Аймак аралык кастыкты козутууга айыпталган блогер эки айга ТИЗОго киргизилди

Октябрь РИИБинен билдиришкендей, блогер Элмир Сыдыманов 19-февралда Бишкектин ТИЗО — 1 киргизилген. Сыдыманов ал жакта Октябрь райсотунун токтомуна ылайык, эки ай убакыт болот.

Белгилүү инста блогер жана вайнер Элмир Сыдыманов 17-февралда кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага карата «Расалык, этникалык, улуттук диний же аймак аралык касытыкты козутуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Буга чейин, Sydyman каймана аты менен таанымал болгон Сыдыманов өз инстаграмында түз эфир өткөрүп, анда Кыргызстандын ар кайсы аймактарында колдонулган кээ бир уят сөздөр боюнча терс ойлорун билдирген. Анын айтымында, «толук эмес жана уят сөздөрдүн 70-80%» ага «түштүктөн» жазышат.

«Түштүк тараптан, тетиги Ош, Жалал-Абад жактан аябай көп сөгүнгөн сөздөр келет, ээ капатаңа, ээй братишка ээй деп, түндүк жактан бир аз азыраак келет. Түштүк жактан 70 же 80% келет. Эркекче мындай, недогон сөздөр, недогонный маттар, көп жерден түштүк жак өнүгө элек. Чын, мен бетиңерге элей айтайын, Ош, Жалал-Абад, Баткен өнүгө элек. Балким сен Баткенден, Ош же бир жактан болоттурсуңар, бирок мага чын жүрөктөн жакпайсыңар. Анткени өнүкпөйсүңөр силер», — деген Сыдыманов.

Түз эфирдин бул бөлүгү коомчулукта резонанс жаратып, көп өтпөй блогерге коркутуулар келип баштаган, ошол себептен ал 3-февралда айткандары үчүн кечирим сурап, ютуб каналында видео жарыялаган.

«Институт Медиа Полисинин» көз карандысыз эксперттери блогердин сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутуунун белгилерин таппаганын билдиришкен.

«Анын айткандарын уксаңыз, ал постторунун алдында ким “туурараак” сөгүнөөрү тууралуу сөз кылган. Бул келесоолук. Ал адамдарды ким алысыраак түкүрөөрүн салыштырып, муну кылганды билбегендерди жолу жок кишилер деп эсептегендей эле да. Же бул сарказм, шылдың — буларга да тыюу салынган эмес», — деди медиа өкүл Акмат Алагушев.

Анын айтымында, Сыдыманов адепсиз сөздөрдү колдонуу менен пикирин билдиргенине карабастан таанымал.

«Эми муну эмне кылыш керек? Сөгүнчөөктөрдүн бардыгын камаш керекпи? Бул өлкөнүн жарымы, бул биздин жаштардын абалын чагылдырат», — деп кошумчалады Алагушев.

Анын пикирине ылайык, «Аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча жаза — беш жылдан жогорку мөөнөттөгү абакты түзөт — бул гумансыз жана мыйзамдарда альтернативдүү жаза каралышы керек (эскертүү, штраф).

«Sydymanдын» инстаграмын 250 миңден ашуун адам окуйт. Ал өзүнүн барагында тамашалуу контент жасап, түз эфирлерди өткөрөт — анда ал көрүүчүлөр менен маектешип, алардын комментарийлерине жооп берет.

Мурда ал Бишкектин моделдик агенттиктеринин биринде модель жана «1.1Studio» продакшн компаниясында үн оператору болуп иштеген.

«1.1Studio» компаниясынын продюсери Данияр Болотбек бул жагдай боюнча «Азаттыкка» маек курган.

Анын пикирине ылайык, видео тартууда же тамашаларды үн коштоодо «элдин менталитетин эске алып, жарандык жоопкерчилик жөнүндө унутпоо керек».

«Чынын айтсам мен ал вайнердин түз эфирин көрбөптүрмүн. Бирок угушума караганда ал адамдын аброюна шек келтирген пикир айтыптыр. Менимче, биздин өлкө ансыз деле кичинекей, ушундай абалда бөлүнүү тууралуу айтуу орунсуз болгон. Эгер ал бир бөлмө ичинде же ич ара сүйлөшүп жатып айтса башка кеп. Ал бир топ чоң аудиторияга айтып жатканын да эске алыш керек», — деген Данияр Болотбек.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова билдиргендей, бийлик Сыдымановду камакка алуу менен Афтандил Жоробековдун окуясын кайталап жатат деп эсептейт. Ал элди агартууга багытталган мамлекеттик саясат мындай учурлардын алдын алмак деп билдирди.

«Мындай тариздеги көп комментарийлерди байкап, окуп калам. Бирок аларга эч кандай чара көрүлбөйт. Демек, тандалма саясат жүрүп жатат жана көп аудиториясы бар блоггерлер анда көбүрөөк коркунучта болуп жатат», — деген Ошурахунова.