Уланбек Эгизбаев

Бишкекте «Азаттыктын» маркум иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев эскерилди. Ал 12-февраль күнү 30 жашка толмок.

Эскерүү кечесине маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, журналисттер, жаштар жана Эгизбаевдин жакындары катышты.

Кадырбаев Уландын эмгектерин элге жайылтуу — мекенчил жаштарды тарбиялоо үчүн даяр идеология экенин айтты. «Улан өлгөн жок. Уландын аманаты калды. Улан чындап уланат. Биз эми Уланды сыйлайбыз десек “Улан жакшы эле” деп койгон жетпейт. Улан эмне үчүн күрөштү? Ошого умтулалы», — деди ал.

Ал эми маркум журналисттин апасы Жыпаркүл Сариева жаштарга кайрылып, уулунун ишин улантууга чакырды. «Бир сом акчанын кандай келерин жон териси менен сезип чоңойгон бала. Элдин эсебинен байып жаткан жемкорлорго бала кезинен эле жаны кайнап чоңойду. Жаштар, баламдын атынан суранам, силер да мекенчил болуп чоңойгула!» — деп айтты ал.

Уланбек Эгизбаев журналисттик иликтөөлөрүндө кыргыз аткаминерлеринин коррупциялык схемаларынын, хан сарайлардын курулушу үчүн муниципиалдык жердин мыйзамсыз сатылышынын жана көрүстөндөгү коррупциянын бетин ачкан.

Эгизбаевдин материалдары коомдук резонанс жаратып турган: анын көрүстөндөгү коррупция тууралуу акыркы иликтөөсү парламент трибунасына чейин жеткен.

Эгизбаевдин эмгеги кыргыз тилдүү журналистиканын алсыздыгы жөнүндө калыптанып калган көз караштарды жокко чыгарган. Улан 28 жашында кыргыз журналистикасына кадам таштап жаткан адамдар үчүн үлгү боло алган.

Кыргызстанда өз адистигинин жогорку стандарты боюнча иштеп жаткан кыргыз тилдүү мыкты иликтөөчү журналисттердин мууну өсүп келе жатат. Бул өзгөрүүлөрдүн башында Эгизбаев турганын ишенимдүү түрдө айтууга болот.

Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. ИИМ маркум сууга чөгүп каза болгонун билдирген. Көп өтпөй Журналисттик иликтөөлөр фонду түзүлгөн. Уюм Уланбек Эгизбаев атындагы 12-февраль — анын туулган күнүнө карата — жыл сайын ыйгарылчу журналисттик иликтөө сыйлыгын негиздеген. Ал эми 2019-жылдын апрелинде анын жаркын элесине арналып, кыргыз жана орус тилдеринде «Чындык деп жанган өмүр» аталыштагы китеп жарык көргөн.