Ара-Көлдүн жанындагы чаң бурганакта турган унаалар

«Ара-Көлгө бүгүн кырктан ашуун кичи автобус келе жатат», — деп таң калуу менен сүйлөшүп жатышты гиддер Бишкек — Балыкчы жолундагы туристтик трассадагы унаатоктотмодо.

Унаатоктотмонун өзүндө ызы-чуу — Ысык-Көлдө жайкы сезондо адам канчалык көп болуп атса бул жерде да ошончо көп. Гиддердин айрымдары адамдардын көп болуп атканын 02.02.2020 күнү менен байланыштырып, көпчүлүгү бул күндү өзгөчө эсте калаарлык өткөргүлөрү келишээрин, ал эми кээ бирлери Ара-Көлдө сезондун эрте жабылышы менен байланыштырышат.

Тандалып алынган саякаттарга жараша адамдар ар кандай жерлерге барышат: кимдир бирөөлөр Көк-Мойнок каньонуна жана Орто-Токой суу сактагычына, андан соң муз болгон Ара-Көлгө барышат, башкалары түз эле ошол жерге барышат. Бирок баарынын багыты бир эле — Нарын облусунда жайгашкан Ара-Көл.

Жергиликтүү тургундар Ара-Көлдө

Жергиликтүү тургундарга белек

Чынында эле Ара-Көлдүн жанында кырктан ашуун бусиктер бар, айрымдары жаңы келсе, башкалары кетип жаткан болот. Мындан тышкары, көлдүн айланасында ондогон жеңил унаалар турат. Адамдардын саны жүздөп саналат.

Көлгө негизинен кыргызстандык жана чет өлкөлүк туристтер келет.

Жергиликтүү тургундар туристтер менен кошо санаасыз иштеп, эс алышат. Алар үчүн Ара-Көлгө туристтик жүрүш чыныгы белек. Көлдүн айланасындагы маанай жарманкедей жана майрамдай болуп турат. Жергиликтүү тургундар коньки, чаналарды ижарага берип, туристтерге ат мингизип, азык-түлүктөрдү сатышат, ал эми айланада музыка жаңырып турат.

Эс алууга келгендер ижарага чана же коньки ала алышат.

Бул нерселер жергиликтүүлөргө келген коноктор менен чогуу эс алууга жолтоо болбойт — балдар чана тээп, жаштар бийлеп, ал эми ата-энелер муз үстүндө кичинекей отургучтарда отуруп алып шайыр-шатман күлүшөт.

Туристтик сезон маалында жергиликтүүлөр туристтерге көңүп да калышкан. «Hello!» — деп кыйкырды мага колумдан фотоаппаратты көрүп чана тээп өтүп бараткан шайыр-шатман беш жашар бала.

«Көңүл ачуу» аймагы

Тоңуп калган көлдүн өзүн шарттуу түрдө эки аймакка бөлүп койсо болот. Биринчисинде адамдардын негизги бөлүгү эс алып жаткан болсо, экинчи бөлүгүндө адамдар көлдүн кооздугунан жана жымжырттыгынан ыракат алышат.

Атчан жергиликтүү тургун (жана кадр артындагы сыранын бөтөлкөсү)

Негизи Ара-Көлдөгү музду кышкысын тоңгон Байкалдагы муз менен салыштырышат. Ал зымырыт түстөн каралжын көк түскө кубулуп, жаракалары терең көрүнүп турат. Бирок автоунаалар менен кичи автобустар турган жерге чукул аймактары бул кооздуктун баарын көрсөтпөйт. Муз чаңга толуп калган, анын бети түз эмес жана музду тереңден көрүүгө жолтоо кылган майда жаракалар көп.

«Көңүл ачуу» отурушу негизинен ушул аймакта. Көлдүн ортосундагы муздун үстүндө колонкалар турат жана алардан ар кандай музыка жаңырат. «Ламбада» ыры коюлганда көлдөгү дискотека эмоциялардан жарылат.

Ушул эле аймакта муздун үстүндө бий боюнча кичи баттл уюштурулат. Анда бардык шарттар да бар — тиешелүү музыка, микрофон жана алып баруучу.

Жигуль муздун үстүндө дрифт кылууда

Кээ бирөөлөр бийлеп, коньки тээп, сүрөткө түшүп жатканда, алыс эмес жерде жылкылар басып, автоунаалар дрифт кылып жүрүшөт.

Муздун үстүндөгү дрифт эс алуучулардын көңүлүн өзгөчө буруп турат. Тоңгон көлдүн үстүнө жаңы лексустар да, советтик машиналар да чыгышат. Айдоочулар адамдардан алысыраак жерде дрифт кылганга аракет кылышат, бирок кээде унаалар туристтердин алдынан зуулдап өтүп жатты.

Муздун үстүндө ушундай түрдүү эс алуулардан улам көлдүн үстү таштандыларга толо баштаган. Кээ бир жерлерде автоунаа дөңгөлөктөрүнүн издерин жана жылкылардын көңдөрүн байкаса болот. Ал эми муздун үстүндө катуу жана ызгардуу шамал тургандыктан, тикендер, пластикалык бөтөлкөлөр, стакандар жана баштыктар чөлдөгүдөй эле тоголонушат. Кайсы бир жерлерди көлдүн айланасындагы талаалардан учуп келген чаң басып калган.

Ара-Көлдөгү тынч аймактын көрүнүшү

«Тынч» аймак

Эгер Ара-Көлдүн муз болгон жээги менен дарыяга аккан тарабына барса көлдүн такыр башкача көрүнүшүн байкаса болот.

Муз үстүнөн канча алыс барсаң ошончолук тынч. Ал жакта унаалардын чимирилип аткандагы үндөрү, музыка жана шаң угулбайт. Муз үстү ушунчалык тынч болгондуктан шамал үнү гана угулуп турат.

Ошол жердеги муз кыйла таза, тегиз жана жылмакай. Адамдар көп чогулган жерден алыс жайгашкан ошол жерден тоңуп калган көлдүн бардык космостук кооздугун көрсө болот.

Ара-Көлдөгү муз

Элден алысыраак жакта жергиликтүү балыкчылар да отурушат. Балык кармалбайт деле, бирок алар сүйлөшүп баары бир деле балык кармоону анда-санда улантып отурушат. Алардын айтымында, муздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге чукул.

Адамдардын саны менен гиддердин таң калуусуна караганда — учурда сезон жакшы болуп турат. Бирок көл жээгинде муздун ээрий баштаганын байкоого болот. Гиддердин айтымында, Ара-Көлдө туристтик сезон аягына чыгып баратат. Ал жакка саякат дагы бир нече аптага уланмакчы.

Ала-Көлдөгү жергиликтүү балыкчылар