Бажы төрагасы кызматкерлери пара алышаарын четке какты

Бишкекте бизнесмен Айэркин Саймаитинин өлтүрүлүшүн изилдөө боюнча депкомиссиянын жыйыны өттү. Кыргызстанда аны таасирдүү делген Матраимовдор кланы менен байланыштырышат. Мурдараак «Клооп», «Азаттык» жана OCCRP Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткенин мойнуна алган биргелешкен иликтөө чыгарышкан.

Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев жыйында бажычылар пара алышаарын четке какты. Анын айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы бажы посттору «толугу менен автоматташтырылган, ал эми ар бир жүктүү транспорт каттоого алынат».

Торутаев билдиргендей, иликтөө жарыялангандан кийин электрондук системаларды көрсөтүүгө ЖМКнын өкүлдөрү чакырылган.

«10дон ашуун журналист бизге келип, кантип бардыгы адамдык фактордун катыштыгы жок катталаарын өз көздөрү менен көрүштү. Жада калса бизде 500 киллограм да жоголбойт, бүтүндөй бир транспорт жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Бул таптакыр болбогон сөз. “Азаттыктын” журналисттерин үч жолу чакырганбыз, бирок баш тартышкан», — деп билдирди Торутаев.

Анын билдирүүсү боюнча, бажы кызматкерлерине пара алуунун кажети жок, себеби «беш өлкөнүн макулдашуусуна ылайык, транзиттик жүк үчүн акы төлөнбөйт».

Бажыдагы коррупция тууралуу иликтөө

2019-жылы ноябрда киши колдуу болгон Айэркин Саймаити журналисттерге Кыргызстан аркылуу аткез товарлар ташылып турган бажыдагы жөнгө салынган коррупциялык схема тууралуу айтып берген. Бул бизнес жүк ташуу боюнча магнат Хабибулла Абдукадырга таандык болгон.

2011-2017-жылдар аралыгында Айэркен Саймаити жана анын «Абдыраз» фирмасы ар кандай жолдор менен Кыргызстандан чет өлкөгө акча ташып турганда өлкө казынасына алты миллиард сомго жакын салык түшпөй калган.

21-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиянын жыйынында тийиштүү ведомстволорго бул боюнча бир нече ирет кызматтык документтер жөнөтүлүп турганы, бирок эч кандай чаралар көрүлбөгөнү белгилүү болгон.

Бажыдагы коррупциялык чуулар

Башкы прокуратура 2018-жылы апрелде бажы кызматынын жумушчуларын Кыргызстанга оор жүк унааларды киргизүүдө ишкерлерге алымдарды төлөөдөн баш тартууга жардам беришкен деп айыптаган — аларды трактор катары жол жоболоштурушкан. Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 30 млн сомду түзгөн. Бул факт боюнча «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле жылы мартта УКМК бюджеттен 217 млн сом уурдоо иши боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөрдүн арасында салык жана бажы кызматынын, анын ичинде экономика министрлигинин кызматкерлери болгон.

Эки айдан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматы Кытайдан келген товарларды мыйзамсыз жол-жоболоштурган делип айыпталган Борбордук бажы кызматынын мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Финполдун версиясына ылайык, бажы алымдары төлөнбөгөндүктөн мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 166 млн сомду түзгөн.