Халмурат Жаныбеков атындагы орто мектеби. Сүрөт: Сыймык Шамшиев/Акипресс

Баткен облусунун Кадамжай районунун Чандеки айылындагы Халмурат Жаныбеков мектебинде окуучулар алты жылдан бери кооптуу абалдагы имаратта окуп жатышат. Аталган мектеп 2020-жылы курула турган билим берүү мекемелеринин катарына киргени менен бюджеттен каражат качан бөлүнөөрү белгисиз.

Айыл облустун борборунан 150 километр, райондун борборунан 30 километр алыстыкта жайгашкан. Ал эми бул мектеп тууралуу коомчулук анын сүрөттөрү фейсбукка жарыялангандан кийин билди.

Фейсбуктун колдонуучусу Өмүрбек Азимбаев өлкө башчыга жана өкмөттөгүлөргө кайрылып, үч жыл катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланса да аталган мектептин көйгөйү чечиле электигин айткан.

«Алардын [окуучулардын] коопсуздугуна ким жооп берет? Мамлекеттик казынадагы акчанын тартыштыгынан окуучулардын өмүрү жогору туруш керек да. Же президент айткандай, мектептер депутаты, министри бар айылдарга гана курулушу керекпи? Биздин айыл дагы Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан. Биздин айылдын жаштары дагы сапаттуу билим алгысы келет», — деген ал.

Ошондой эле Азимбаев «Клоопко» курган маегинде мугалимдер айрыкча жер титирөө болгондо балдардын саламаттыгы үчүн өзгөчө кооптонушаарын кошумчалады. Анткени чатырдын эскилиги жетип, урап калуу коркунучунда.

«Ушул мектепте коркпой окуган экенмин»

Аталган мектепте 18 мугалим, 8 кызматкер иштейт. 1996-жылы ашар жолу менен курулган окуу жайда 143 окуучу эки нөөмөт менен билим алышат. Ал эми кыш айында окуу бөлмөлөрү көмүр жагуу менен жылытылат.

Чандеки айылынын тургуну Алимжан Осмонов балдарынын коопсуздугунан санаркаганы менен башка мектепке окутууга шарты жоктугун айтат. Анткени коңшу айылдагы мектеп алты чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул мектепте анын 9-класстагы кызы жана 6-класстагы баласы билим алат.

«Буга чейин райондун акими келип, жаңы мектеп курулат деп кеткен. Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков келгенде кат жүзүндө кайрылганбыз. Жыйынтык жок», — дейт Осмонов.

«Ушул мектепте коркпой окуган экенмин. Учурда сүрөттү көрүп кооптоном. Мектептин дубалдарын жылда актап, сырдаган үчүн жаракалары билинбей калат. Кыскасы быйыл балдар аман эсен окуусун аяктап алсын. Кийинки жылга кепилдик жок!» — деди дагы бир айыл тургуну Сыймык Шамшиев.

Мектептин мүдүрү Таир Жакшыбаев «Клоопко» ӨКМ билим берүү мекемесин 2014-жылы «авариялык абалда» деп тапкандыгын тастыктады. Ошентсе да жаңы мектеп жоктугуна байланыштуу балдар учурда жараксыз мектепте окууга аргасыз дейт.

«Колхоздун 1950-60-жылдары курулган имараты бузулуп, ошонун материалдары менен ушул мектеп курулган. Азыр имараттын кыштары бошоп, шылыктап жүрөт. [...] Ал эми жаңы мектеп куруу боюнча 2014-жылдан бери акимге, губернаторго, архитектура жана курулуш агенттигине, Билим берүү жана илим министрлигине, премьер-министрге кайрылдык. Бирок эч кандай жооп келбей жатат», — деп билдирди мектеп директору Жакшыбаев.

Сүрөт: Таир Жакшыбаев/Мектептин директору

«Авариялык абалда, бирок окууга болот»

Айыл башчы Мырза Жумаматовдун айтымында, мектеп бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес жана оңдоого да жарабай калган. Ал ӨКМ мектеп авариялык абалда деп эки жолу эскертүү берген дейт.

«2019-жылдын бюджетине кирет дешкен, андан кийин 2020-жылдын бюджетине кирет дешти. Ошентип эле келе жатышат. Азыр окуучулар ушул мектепте окуп жатам дегенден уялат. Отурган стол-стулдары да союздуку, эски. Арга жок, анан балдарыбызды каяка алып барып окутабыз?» — деп суроо салды Жумаматов.

Кадамжай районунун Билим берүү башкармалыгынын башчысы Жеңиш Гайбуллаев мекемеде окууга болоорун айтат.

«Буга чейин ӨКМ тарабынан да корутунду берилген, бирок окубасын деп берилген эмес. Окуу жараянын улантууга болот деген», — дейт Гайбуллаев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмүнүн башчысы Руслан Айтиев да мектептин абалы окууга коопсуз деген пикирде.

«Жаңы имарат куруу сунушу берилген. Ал эми балдарга кооптуулугу жок, бирок талапка жооп бербейт», — деп билдирди Айтиев.

Ал эми Турак жай, жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жумабай Каримжанов билдиргендей, мектептин жаңы имараты 2020-жылы курула турган курулуштардын катарына киргизилген, бирок бюджеттен акча каражаты бөлүнө элек.

«Бул мектеп республикадагы 242 авариялык мектептин тизмесине кириптир. 2020-жылдагы өкмөттүн тизмесине сунуштадык. Эми акча каражаты каралса анан курулушу башталат. Азырынча акча каражаты карала элек», — деди Каримжанов.