Иллюстрация: Жанно Жарматова

Кытайда буга чейин белгисиз болгон коронавирустун COVID-2019 жаңы түрү менен шартталган пневманиянын чыгуусу Кыргызстанда да, дүйнө жүзүндө да эң талкууланган темага айланды.

Учурда вирусту 75 миңден ашуун адам жуктуруп, эки миңден ашууну бул оорудан улам каза тапкан.

Вирус негизинен Кытайда жайылган — 74,5 миң коронавирусту жуктуруу учуру катталган, бул алардын жалпы санынан дээрлик 99 пайызын түзөт.

Мунун айынан интернетте азиат жана коронавирус тууралуу мемдер менен шакабалар жайылып, ал эми дүйнө жүзү боюнча азиаттар кемсинтүү же өздөрүнө карата таң калыштуу мамилелер жасала баштаганын билдире башташкан. Бул көрүнүштүн айынан азиаттарды вирустун айынан кемсинтпөөгө үндөгөн #ImNotVirus кыймылынын жаралышына алып келген.

Биз чет өлкөдө коомдун кастыгына жана коркуусуна туш болгон кыргызстандыктардын окуяларын бир материалга чогултуп, баяндап берүүнү чечтик.

Айя. Подгорица, Черногория


Кичинекей бир бала столумдун жанында бийлеп, ойноп жатса, ата-энеси «чайнезанын» жанында ойнобо деп айтышты


Басып баратсаң адамдар көчөнүн аркы бетине өтүп кетишет, өзгөчө бала жетелеген жубайлар. Лифттин ичинде турганымды көргөндөр кирбей эле өткөрүп жиберген учурлар да бар.

Бир жолу соода борборунда жаш жигиттер «Чайнеза!» деп кыйкырышты. Алар шакаба оюн коё башташты — алардын бирөөсү башка жигиттерди менден коргомуш болуп, «Абайлагыла, коронавирус!» демиш этип аларды калкалап турду. Ошол балдар жана соода борборундагы башка адамдар каткырып күлө башташты.

Кафеде да бир учур болгон — ал жакта кичинекей бир бала столумдун жанында бийлеп, ойноп жатса, ата-энеси «чайнезанын» жанында ойнобо деп айтышты. Черногориянын тили славян тилдерине кирет, ошондуктан мен алардын тилин түшүнө алам. Алар балага менин столумдун жанында бийлегенге тыюу салганын түшүндүм.

Жергиликтүүлөрдү сындап, аларды расист деп атагым келбейт, бул жөн гана коркуу сезими, аны түшүнсө болот. Бирок опурталдуу бир учур болгон: мындай көңүл буруудан тажап, үйдөн чыккым келбей калган — ошондо мен бетимдин өңүнөн жана көзүмдүн кыйыгынын айынан үйдөн чыкпай калууга биринчи жолу кириптер болгом.

Иш сапарларларга байланыштуу күйөөм экөөбүз көп саякаттайбыз, бирок мен мындайга биринчи жолу туш болдум. Жергиликтүү досторум айтып бергендей, Черногориянын туристтик аймактарынын биринде бир турист мен Кытайдан эмесмин жана кооптуу эмесмин деген өңдүү футболка жасап алган экен. Болбосо аны тейлөөдөн баш тартышчу экен.

Данияр. Нидерланд


Ал менден «Сен да жарганат жейсиңби?» деп сурады


(ысымы өзгөртүлгөн)

Нидерландда бир мектептин жанында жашайм. Эртең менен жумушка чыгып баратканда айрым ата-энелер балдарынын бетин жаба калышат. Албетте, жагымсыз, бирок бул ата-энелик инстинкт экенин абдан жакшы түшүнүп турам. Анткен менен көпчүлүгү адекваттуу адамдар, көптөгөнү фейк жана дүрбөлөң экенин түшүнүшөт.

Жеке мени дүкөндөн «азиаттыгым» үчүн жакынкы чыгыштык киши кемсинтти. Ал менден «Сен да жарганат жейсиңби?» деп сурады.

Мен ага жөн гана «Ооба, жаңы эле жегем» деп жооп кайтардым. Болду, маселе жок — алды-артын карабай качып кетти.

Ошол киши билими жана дүйнө таанымынын алкагында башка адамдардын турмуш-тиричилиги тууралуу жетиштүү билбегенин түшүнөм.

Бермет. Анкара, Түркия


Азыр болсо ар бир жерден эле «Сиз кытайлык эмессиз да ээ?» деп көп сурай башташты


Учурда Анкарадамын. Адамдар көздөрү азиаттардыкындай кимдир бирөөнү көргөндө, биринчи эле кытайлык деп ойлошот. Эми болсо, вирус окуясынын шартында, адамдар метродо жүргөндө менден алыс турууга аракет кылышат, жанымда болсо дайыма орун ээн калат.

Ошол эле маалда вагондо абдан катуу жөтөлгөн бир нече адам болушу мүмкүн, бирок жүргүнчүлөр менден коркушат — жөн гана азиат болгонум үчүн.

Кымгуут маалдарда анчейин алыстай алышпайт, бирок эгер мүмкүнчүлүк жаралса, алыстай калышат.

Мурда мындай көрүнүшкө кабылган эмесмин. Азыр болсо ар бир жерден эле «Сиз кытайлык эмессиз да ээ?» деп көп сурай башташты.

Мындан тышкары, дайыма бир эле гүл саткан дүкөнгө барып турам. Жада калса алар да кайдан болоорумду сурашты. Анткен менен алар бир жылдан бери бул жакта жашап атканымды билишет.

Жакында барда отуруп чүчкүрүп жибердим. Оозумду алаканым менен жаап алып чүчүргөм, жанымда отурган киши жакасын тургузуп жашынды. Байкап турсаң кызык, бирок бир аз түйшөлтөт.

Иллюстрация: Жанно Жарматова

Дария. Берлин, Германия


Кээде мен да аларды кадала тиктейм же «Маселе барбы?» деп сурайм


Берлинде турам. Албетте, бул жердеги эл башкалардан айырмаланат. Менин түшүнгөнүмө карганда, бул жерде, Европада сасык тумоонун сезону болуп жатат.

Метродо баратам, айланадагылардын баары европалыктар, white people, алар ооруп, жөтөлүп жатышат, чимкириктери шаркыратмадай агып жатат. Бирок баары тең шектенүү менен мени карашат.

Эгер биз коомдук жайда жүрсөк дайыма жөтөлүбүзбү басууга же такыр эле карманууга аракет кылабыз го, алар болсо муну күчүнүн бардыгынча кылышат, мындан кыпкызыл да болуп кетишет.

Бирок мунун баарына карабастан, аларды отуруп алып өздөрүнөн тонналаган бактерияларды чыгарып жаткан европалыктар тынчсыздандырбайт, алардын баары мени гана үңүлө тиктешет. Кээде мен да аларды кадала тиктейм же «Маселе барбы?» деп сурайм.

А бирок, ооруп жатам дегенсип күчүмдүн барынча бүт вагонду жаңырта жөтөлүп, баарын коркутуп-үркүтүп, анан өзүм жалгыз кете берсемди деп ойлонуп кетем. Мындан тышкары, кээде алар мени көрүп калышканда бир вагондон башкасына өтүп кетишкенин же такыр эле вагондон чыгып кетишкенин көп байкайм.

Мен Берлинде өткөн жылдын июль айынан бери жашап келем жана вирус пайда болгонго чейин мындай мамилеге туш болгон эмесмин.

Алия, Прага, Чехия


Жаңылыктарды көргөндөн кийин азиаттыгым үчүн ошондой реакция болгонун түшүндүм


(аты өзгөртүлдү)

Акыркы кезде, коронавирус башталганда, Берлин, Прага, Венада болчумун, учурда болсо Белграддамын.

Прагада трамвайда кетип баратып, катуу деле эмес, бир нече жолу чүчкүрүп алдым, бирок трамвайдагылар абдан катуу реакция кылышты.

Жаңылыктарды көргөндөн кийин азиаттыгым үчүн ошондой реакция болгонун түшүндүм. Андан кийин чүчкүрүп же жөтөлүүнүн алдында эки жолу ойлонуп калдым.

Мен адамдардын өздөрүнүн, балдарынын жана жакындарынын ден соолугу үчүн кабатырланып атканын туура эле түшүнөм.

Курбум жапон тектүү канадалык кыз, ошол учурда ал дагы ушундай эле мамилеге кабылып, Европа боюнча көп каттап жүргөн. Адамдар кыйыгы менен карап, оолак отурушкан.

Адамдардын жанын алган илдет менен сүрөттөлгүм келбейт. Тамагым ооруп жатат, жолугушууга барышым керек. Мени кантип карашаары тууралуу ойлонуп жатам, күчүм барынча дарыланып, дары-дармекти чылап ичип атам. Коркуу үчүн адамдарга ачуулана албайм, бирок бул мамиле жагымсыз.