Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил.

Көбүнчө өспүрүмдөргө карата кылмыштар Бишкек шаарында катталган — 1330. Чүй облусунда дээрлик 4 эсе аз — 382. Ош облусунда — 232, Ош шаарында — 197 кылмыш фактылары катталган.

Ошондой эле жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталды. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.

Өспүрүмдөрдү өлтүрүү 2018-жылга караганда эки эсе азайган — өткөн жылы беш факт катталган. Ал эми жашы жете электерге оор залал келтирүү фактылары 19дан 15ке чейин азайган.