Западное айылындагы башталгыч класстын окуучуларынын окуу корпусу

Чүй облусунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Западное айылында 25 жылдан бери мектеп курулбай келет. Айылда башталгыч класстар үчүн гана чакан имарат бар. Ал эми 50гө чукул чоң класстын окуучулары 5 километр алыстыктагы коңшу Жаңы-Жер айылына барып окууга аргасыз. 2016-жылы 37 млн сомго билим берүү мекемеси курулат деп убадаланган, бирок курулуш иштери дагы деле бүтө элек.

Западное айылы Бишкек шаарынан 40 километр алыстыкта жайгашкан. Аталган жерде жалпы 400гө чукул үй-бүлө жашайт. Негизги тургундарды 1993-94-жылы келип отурукташып калган тажиктер түзөт. Учурда алар талаа иштери жана мал чарбачылыгы менен алектенет. Ал эми айылда мектептин жоктугу, жолдун абалынын начардыгы өңдүү бир катар көйгөйлөр бар.

«Окууну таштаган балдар»

Айылда азыркы учурда орто билим алууга окуу жайы жок деп эсептөөгө болот. 25 жыл мурда айылдагы мектеп урап калып анын ордуна мамлекет тарабынан жаңы мектеп курулуп берилген эмес.

Тургундар жок дегенде жаш балдар окусун деп айылдын ортосунан бир үйдү сатып алышып, ал жерге башталгыч класстардын билим алуусуна шарт түзүшкөн. Бирок алар да 5-класска көчкөндөн кийин коңшу айылга барып окууга аргасыз болушат.

Башталгыч мектеп эки класстан турат жана мешке от жагуу жолу менен жылытылат. Бул имараттагы колдонулган буюмдардын көпчүлүгүн ата-энелер сатып же жасап беришкен. Учурда ал жерде 60 окуучу билим алууда.

Латифа Ражабаева Западное айылында жашаган 8-класстын окуучусу. Анын коңшу Жаңы-Жер айылына барып окуп жатканына төрт жыл болду. Аларды мектепке жеткире турчу атайын унаа уюштурулган. Ага окуучулар 20 сомдон төлөшөт. Анын айтымында, мектепке жетүү өтө эле кыйын жана бул сабактарына да терс таасирин тийгизет.

«Саат сегизде жолго чыгып маршруттук унааны күтөбүз. Кээде болсо ичи толтура болгону үчүн албай кетишет. Ал эми бизди мектепке алып барган атайын унаа сегиз жарымда айылдан чыгат, ал эми ал учурда биздин сабактар башталган болот. Кечигип келгенибиз үчүн мугалимдер урушат. Ушундай кыйынчылыктардан улам айрымдары окууну таштоого аргасыз», — дейт Латифа.

Латифа сабактан кийин үйгө жетүү да коркунучтуу дейт. Себеби, окуучулардын сабагы саат кечки 6да бүтсө, алар үчүн уюштурулган унаа беш жарымда кайтып келет. Мындан улам алар маршруттук таксилерди күтүүгө аргасыз. Ал эми маршруттук таксилер болсо 20 мүнөттө бир каттайт.

«Бир партада үчтөн отурушат»

Элеттиктердин айтымы боюнча мектептин курулушу төрт жылдан бери бүтпөй жатат. Мамлекет тарабынан 2016-жылы мектеп 58 млн сомго курулат деп пландалып, өз кызматы үчүн 37 млн сом сунуштаган «Кербенжол курулуш» ачык акционердик коому тендерди утуп алган.

Бирок мектептин курулушуна азыркы күнгө чейин 14 млн сом бөлүнүп, мектептин дубалынын 30%ы гана тургузулган. Мекеменин курулуп бүтүшү үчүн дагы 23 млн сом бөлүнүшү керек. Тургундар белгилегендей, курулуш токтоп калгандыктан шамал, жамгыр, кардан улам анын дубалдары урап баштаган.

«Мектепте бир партада үчтөн окуучу отурганга туура келет. Мындай шарттарда кантип сапаттуу билим алышат? Биздин сураганыбыз — болгону мектеп. Биз мекенибизди сүйөбүз, пайда алып келгибиз келет. Мектеп жок болсо, билим сапаты начар болсо, кандай пайда алып келе алабыз? Балдарыбыздын билим алууга укугу жокпу?», — дейт айыл тургуну Зумрият Резаханова.

Белгилей кетсек, азыркы курулуп жаткан мектептин ордунда мурда стадион болгон. Ал эми азыр айыл тургундарынын стадиону да, мектеби да жок болууда. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, бул дубалдар мектептин эстелиги сыяктуу тура бербей, жок дегенде стадион болсо тургундарга пайдасы көбүрөөк тиймек.

Жаңы-Жер орто мектеп-комплекси 850 кишиге ылайыкташтырылып салынган. Учурда бул мектепте 2000ден ашуун окуучу окуйт. Мектепте жалгыз эле Западное айылынан эмес, Ак-Жар, Нарбото, МТФ, Дача Су жаңы конуштарынан окуучулар келип билим алышат. Западное айылынан бул мектепте 5 мугалим келип иштейт, алар да жол жүрүүдө кыйынчылыктарды тартышканын айтышат.

«Мектептеги класстардын тардыгы, окуучулардын көптүгү — сапаттуу билим алууга кедергесин тийгизет. Бир партада үчтөн окуучу отурганга туура келет, эмеректер болсо эски. Негизинен Западное айылынан келип окуган окуучулар маршруттук такси албай коюп, жетишпей калып кечигип келишет», — дейт Жаңы-Жер мектеп-комплексинин мүдүрү Медилкан Шеримбеков.

«Курулуш качан бүтөөрү белгисиз»

2015-жылы Сокулук районунун Западное айылындагы мектеп «Жер үй» алтын кенинен түшкөн каражатка курулчу мектептин тизмесине кирген. Бир жылдан кийин капсула салынып курулуш иштери башталган. Бирок мектептин курулушу

төрт жылдан бери бүтпөй келет. Тургундар мектеп үчүн бөлүнгөн акча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жумшалган деп эсептешет.

Мектепти Чүй облусттук капиталдык курулуш башкармалыгы курдуруп жатат. Курулуш иштеринин токтоп тургандыгын мамлекеттик бюджеттен акчанын бөлүнбөй жатканы менен түшүндүрдү мекеменин башкы адиси Анарбек Сулайманов. 2020-жылында курулушту жандантууга бөлүнүп-бөлүнбөшү да белгисиз дейт ал.

«Тендерде мектептин курулушуна акча мамлекеттик бюджеттен бөлүп берилүүсүнө жараша деп көрсөтүлгөн. Ошого жараша календардык план түзөбүз. Эгер курулушка керек болгон каражат толук бөлүнсө, анда план да ошого жараша түзүлмөк», — деди башкы адис.

Ал бөлүнгөн акча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жумшалган деген пикирди четке какты. «Эгерде каражат бир объектиге бөлүнүп берилсе, аны башка жакка иштетүүгө эч кандай укугубуз жок», — деп түшүндүрдү ал.

Чүй облусттук капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адисинин айтымына караганда «Кербенжол курулуш» мамлекетке 6 млн сом карыз. Бул каражатты компания 2019-жылдын аягына чейин курулушка жумшашы керек эле.

«Кербенжол курулуш» ачык акционердик коомунун директору былтыркы жылы каза болуп, учурда анын иштерин кызы аткарып жатканын да белгилеп өттү. Материал жарык көрөөр алдында компаниянын учурдагы ээси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Авторлошу: Аэлита Максатбекова

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.