Өзгөн районунда автокырсыктан жети адам каза тапты

Ош облусунун Өзгөн районунда 3-февралга караган түнү Lexus ES300 үлгүсүндөгү унаа электр мамычаны сүзүп өрттөнүп кетти. Кырсыктан жети адамдын өмүрү кыйылды.

Бул тууралуу «Клоопко» Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова маалымдады.

«Унаа алгач мамычаны сүзүп, андан кийин 2-3 жолу аңтарылып кеткен. Унаадагылардын баары эркек кишилер болгон деп айтылууда. Алардын баары өрттөн каза табышты», — деди Шерипова.

Министрликтен маркумдардын өздүгү жана кырсыктын себептери аныкталып жатканын кошумчалашты.

«Турмуш» басылмасы каза болгондор райондун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын тургундары экенин кабарлады. Алар кырсыкка улак тартыш оюнунан келе жатканда кабылгандыгы айтылууда.