Сүрөт: Ажар Шабданова

Өпкө гипертензиясы, заманбап терапия, Кыргызстандагы артта калган медицина, денени кабылдоонун айланасындагы маданият жана Нидерланддын эли менен өкмөтүнө ыраазычылык тууралуу окуя.

Булардын баарын кезеги менен айтып берейин.

Мунун баары кантип башталган?

Университетти бүтүп жатып бир кезде дем алуум оорлоп калды. Бара-бара тепкичтен көтөрүлүү жана жумуштарым боюнча чуркоо оорлоп баштады. Кээде тахикардия башталып, аба жетпей, башым айланып, бир нече жолу эсим ооп жыгылып калган учурлар болду.

Ошол убакта, 2014-2015-жылдары мени менен жакын сүйлөшкөндөр өтө активдүү болуп жүргөнүмдү билишет.

Мен БААУнун PR кеңсесинде иштечүмүн. Мэрия жана эл аралык уюмдар менен биргеликте бир нече урбан долбоорлордун үстүндө иштеп, макала жарыялап, диплом жазып, конференцияларга барып, Европада окуу үчүн грантка даярданып, аны утуп алгам.


Жашоо кайнап, ооруканага баргыдай чамам жок болчу, жогоруда аталган симптомдордун бардыгын чарчагандыкка, уйку канбагандыкка, джетлаг жана 24/7 күн колум бошобогондукка шылтап койчумун.


Мен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терация борборуна жетип барганымда ал жактан мага даана эч нерсе айта алышкан жок.

Оорукананын шарттары өтө начар, бир нече сааттык кезек күтүү, бир бөлүмдөн экинчисине жүгүрүш керек болгону аз келгенсип, өпкөнүн басымын өлчөп көргөзө ала турган жалгыз аппаратты Төө-Ашууга алып кетишкен экен. Балким мен баяндоодон же терминологиядан жаңылып жаткандырмын, бирок факт деген факт боюнча калат — мага такыр жардам бере алышкан жок, жүрөктү жеңилдетүү үчүн заараны көп чыгаруучу дарыларды жазып берип, үйгө жиберишти.

Кийин университетти аяктап, бир жыл Польшада окуп жүрүп, магистратуранын алкагында Нидерландга, Утрехт деген чакан шаарга окууга келип калдым. Болжолдуу экинчи күн дегенде велосипедге отуруп, кайрадан эс учумду жоготуп жыгылдым.

Өзүмө келгиче, 2-3 мүнөттө айланамда өтүп жаткандар үймөлөктөп, тез жардамдын өктөм үнү угулуп турду. Мен тура калып, айланадагыларга бардыгы жакшы экенин айта баштадым. Чындап эле ошентип ойлогом, себеп дегенде жаңыдан эле 12 сааттык учуудан келгем. Тез жардамдын врачы ошол жерден дароо эле жүрөктүн электркардиограммасын алып, аны менен госпиталга текшерилүүгө барышым керектигин айтты, аны бир нерсе кабатырланып атты. Баш тарта баштаганым менен ал көшөрүп оюндагысын берген жок.

Дарылоо

Ооруканадан эмне болуп жатканын көпкө дейре түшүнө алышпай ал жакта дагы бир нече күнгө калтырып коюшту. Бир күнү кайрадан кыска убакытка ээсим ооп, жыгылып калдым. Бул ирет абалым кыйла начарлап кетти. Дарыгерлер катуу чоочулап, МРТдан тамырлардын коронарографиясына чейинки мүмкүн болгон бардык тесттерди улантышты.


Мага өпкө гипертензиясы деген диагноз коюшту. Өпкө гипертензиясы — бул өпкө артерияларындагы жогору кан басымы, себептери жөнүндө алдыда айтып берем.


Анда тишим сынып, башым ооруп жаткан мен мунун бардыгы эмнени айгинелеп атканын жана мындан ары беш мүнөткө чейин пландалган жашоом кандай өтөөрүн аягына чейин түшүнбөй жаттым. Бишкекте дарыланбай жүрүп алган бир нече жылда абалым кескин оорлоп кетиптир, мага шашылыш түрдө терапия дайындашты — эпопростенол.

Эпопростенол терапиясы бир бөтөнчө. Препаратты денемдеги сурөттөрдөн көрө аласыз. Бул инфузия, борбордук катетер, ал аркылуу эпопростенол келет — 24/7, дарынын келүү ылдамдыгы жана дозасы атайын аппарат менен жөндөлүп турат.

Сандар менен айтсак, Нидерландда өпкө гипертензиясы менен 900дөй адам ооруйт, дары терапиясы жылына 100 000 долларга чукул акча турат жана ал дарылоо үчүн жасалган акыркы иштелме болуп эсептелет. Терапция толугу менен нормалдуу жашаганга мүмкүнчүлүк берет, физикалык күч келгенде эс-учту жоготуп жыгылып калбаганга жана демди кыстыктырбоого көмөк берет.

Өлкө менеджментинде жогорку тажрыйбалуу адистер иштегендиктен, терапиянын чыгымы камсыздандыруу системасынын эсебинен жабылат. Айына белгилүү бир сумманы төлөйм, калган баасын камсыздандыруу каржылайт.

Студенттик кезимде, ал эми кийинчерээк «жогору интеллектуалдуу мигрант» (жумуш визасынын аныктамасы) болуп жүргөндө саламаттык сактоого укугуна ээ болуп, дартты аныктап, Нидерландда дарылануу бактысына ээ болдум, ал үчүн чексиз ыраазымын.

Салыштуу үчүн, Казакстанда да, Орусияда да өпкө гипертензиясын заманбап дарылоо жана аныктоо жок.

Сүрөт: Ажар Шабданова

Оорунун келип чыгышы жана эмне үчүн бул тууралуу билүү зарыл?

Менин учурумда өпкө гипертензиясы — идиопатиялык, тагыраагы, кайдан келип чыкканы белгисиз. Факторлор ар кандай болушу мүмкүн — бийик тоолуу басым, экология (!), тукум куучулук жана башкалар.

Илдеттин өөрчүшүнө түрткү болгон дарыкана жана базарларда ээн-эркин сатылган биологиялык автивдүү кошулмалардын, арыктоо үчүн дары-дармек/чайлардын, көзөмөлсүз ичилген витамин, антибиотик жана башка препараттардын ролун өзгөчө белгилегим келет. (Журналисттик иликтөө үчүн идея — Дордой базарына жана борбордук дарыканаларга барып, фигураны оңдоп-түзөө үчүн зыяндуу дары-дармектердин киришин ким көзөмөлдөөрүн сураштырып билип көрүү).

Мага диагноз коюлгандан кийин дарыгерлер арыктоо үчүн дары-дармек жана башка дары кошулмарын ичкен эмес белең деп бир нече жолу сурашты.


Жок, мен аларды эч качан ичкен эмесмин, менин абалыма эмне себеп болгону аягына чейин түшүнүктүү эмес, бирок айланамдагы адамдар өз өмүрүн тобокелге салып, ар кандай кошулмаларды жана суспензияларды ичишкен жана ичип келишет.


Суранам, эмне ичип, эмне жеп атканыңарга өзгөчө көңүл буруңуздар, анткени керемет чайлар жана таблеткалар ички органдарга зыян алып келиши мүмкүн. Аларды ичээрден мурда тастыктамаланган дарыгерлерден кеңеш алыңыздар.

Кыргызстандагы медицина

Айтып өткөндөй эле, бул ооруну көпкө чейин түшүнбөй жана кабыл ала албай жүрдүм. Мага жөн гана эле ооруканага жаткырып, бул препаратты сүйрөп жүрүүгө мажбурлап коюшкандай эле туюлган. Кийинчерээк себептери, кесепети жана терапия жөнүндө окуй баштап, биздин өлкөдө, Кыргыз Республикасында (бүткүл КМШ боюнча да) эч кандай адекваттуу терапиянын жоктугуна абдан өкүндүм. Өнүккөн өлкөлөрдө терапия бар болуп, адамдар эч бир чектөөсү жок нормалдуу жашоону улантып жаткан маалда адамдарды жөн гана үйлөрүнө жашоо менен кош айтышууга жөнөтүп коюшат.

Эң маанилүүсү — бул терапия жашыруун деп эсептелбейт, адамдарды тейлеп жаткан көптөгөн адистештирилген фармацевтикалык компаниялар бар. Маселе каржыда, логистикада жана врачтардын кабардар болгондугунда.


Мен башында пландагандай эле үйгө кайтып бармакмын, бирок анте албайм. Кыргызстанга кайта албайм, себеби өлкөбүз бул дарыны жүгүртүмгө киргизе албайт.


Мында ким күнөөлүү экенин жана ийгиликтүү терапия бар болсо да бул биздин колубуздан эмнеге келбей тургандыгын билбейм.

Дене маданияты

Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги жана илимдин башка душмандары адам денесинин физиологиясы бар деген факт боюнча акыркы убакта нааразычылыктарын көп билдирип жатышат. Менин оюмча, бул өнүгүү жолунда бардык жактан артта калуу менен байланыштуу — искусство, руханий жана билим боюнча гана эмес, медицина тармагында да.

Көкүрөгүмө кадалган ичке түтүктөн көпкө уялып жүргөм. Көптөгөн досторум бул окуядан кийин нес болушат го, анткени бул тууралуу эч качан айтчу эмесмин жана көрсөткөн эмесмин.

Нидерландыда көптөгөн ар түрдүү адамдарды кезиктирдим, бир гана тышкы келбети жагынан эмес, атайын жабдуулары бар адамдарды да бар. Ар кандай өзгөчөлүктөрү бар адамдарды кадимки жашоого максималдуу сиңиштирүү үчүн медициналык технологиялар өнүгүп, жигердүү түрдө ишке киргизилүүдө.

Маданият, билим берүү жана саламаттык сактоо министрликтерине бир нерсени жеткиргим келет: көргөзмөлөрдөгү жана искусстводогу жылаңачтанган дене бөлүктөрүнө каршы мынчалык катуу күрөшүүнүн кереги жок.

Заманбап жана өз убагында дарылануу укугун тартып алып жаткан аткаминерлердин сабатсыздыгы, ден-соолукка карата сабатсыздык, шооласыз коррупция, эмчи-домчуларга, өлкө боюнча көзөмөлсүз сатылган дары-дармектерге, күн алыс болуп аткан зомбулук жана кайдыгерликке каршы күрөшкүлө.

Сүрөт: Ажар Шабданова

Ушундай lifelong, тагыраагы, колдоп туруучу терапия бар экенин белгилеп өтүш керек деп ойлойм. Аны бир нече жылдап өтүш керек.

Англис тилдүү форумдарга кирип, ар кандай окуяларды окуганда адамдар адаптация болуп, жылмайып жашап жатышканын билдим. Орус тилдүү форумдарда абал такыр башкача. Адамдар дарылар үчүн соттошуп, аларды бүт жерде издешет, дарылоонун жок болушу жана кандайдыр бир таблеткалардын жеткиликсиз болушу өлүмгө алып барышы мүмкүн.

Мындан аркы пландар

Курбум эмне үчүн сүрөттөрдө учурдагы жагдайларга ыраазыдай бактылуу көрүнөсүң деп сурап калды. Жок, мен ооруп атканыма кубанычта эмесмин, бирок мен — Кыргыз Республикасынан келген кызда эч нерсеге карабастан, бактылуу кокустуктан, нидерланддык врачтардын компетенттүүлүгү жана айланамдагы адамдардын камкордугу менен жумушту, окууну жана бизнести улантууга мүмкүнчүлүгү бардыгы үчүн бактылуумун.

Учурда мен дарылоону өнүктүрүү жана өпкө гипертезниясын эскертүү боюнча бир нече багытта иш алып барууну пландап жатам.

Биринчиден, өпкө гипертензиясы бар башка адамдарга Кыргызстанда бар болгон кармап туруучу препараттар жана кычкылтек баллондоруна жеткилик алууда жардам бергип келет.

Экинчиден, терапиянын биздин өлкөгө киргизилиши тууралуу көбүрөөк билүү үчүн пульмонолог дарыгерлерим, фармацевтикалык компаниялар жана активисттер менен сүйлөшүп турууну пландап жатам.


Бул жакын арада болуп кетпейт, бирок бул багытта кандайдыр бир кичиней болсо да кадам таштап баштоого эбакта эле убакыт келген.


Дагы бир ирет кайталап өтөйүн, дарылоо жана терапия тажрыйбасы бар жана алар бизден анчейин алыс эмес, бул маселени системдик түрдө чечсе болот. Өпкө гипертензиясы бар бейтаптар акылсыз өкмөттүн жана артта калган медициналык системанын айынан үнсүз өлбөшү керек.

Сиз, дарылануу жаатында кабардар болууну жогорулатуу жана өпкө гипертензиясын алдын алуу боюнча краудфандиң компаниямды колдой аласыз: paypal — begimai1795@gmail.com