Сүрөт: Улуттук СПИД борбору

Белгилүү орус журналисти Юрий Дудь 11-февралда Орусияда ВИЧ эпидемиясы тууралуу тасма чыгарган. Бул эмгек чоң коомдук резонанс жараткан — ал 13 миллиондон ашуун жолу көрүлгөн. Тасма чыккандан кийин Орусияда «ВИЧ» жана «ВИЧке карата тест» деген сөздү интернетте издөө кескин өскөн.

Google Trends сервисине ылайык, тасма чыккан күндүн эртеси Кыргызстанда да «ВИЧ» сөзүн издөөнүн саны кескин өсүп кеткен.

Мунун Дуддун эмгегине түздөн-түз байланышы бар же жок деп айтууга мүмкүн эмес болгондуктан тасма кыргыз интернет айдыңында байкоосуз кала алган жок.

Кызыкчылык өсүп жатканын эске алып, Кыргызстанда ВИЧке карата тестти кантип тапшырса болоорун түшүндүрүп берүүнү туура көрдүк.

Республикалык СПИД борбору

ВИЧке карата тест тапшыруу үчүн эң белгилүү жер — бул республикалык СПИД борбору, анын филиалдары бардык облустук борборлордо бар.

Республикалык борбордун филиалдарынын даректери. Ал жакта тест тапшыра аласыз

Тестти СПИД борборунда тамырдан кан алдыртуу аркылуу адаттагыдай ыкма менен тапшырса болот. Эгер Бишкекте тапшырып жаткан болсоңуз, тесттин баасы 180 сомду түзөт, ал эми жыйынтыгын эртеси күнү аласыз.

Бишкекте дагы экспресс тест буйрутса болот — ал ушундай эле жол менен аткарылат, бирок жыйынтыктарын бир жарым-эки сааттан кийин аласыз жана анын баасы 380 сомду түзөт.

Республикалык борбор чет элдик жарандар үчүн экспресс тест жүргүзбөйт, ал эми чет элдиктер үчүн кадимки тесттин баасы учурдагы курс боюнча 5 долларды түзөт.

Бишкектеги борбордо ВИЧке карата тестти эртең мененки саат 8:30дан күндүзгү саат 12ге чейин тапшырса болот. Тестти ач карын абалда гана тапшырыш керек. Тест тапшыруучу жанына паспорт, ал эми балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып алышы керек.

Республикалык борбор сизге терс же оң ВИЧ макамы тууралуу расмий маалымкат берет. Бирок борбордо күн сайын 30га чукул адам кезекте тураарын эске алуу кажет.

Жеке лаборатория

Эгер сиз кечке кезек күтүп тургуңуз келбей, жаңыңызда акча көбүрөөк болсо, анда ВИЧке карата тестти жеке лабораториялардан тапшырсаңыз болот.

Кыргыз жарандары үчүн «Аквалабдын» лабораторияларында тест тапшыруунун баасы 470 сомду түзөт, ал эми чет элдик жарандарга 630 сом болот. Бул баага анализдин өзү жана дарыгердин кан алуу боюнча кызмат акысы кирет.

Анализдер эртең мененки 7:30дан түшкү саат 12ге чейин алынат — клиниканын филиалдарынын бирине паспорт менен баруу керек. Бирок «Аквалабда» тесттин жыйынтыгын эки-үч күн күтүү керек болот.

Бонецкий Лабораториясында ВИЧке карата тест тапшыруу бир аз кымбатка турат — кыргызстандыктар үчүн 489 сом, ал эми чет элдиктер үчүн 550 сом. Жыйынтыгы үч күндөн беш күнгө чейинки убакытты алат. Анализди клиниканын өзүңүз каалаган филиалынан эртең мененки саат 7ден түшкү саат 12:30га чейин тапшырсаңыз болот.

Бардык жеке лабораторияларда тестти ач карын жана паспорт менен келип тапшырыш керек.

Кантип өз алдынча тесттен өтсө болот?

Эгер сиз тестти дарыгерсиз жана кезек күтпөстөн үй шартында эле тапшыргыңыз келсе — бул дагы мүмкүн, бирок Кыргызстандын шартында бул кыйла кыйыныраак болот.

Бул үчүн атайын селф тест деген нерсе бар — суюктук куюлган флакон жана тестирлөө үчүн аппликатордон турган топтом. Аппликатордун жалпак жери менен өйдөкү жана ылдыйкы тиш бүлөөсүн сүрүп, андан соң аппликатордун тиштин бүлөөлөрүнө сүрүлгөн жерин суюктук куюлган флаконго салуу керек.

Эгер аспап эки сызыкчаны көрсөтсө, анда сиз ВИЧке чалдыккан болушуңуз мүмкүн, эгер бир сызыкча көрсөтсө анда сизде вирус жок.

Тесттин өндүрүүчүлөрү нускамада көрсөтүлгөн шарттар аткарылса жыйынтык 99% так чыгат деп кепилдешкени менен, эгер селф тест сизе ВИЧ бар экенин көрсөткөн болсо, жыйынтыкты тестирлөөнүн башка ыкмалары менен текшерип койгон дурус.

Шилекей аркылуу тесттен өз алдынча үй шартында өтсө болот. Эң башкысы — тестке чейин 30 мүнөт калганда тиш тазалап, оозду суюктуктар менен чайкабоо кажет, ал эми тестке чейинки 15 мүнөттүн ичинде тамак-аш ичип-жебеш керек.

Бул Бишкекте жеткиликтүүбү же жокпу?

Биз «Лекарь», «Бимед», «Айболит» жана «Неман» дарыкана түйүндөрүнүн сурап-билүү бөлүмдөрүнө чалдык — бул фармацефттик компаниялардын биринде да ВИЧке карата селф тест жок болуп чыкты.

Өлкө боюнча 200дөн ашуун дарыканасы бар «Неман» компаниясынын басма сөз кызматынан ишкана суроо-талап жоктугунан селф тесттерди алып келбей турганын билдирди. «Андай муктаждык болгон эмес. Агач бул продукцияны каттатыш керек. Бул процедура оңой эмес. Сиз бул тууралуу сурап жаткан биринчи адамсыз. Жакынкы убактарда тесттерди алып келүүнү пландаган жокпуз», — деп кабарлашты «Немандан».

Бирок, эгер сиз гей, бисексуал эркек, транс эркек же транс аял болсоңуз, анда сиз Selftest сайтынан өзүңүздү өзүңүз текшерүү үчүн бекер тест алсаңыз болот.

Бирок «Лалафо» сайтынан селф тесттин башка түрүн сатып алса болот, бирок өзүңүз атайын апликаторго манжаңыздан кан алышыңыз керектелет. Мындай тест 250 сом турат, ал эми аны саткан адам анонимдүүлүк кепилдигин берет. Ошондой эле тестти үйгө да буйрутса болот — бишкектиктер үчүн бул 100 сом турат.

ВИЧ активист Алла Бессонова келечекте селф тесттер Кыргызстанда жеткиликтүүрөөк болуп калат деп үмүттөнөт.

«Бул биздин өлкөдө жаңы нерсе жана ал жаңыдан пайда болуп келе жатат. Мындай программалар бир күндө ишке ашып кетпейт. Бул тесттер азыр гана базарга кирип жатат. Менин оюмча, жакында алар дарыканаларда да жеткиликтүү болот», — деп билдирди ал.

ВИЧ тууралуу кошумча материалдар: