Алайда оорукчан кызды зордуктоого шектелип эки киши кармалды

Ош облусунун Алай районунда жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип эки киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бири 37 жашта, ал кызды 9-февраль күнү, ал эми экинчиси 25 жашта, ал өспүрүмдү 12-февралда зордуктаганы айтылууда.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев «Клоопко» маалымдадагандай, кыздын апасы милицияга 13-февраль күнү кайрылган. Маалыматка ылайык, шектүүлөр кызды зордуктоо үчүн талаага алып чыгышкан. Аширбаев кошумчаалагандай, жабырлануучу 17 жашта жана ал психикалык жактан ооруйт.

«Алар кыздын алсыздыгынан пайдаланып, ошондой ишке барышканына байланыштуу жазык кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бүгүн шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралат. Ал эми кызга атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган», – деди Ашырбаев.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган. Алардын 222си жыныстык зомбулук фактысы боюнча катталган.