ЖМК Кыргызстандын туңгуч президентинин уулу Айдар Акаев дүйнө салганын кабарлады

Акаевдердин үй-бүлөсү. Айдар Акаев ортодо

Бир нече басылма өз булактарына таянып кыргыз парламентинин экс-депутаты Айдар Акаев 5-февралда жүрөгү кармап көз жумганын жазып чыкты. Ал Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин уулу.

Айдар Акаев жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу кабарды казак жана орус ЖМКлары да 24.kg маалымат агенттигине таянып жазып чыгышты. 43 жаштагы Айдар Акаевдин өлүмү расмий тастыктала элек.

Ошол эле убакта кээ бир кыргыз басылмалары Аскар Акаевдин агасынын уулу Кубан Акаевдин көз жумгандыгын маалымдашкан, бирок материал жарык көрөөр алдында бул маалыматты алардын туугандарынан ырастоого мүмкүн болгон жок.

Айдар Акаев

Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта бийликтен ажырап, 15 жылдык башкаруудан кийин аялы жана балдары менен Москвага кеткен.

Атасы бийликте турган кезде Айдар Акаев каржы министринин кеңешчилик кызматын аркалап, парламенттин да депутаты болгон. Революция болуп, Аскар Акаев бийликтен кулатылгандан кийин ал бардык мамлекеттик кызматтардан жана ыйгарымдардан ажыратылган.

Ошондо Башкы прокуратура мамлекеттик каражаттарды уурдагандыгы, каржы махинацияларды кылгандыгы жана бирөөнүн мүлкүн ээлеп алгандыгы үчүн ага карата кылмыш ишин козгогон.