат.
Эгер бажы кызматкерлери маалымат базасынан айдоочулардын номерлерин же жүк ташуу боюнча документтерин таппай коюшса, анда алар кайра Бишкекке, Кыргызстандын борборуна кайтып келүүгө аргасыз болушаарын билишет. А бул болсо 2500 километр.
«Алар жалпы базадагы системада жүктү көрбөй калган учурлар абдан көп болгон, алар бизди кайра артка жөнөткөн учурлар да болгон», — дейт Кыргызстандын соода палатасынын өкүлү Талантбек Маткерим уулу. Ал сүт азыктарынан баштап пахтага чейинки ар кандай нерселерди экспорттогон компаниялар менен иштешет.
Жүктү жеткирүүнү кечиктирүү кымбатка туруп калышы мүмкүн, бул өзгөчө тез бузулган продукцияларды ташыгандарга тиешелүү. Кыязы, Маткерим уулу OCCRPнин журналисттерине кабарлагандай, бул маселе кыргыз жүк унааларына гана терс таасир этет. Өлкөнүн Орусия, Казакстан жана Беларус менен бирге ЕАЭБге мүчө болушу — мындай кырдаалды жаратпашы керек эле.
Чечим табылгандай сезилген. Кыргызстан 2015-жылы жалпы экономикалык аймакка киргенден кийин, Орусия жакырыраак өнөктөшүнө начар өнүккөн инспекциялык, бажы жана маалымат инфраструктуранын жаңыртылышына 200 млн доллар грант берген. Дээрлик 12 млн доллар Кыргызстандын транспорт жана коммуникация министрлигине кеткен — ведомство 68 мамлекеттик агенттикти байланыштырып, жалпы маалымат базасы аркылуу биримдикке кирген башка өлкөлөрдөгү кесиптештер менен байланышты үзбөй кармап туруу үчүн маалымат алмашуу системасын түзүшү керек эле. Товар коңшу өлкөлөргө кедергисиз өтүп турушу үчүн система лицензияга жана санитардык инспекцияга көз салып турушу керек эле.
Бирок төрт жыл өткөндөн кийин Кыргызстандын көрсөтө алганы — бул натыйжасыз бажы маалымат базасы, мамсатып алуулардын бир нече көрүп алгыла деген өңдүү иликтөөсү жана экс-аткаминер Эрнис Мамыркановго каршы аягына чыга элек төрт кымыш иши. Бир кездерде транспорт жана коммуникация министринин орун басарлык кызматын аркалаган Мамырканов мамкаражаттарды коротуу жана аларды түзүүдөгү бузууларга айыпталган соң Кыргызстандан чыгып кеткен.
OCCRPнин Кыргызстандагы өнөктөшү болгон «Клооптун» колуна тийген документтер, Мамырканов мыйзамда көрсөтүлгөн процедураларды бузуу менен тендер өткөрбөстөн эле кантип келишимдерди түзгөнүн кенен айтып берет. Ошондой эле, бул документтер министрлик туура келбеген жабдууну жана программаларды жогорулатылган баа менен сатып алгандыгын, ал тургай кээде ээлик кылуу түзүмү ачык эмес компаниялардан сатып алганын көрсөтөт.
Мамырканов бул материалга карата комментарий берүү боюнча көптөгөн сурам каттарга жооп берген жок. Башкы прокуратура ага каршы эки кылмыш иши токтотулуп турганын, анткени Мамыркановдун жүргөн жери белгисиз болуп атканын тастыктады.
Күмөндүү келишимдер
Мурда Мамырканов жергиликтүү медиа жана өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп, бир убактарда улуттук санарип телевидениесин (ишке киргизүү мөөнөтү эки жылга кечиккен долбоор) киргизүү боюнча өкмөткө консультация берип жүргөн.
Мамырканов министрдин орун басары болуп дайындалгандан жарым жыл өткөндөн кийин эле аны бирдиктүү бажы маалымат базасын орнотуу боюнча дымактуу болгон миллиондогон IT долбоорду тескөөгө дайындашкан. 2015-жылдын октябрында демилгени журналисттерге түшүндүрүп жатып, Мамырканов система 2016-жылдын ортолорунда иштеп калат деп билдирген.
«Бизде Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына жана электрондук өкмөт куруу улуттук максаттарга туура келген толук кандуу байланыш электрондук системабыз болот», — деген ал ошондо.
Бирок Мамырканов журналисттерге, өкмөт ички иликтөө өткөргөнгө чейин үч ай мурда келишим түзүү жөнүндө чечимдер «долбоорду ишке ашырууга коркунуч жаратат» деген тыянакка келгенин айтып берген эмес.
2015-жылы курамына ички чалгындоо, санариптештирүү, экономика жана транспортко жооптуу аткаминерлер кирген өкмөттүн жумушчу тобу бир катар көйгөйлөрдү белгилешкен отчёт даярдашкан: анын ичинде Мамыркуловдун процедура жана эрежелерди кантип бузганы да айтылган.
Жумушчу топтун иликтөөсүнө ылайык, министрдин орун басары жалпы суммасы болжолдуу 9,3 млн долларды түзгөн келишимге кол койгон. Кээ бир учурларда ал милдеттүү тендер процедурасын өткөргөн эмес, ал муну долбоордун сырдуулугу менен түшүндүргөн.
Жумушчу топту мындай жүйөлөр ынандырган эмес. Ал отчётто баары бир деле маалымат системасы аркылуу эч кандай купуя маалыматтар өткөрүлбөшү керек эле деп жазган. «Биргелешкен системанын улуттук сегменттери аркылуу жашыруун маалыматтарды жөнөтүү азыркы учурда бир да Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөдө күтүлбөй эле турганын белгилеп өтүш керек», — деп жазышкан жумушчу топтун мүчөлөрү.
Аткаминерлерден турган топ Мамырканов жабдууну кандай баалар боюнча сатып алганын текшериш үчүн аудитор жалдаган. Аудиттин жыйынтыгы менен түзүлгөн отчёт ачыкталган эмес, бирок анын авторлору келишимде көрсөтүлгөн баалар болжолдуу 20 пайызга жогорулатылган деген бүтүмгө келишкен — бул тууралуу өкмөттөгү белгисиз калууну каалаган булак кабарлады. Анткени анын ички иликтөөнү талкуулаганга милдети жок.
Баалардын кымбаттатылганы долбоорго коркунуч туудурган жалгыз эле маселе болгон эмес. Иликтөө сатып алынган жабыдуулардын технологиялык спецификацияларында олуттуу көйгөйлөрдү аныктаган.
Мисалы, Мамырканов RRC Central Asia компаниясынан коңшу Казакстанда уруксат берилген, бирок Кыргызстанда авторизацияланбаган шифрлөө каражатын колдонгон жабдыкты сатып алууга буйрутма берген — ошону менен бирге аны колдонуу мүмкүн эмес болгон.
Андан кийин долбоор жаңы түзүмгө, тагыраагы маалымат технологиялар жана байланыш мамкомитетине өтүп кеткен. 2016-жылы бул ведомстводо ички кызматтык кат жазып, анда Мамырканов жабдууну жеткирүү тууралуу келешимге жеке өзү кол койгон деп жазган. Катта долбоордун кийинки фазасына жооп бере турган мамлекеттик «Транском» ишканасы бул жабдууну кабыл алуудан баш тарткан, натыйжада системанын ишке кириши жылдырылган деп жазылган.
Акчаны ким алган?
Жалпысынан Мамырканов 12 компания менен келишим түзгөн. Акчалардын көбүн алган беш компаниянын ичинен экөөсү офшорлор менен байланыштуу жана ээлери так ким экени ачык-айкын эмес.
Дагы экөө Кыргызстандын Башкы прокуратурасы козгогон кылмыш ишинде фигурант болгон. Андан сырткары дагы бир компания жогорку мансаптуу аткаминердин тууганына таандык.
Эң чоң жалданмачы RRC Central Asia компаниясы болгон. RRC ири эл аралык компаниясынын Казакстандыгы филиалы бир бөлүгү Кыргызстанда колдонууга жараксыз жабдуу үчүн 3,6 млн доллар алган. Компаниянын ээлик кылуу чынжырчасы эки орус IT-инвесторлор менен байланышы бар болгон Кипрдеги жана Британиянын Виргиния аралдарындагы офшор компанияларына алып барат. Өкмөттүк иликтөө бул компанияга 1,2 млн доллар ашыкча төлөнгөн деген бүтүмгө келген. Бул тууралуу өкмөттөгү булактан жана OCCRP жүргүзгөн келишимдин талдоосунан белгилүү болгон. RRS Central Asia комментарий берүү тууралуу көптөгөн сурам каттарга жооп берген жок.
Мамырканов жабдууну 2,2 млн долларга жеткирүү келишимин түзгөн Ultra-X компаниясы Investcom компаниясына таандык, ал эми Investcom болсо Harwich Commerce Limited жана Kenneth Trade Corp. компанияларына таандык — бул эки компания Британиянын Виргиния аралдарында Орусиянын консалтинг фирмасы катары катталган.
Kenneth Trade Corp. 2001-жылы катталган. Берүүчү акцияларына — атайын сертификаттын ээси гана компанияга ээлик кылат. Бул чыныгы менчик ээси дайыма жашыруун калат дегенди түшүндүрөт.
Аудитке ылайык, УКМКнын антикоррупциялык кызматы тарабынан салыктан качууга шектелген Ultra-X компаниясы 300 миң доллар ашыкча төлөгөн. Башында журналисттин чалуусуна жооп берген компаниянын башкаруучусу комментарий берүү өтүнүч каттарына жооп берген жок.
Кыргыз ишкери Кубанычбек Шейитов ээлик кылган Inter Alliance Ltd компаниясы бир күн ичинде жалпы суммасы 1,7 млн долларга төрт келишим түзгөн. Ал сервер жана программдык камсыздоолорду алып келип бериши керек болчу. 2017-жылы Башкы прокуратура ачкан кылмыш ишине ылайык, бул компаниянын кызмат акысы 250 миң долларга кымбаттатылган. Шейитов комментарий берүү тууралуу көптөгөн сурам каттарга жооп берген жок.
Башка жалданмачы, Eurasia Telecom Group компаниясы Кыргызстанда 263592 долларга келишим түзгөнгө чейин болгону эки апта мурда катталган. Ал IT-жабдууларын алып келип, бул жабдуулар орнотулушу керек болгон өкмөттүк имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек болчу. Башкы прокуратура кийинчерээк оңдоп-түзөө келишиминин баасы кымбаттатылган, ал эми бул компанияны каттаткан Фархад Гадеев алдамчы болгон деген тыянакка келген.
Башка кылмыш ишинде Башкы прокуратура Eurasia Telecom менен түзүлгөн келишим дээрлик 80 пайызга жогорулатылган деп божомолдогон. Кызматтык кат жазышууларга ылайык, бул компания Кыргызстанды бажы биримдигинин маалымат базасы менен байланыштырган порталды башкарышы үчүн Мамырканов ага дагы 190 400 доллар төлөгүсү келген. Транспорт министринин буйругуна ылайык, бул иштин үстүндө өкмөткө таандык «Транском» компаниясы иштеши керек эле.
Сот 2018-жылдын март айында бузууларга таянып, Eurasia Telecomдун электр байланыш кызматтарын көрсөтүүгө лицензиясын чакыртып алган.
Гадеев кандайдыр бир бузууларды четке кагып, өзүн адилетсиз куугунтуктун курмандыгы деп эсептейт. Ал келишимдер тууралуу кеңири суроолорго жооп берген жок.
Дагы бир кыргыз компаниясы, Ermex Group, кандайдыр бир укук бузууларга айыпталган эмес. Ал бажы маалымат базасын техколдоо, сервер, компьютер, программдык камсыздоо жеткирип берүү боюнча 727 700 долларга келишим түзгөн. Ал убакта агасы президенттик администрациянын башчысы болуп турган компаниянын ээси Эрмек Ниязов журналисттерге курган маегинде келишимди тендер аркылуу утуп алганын айткан. Ал тастыктоочу документтерди берүүнү сунуштаганы менен аларды ошол бойдон жөнөткөн жок.
Мөөнөттөрдөн кечигүү
2016-жылдын июль айында Кыргызстандын өкмөтүндө кайра түзүмдөштүрүү болуп, маалымат системалардын долбоордун үстүндө маалымат технологиялар жана байланыш мамкомитети иштеп баштаган. Бир ай өткөн соң, мамкызматта дээрлик эки жыл иштеген Мамырканов отставкага кеткен.
Ошол эле жылдын ноябрь айында бийлик биринчи жолу Мамыркановго каршы кылмыш иштери тууралуу жарыялаган. Бийлик аны «кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянат пайдаланууга», «Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы келген» мамсатып алууларды жүргүзүүгө жана келишимдерди түзүүгө айыптаган. Андан кийин экс макамдуу болуп калган аткаминерге башка кылмыш иштери да козголгон.
Прокурорлор иште орусиялык «Сигма» компаниясын да белгилеп өтүшкөн. Бул компания менен бажыдагы санитардык көзөмөлдөө системасы үчүн программаны жазууга келишим түзүлгөн. «Сигма» компаниясынын өкүлү Александр Староскольский транспорт министрлигин компаниянын кызмат акысын төлөбөй койгону үчүн сотко берген. Ал OCCRPинин журналисттерине айтып бергендей, долбоорду башкаруудагы «толук тажрыйбасыздыкты» ачыктагысы келген.
«Мен Кыргызстандагы мамлекеттик башкаруунун сапаты өзгөчө төмөн деңгээлде деп айта алам, — дейт Староскольский. — Толугу менен тартиби жок абдан төмөн квалификация».
Мамлекеттик каражаттарды ыксыз башкаруу жана максатсыз сарптоо айыптарына карабастан, система мерчемделген ишке берүү мөөнөтүнөн кийин бир нече жылдан соң гана майда-чүйдөлөп атып чогултулган. «Сигма» системадагы акыркы звено — санитардык инспекция үчүн программаны 2016-жылдын аягына койгон.
Бирок 2013-жылы айыл чарба жана тамак-аш продукцияларынын экспортёрлору катары аныкталган 167 кыргыз компаниясынын ичинен 63 компания гана бүгүнкү күндө чек ара аркылуу тоскоолдуксуз санитардык көзөмөлдөн өтө алат. Демек кыргыз өндүрүшчүлөрү үчүн бүгүнкү күндө деле бажы биримдигинин жалпы базарына кирүү мүмкүнчүлүгү чектелүү.
Соода палатасындагы Маткерим уулунун айтымында, системанын кармалуусу жана толук эмес иштеши кыргыз өндүрүүчүлөргө эки жактан сокку жасаган. Экспортчулардын айтымында, толук жетилбеген бажы инфраструктурасы алар үчүн чыныгы тоскоолдук болгон, бирок ошол эле учурда өлкөгө биримдиктин башка өлкөлөрүнөн продукциянын импорту күчөп, бул бааларды төмөндөтүп, жергиликтүү бизнеске сокку кылган.
Маткерим уулунун айтымында, оор жүк унааларынын айдоочуларына да жеңил болуп кеткен эмес. Кыргызстандын маалымат базасы кыргыз-казак чек арасында кандай начар иштесе, казак-орус чек арасында да ошондой эле начар иштейт. Мындан айрыкча тез бузулган продукцияларды ташыгандар жабыркап келишет.
Кыргызстан бажы биримдигинин курамында болгон жылдары өндүрүүчүлөр канча акча жоготушканы белгисиз дейт Маткерим уулу, бирок көбү товарды жөн гана өз убагында жеткире албагандыктан кардарларынан кол жууп калышкан.
«Ал эми логистикада мөөнөт баарынан маанилүү», — дейт ал.