Бишкектин Ош базарында чыккан өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жок

ӨКМден билдиришкендей, базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат эртең мененки саат алтыда түшкөн. Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан азык-түлүк катары өрттөнгөн. Өрт өчүрүү кызматкерлери тилсиз жоону саат жетиге чейин чектөөгө алып, саат тогузга карата толугу менен өчүрүшкөн.

«Жеринде беш өрт өчүрүү бөлүмү, 100 милиционер жана бир тез жардам бригадасы иштеди. Чукул окуядан эч ким жабыркаган жок», — деп билдиришти ӨКМден.

Өрттөнүп кеткен дүкөндөрдүн биринин ээси Рая Ибрагимова 24.kg маалымат агенттигине тилсиз жоонун чыгышына электр зымдарынын тийишип кетүүсү себеп болушу мүмкүндүгүн айткан.

«Адатта бул жерде түнкү саат 11ге чейин иштеп, бардыгын тазалап коюп кетем. Кээде жарык өчүп калат. Зымдар тийишип кеткен учурлар болот. Албетте ушундай болуп калганы өкүнүчтүү. Чыгымдарымды эсептей элекмин», — деп билдирген соодагер.

Ош базарында чыккан өрттөр

Ош базары азык-түлүк дүкөндөрү чаржайыт жайгашып, өрт коопсуздугу сакталбаганы үчүн утур-утур сынга алынып келет. 2018-жылдын ичинде гана базардын ар кайсы жерлеринде төрт жолу өрт чыккан.

Биринчи өрт 1-январда чыккан, анда «Сейтек» базарындагы 108 соода жайы жана «Берекет» базарындагы 8 контейнер күйүп кеткен. Анда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов тилсиз жоого электр зымдарынын тийишип кетүүсү себеп болгонун айткан.

Ош базарындагы экинчи өрттөн улам март айында кайрадан «Сейтек» базары жабыркаган — тилсиз жоо каптаган аймактын аянты 700гө чукул чарчы метрди түзгөн.

Базардагы үчүнчү өрт 2018-жылы апрелде чыккан — анда өрт «Берекет» базарынын эки миңден ашуун чарчы метрин каптаган. Ал учурда ӨКМдин башчысынын орун басары «Берекет» базарындагы өрт атайын уюштурулган болушу ыктымалдыгын айткан.

Ал эми төртүнчү жолку өрт декабрдын башында болуп, анда тилсиз жоо 500 чарчы метрди каптаган. Анда Бишкек ШИИБинен буга чейинки чыккан үч өрттүн себептери такталып атканын билдиришкен.