«Акча чогулткула». Ошто ата-энелер мектеп директорунун үстүнөн арыз жазышты

Гапар Айтиев атындагы орто мектеп. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Клооп

Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы №37 Гапар Айтиев мектебинин мүдүрү Миргүл Самиевага окуучулардын ата-энелери нараазы болушууда. Алар Самиева камкордук кеңеши чогулткан акчаларды «максатсыз пайдаланган» деп эсептешет.

Ата-энелердин бири «Клоопко» окуучулардан акчаны класс жетекчилер чогултуп мүдүргө беришкен дейт. «Биздин арызданганыбыздын себеби балдарга деп чогулткан акчаны өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланган. Биздин кылган катабыз ошол класс жетекчилерге бергенибиз болуп калды. Себеби директор “менин колума алып келип берген эмессиңер, мен алган жокмун” деп туруп чыгып кетти да», — деди ал.

Ата-энелер комитетинин төрайымы Жамал Кадырова «Клоопко» Самиева директорлук кызматка 2017-жылы келгенин айтты. Ошондон тарта ата-энелерден акча чогултула баштады дейт. Алар 2017-2018-окуу жылында 600 сомдон, 2018-2019-окуу жылы үчүн 1070 сомдон беришкенин билдирди. Кадырова мектептин камкордук кеңеши директордун сунушу менен түзүлгөн дейт. Бирок банктык эсеп ачылбай эле акчалар накталай чогултулган.

«Камкордук кеңешине чогулган 200 миңге жакын суммага банктык эсеп ачылган эмес. Негизи 30 миңден ашкан суммага сөзсүз ачылыш керек экен, ошол боюнча да кайрылганбыз. Быйыл өзүбүз башка түзөбүз фонд ачабыз анан мыйзамдуу түрдө банктан эсеп ачабыз. Мектептин керегине жаратабыз», — деди Кадырова.

Былтыркы жылы камкордук кеңешине акча чогултуп иштеген Аксана Бегалиеванын айтымында, жалпы 188 миң сом жыйналган. Ал мектептин керек-жарагына жумшалган каражаттардын дүмүрчөктөрү анда сакталганын билдирди. Бирок ата-энелер алардын кээ бирөөлөрү жасалма деп ойлоп жатышканын айтат.

«Күзөтчүнүн бир жылдык айлыгына 83 500 сом, окуучулар үчүн СМС чипке 29 700 сом, ал эми чиптин өзүнө 34 200 сом акча жумшалган. Андан сырткары бул жерде журнал, бокс файлдар алынган. Акча чогулткула деп директор айткан. Мыйзам боюнча акча өзү камкордуктар кеңешинде болушу керек экен эле. Бирок ал тууралуу мен билген эмес элем. Себеби мен кийин келдим. Сентябрь жана октябрь айлары үчүн мугалимдер өзү жыйнаган», — деп түшүндүрдү Бегалиева.

Бегалиева мектепте 420га жакын окуучу билим алса анын 300дөйү камкордук кеңешине акча бергенин белгиледи.

Ата-энелер Ош шаардык билим берүү башкармалыгына директордун үстүнөн бир нече жолу даттанышкан. Бирок мекемеден камкордук кеңешинин ишине тиешебиз жок деген жоопту алышкан. Андан соң алар Каржы полицияга арыз жазууга аргасыз болушкан. Анткени менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы дагы ата-энелерге алгылыктуу жооп берген эмес. Ата-энелердин талабы — Самиевадан максатсыз пайдаланган каражатты кайра кайтарып, жумуштан кетирүү.

Мектеп мүдүрү айыптоолор менен макул эмес

Мектеп директору Миргүл Самиева учурда ден соолугуна байланыштуу жумушта эместигин «Клоопко» билдирди. Самиеванын айтымында окуучулардын ата-энелери туура эмес маалымат таратып, негизсиз арызданып жатышат.

«Мектепке башында барганда аябай начар абалда эле. Ар бир жетекчи мектепке барганда аракет кылат да, мен да аракет кылдым. Анан ошол айтып жаткан суммага ошол мектепке барганда кароолчусу жок болчу аны алып, анын маянасы үчүн кошулду, электрондук күндөлүк, [СМС] чип дегендерге кошулган. Бир бала 10 сомдон төлөйт 9 айга деп. Анан ошол былтыркы жылы жалпы эсеп боюнча 188 миң деп жатышат, эми канча топтолгонун мен билбейм», — дейт ал.

Мектеп мүдүрү ата-энелерге акча чогултканы эч ким буйрук чыгарбаганын айтууда — «алар өздөрү жардам катары чогултуп, камкордук кеңешке беришкен». Ошондой эле Самиева дарыланып бүткөндөн кийин жумушуна кайтаарын кошумчалады.

«Ошол жерде таза суу да жок эле. 20 жылдык демөөрчүлөрдү таап ошол жакка суу киргиздирдим. Ашканада аристон жок эле коюулду. Ошонун баары жетекчи иштесе анан болот да […] Азыр мен убактылуу гана ооруканадамын даарыланып жатамын. Мен кайра барсам жумушумду улантам. Ал менин жумушум. Ар бир мектепте мындай нерселер болуп турат, ошондо каталарды оңдоп-түзөгөнгө аркет кылабыз, ошондо гана жетекчи бышат», — деди ал.

Каржы полициясы ата-энелердин арызын карап баштады

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Венера Давыдова арызкы учурда директор ден соолугуна байланыштуу жооп алгандыктан ордуна башка киши дайындалганын айтты. Ал эми Самиевага байланыштуу арыз ал ишке чыкканда каралаарын билдирди.

«Директор жумуштан бошотула элек. Ал учурда ооруканада болгондуктан биз аны менен байланыша албай жатабыз, ошондуктан аны жумуштан тиешелүү арыздар болмоюнча бошото албайбыз», — деди Давыдова.

Ал эми Каржы полициясынан «Клоопко» билдиришкендей, учурда ата-энелердин арызы сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Мыйзам эмне дейт?

2014-жылы ата-энелер комитетинин акча чогултууларын көзөмөлдөө жана каражатты натыйжалуу пайдалануу максатында Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, ар бир мектепте ата-энелер тарабынан Камкордук кеңештери түзүлүп, акча топтомойлор банк аркылуу ишке ашышы керек.

Камкордук кеңеши — Юстиция министрлигинде катталып түзүлгөн фонд. Ал 15ке жакын ата-энеден турган топ тарабынан негизделет. Топтун мүчөлөрү ич ара шайлоо өткөрүп кеңештин төрагасын же төрайымын шайлап алышат. Ал өз учурунда жыйындарды өткөрүп, мектептин керектөөлөрүн аныктайт, акча чогултууларды көзөмөлдөп, ата-энелерге отчёт берип турат. Маанилүү: Камкордук кеңешинин ишине мектеп жетекчилиги жана жамааты кийгилише албайт.

Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө мыйзамдын 10-беренесине ылайык, Кеңеш өз ишин уюштуруу үчүн мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактардан каржылык жана башка материалдык каражаттарды тартууга укуктуу. Мындан улам акча топтомойлор бир гана ыктыярдуу түрдө чогултулушу керек.

Билим берүү минитсрлиги камкордук кеңештердин ишине кийлигише албайт жана акча топтомойлор боюнча көзөмөл жүргүзбөйт. Министрликтен жыл сайын мектептеги акча чогултууларга тыюу салып кетишет. Бирок ага карабастан мындай окуялар байма-бай кайталанып турат.