Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарындын туристтик эн белгисин бекитти. Бул эн белги беш адам катышкан конкурстан жеңип чыккан. Анын автору жана конкурсун жеңүүчүсү — Нарындын башкы архитектору Эркин Рахатбек уулу. Эн белги туристтик уюмдарга колдонуу үчүн сунушталды.