Steps to Success коомдук бирикмеси «Сорос» фонду менен биргеликте Кыргызстан боюнча эки миң мектеп ажатканасын изилдеген. Алардын маалыматына ылайык, ажатканалардын 74% канализация жана септик жок.

Ошондой эле изилдөөчүлөр Кыргызстан боюнча эң эле жакшы жана өтө эле начар мектеп ажатканаларынын тизмесин түзүшкөн. Ажатканасы эң эле начар деп Бишкектеги №76 лицей табылган. Ал эми Ошто болсо ажатканасы начар деп Ломоносов атындагы гимназия аныкталган.

Изилдөө эки миң мектептин ичинен 9% гана ажаткана имарат ичинде экенин, ал эми 90% ашууну эшикте экенин көрсөткөн.

Мындан тышкары, бул мектептердин 42% гана имараттын ичинде кол жууган жер бар, ал эми окуу жайлардын 58% кол жууган жер жок.

Алардын маалыматына ылайык, эки миң мектептин ичинен 340ка чукулунда гана эшикте кол жана бет жууган жер бар, ал эми мектептердин 1660 эшикте кол жууган жер жок.

Долбоордун координатору Тынчтык Жанадинов «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, ажатканаларды изилдөөгө 10 айга чукул убакыт кеткен.

«Биз май айынын этегинен тарта июндун башына чейин изилдөө жүргүздүк. 1099 мектепте таптакыр эле кол жууган жер жок», — деп билдирди ал.