Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигин 68 жаштагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды. Ага карата өмүрү өткүчөктү жаза өтөө өкүмү чыгарылган. Укук коргоочу уюм Аскаровдун иши боюнча сот адилетсиз болгондуктан, кыргыз бийлиги ага карата өкүмдү жокко чыгарышы керек деп эсептейт.
«Азимжан Аскаровду камакта кармоо — Кыргызстандагы адам укуктарынын тарыхындагы олуттуу так. Ал токтоосуз бошотулуп, керектүү меджардамга ээ болуп, 10 жыл адилетсиз абактатан кийин үй-бүлөсү менен биригүүгө мүмкүнчүлүгү болушу керек», — дейт Human Rights Watchтун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.
Уильямсон Аскаровдун адвокаттарына таянуу менен укук коргоочунун ден соолугу начарлап баратканын билдирип, ал эми анын абакта кармалуусунун шартын «адекватсыз» катары баалады.
«Укук коргоочу мыйзамсыз камалгандан бери дээрлик он жыл өттү, кыргыз бийлигине Аскаровго жана анын жакындарына карата адилеттүү сот камсыздап бериши керек», — деп билдирди Уильямсон.
Human Rights Watch өз чакырыгын Аскаровдун ишинин 25-февралда Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан каралуусунун алдында чыгарды. Аскаровдун кызыкчылыгын сотто «Бир Дүйнө — Кыргызстан» жана «Эркиндик үнү» укук коргоо кыймылдарынын адвокаттары коргомокчу.
Human Rights Watch укук коргоочунун адвокаттарына таянып билдиргендей, Аскаровдун ишинин Жогорку сотто каралуусу «даттануу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болуп калышы мүмкүн».
Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон. 15-жылдан бери өзүнүн «Аба» укук коргоо уюмун жетектеп келген.
Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
Аскаровдун жактоочулары укук коргоочуга коюлган айыптар негизсиз экенин бир нече жолу айтып чыгышкан. Окуя болгон жерде Аскаров жок болгонун күбөлөр ырасташкан. Ошондой эле укук коргоочу кыйноого алынганын жана иликтөө иштери процессуалдык эрежелердин одоно бузулушу менен коштолуп атканын анын адвокаттары билдирген.
Аскаровдун иши
Аскаровдун иши 2019-жылдын январында жаңы гумандуураак Кылмыш-Жаза кодекси күчүнө киргендиктен 25-февралда Жогорку сот тарабынан каралып жатат.
Мурдараак Чүй облустук соту Аскаровго карата кылмыш ишти кайра кароодон баш тарткан, бирок «Бир Дүйнөнүн» жактоочусу Валерьян Вахитов бул чечимдин үстүнөн даттанган. Мындан кийин Жогорку сот Аскаровдун жактоочусунун даттануусун жарым-жартылай канааттандырып, укук коргоочунун өкүмүн өзгөрткөн. Ага тагылган айыптын эки беренеси өзгөрүп, бул беренелер боюнча жаза мөөнөтү 9 жылдан 7,5 жылга чейин кыскартылган. Калган бөлүмдөрү боюнча Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.
Азимжан Аскаровдун иши боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылдын 31-мартында чыккан чечими бар. Анда бийликтин иликтөө жана сот териштирүүсү учурунда эл аралык мыйзамдарды бузганы айтылган.
Факт жүзүндө Адам укуктары боюнча комитет Кыргызстандын бийлигинин Аскаровго кыйноо колдонуп, ага ырайымсыз жана адамгерчиликсиз мамиле кылып, адискөйлүк коргоо жеткиликсиз болгонун, жактоочулар сабалганын, ал эми сот териштирүүсү бейтарап болбогонун моюндаган.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарып, кун төлөп берүүгө чакырган.
Бирок комитеттин чечими бүгүнкү күнгө чейин аткарылган эмес. Ал учурда өлкө бийлиги Аскаровдун ишин болгону кайра кароого жөнөткөн. Бирок Чүй облустук соту, андан кийин Жогорку сот да Базар-коргон райсоту 2010-жылы сентябрда чыгарып берген биринчи чечимди күчүндө калтырган. Аскаров бүгүнкү күнгө чейин адилеттүү сотко ээ боло албай келет.