Маалымат булагы: Башкы прокуратура

2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз, болгону 486. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган жашы жете электердин саны 169ду түзүп, алардын дээрлик жарымын балдар түзгөн.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндө мыйзамга ылайык, зомбулуктан жабыркагандарга 5355 коргоо ордери берилип, алардын ичинен 790нун мөөнөтү узартылган.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштарын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган беренелер менен катталган.

*Коргоо ордери — үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамга мамлекеттик коргоо берүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга карата ушул «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» жөнүндө мыйзамда аныкталган таасир этүү чараларын колдонууга алып келүүчү документ