Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда сөз сүйлөдү. Президент сот реформасы, коррупцияга каршы күрөш, маяналардын жогорулашы жана аймактарды санариптештирүү тууралуу айтты. «Клооп» анын айткандарын баяндап берет.

Сот реформасы

Тергөөнүн жана сот процессинин ачык–айкындыгына багытталган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Санариптик инфраструктура, аудио-видео байкоо жана протоколдоштуруу киргизилип жатат.


Мыйзам бузган бир нече судьялар кызмат орундарынан бошотулду


Акча каражаты да бюджеттен жетишерлик денгээлде бөлүнүүдө. Бирок, эки жылдык турмуш көрсөткөндөй, каржылоо, санариптен тышкары — абийир соту орномоюн, сот системасы тазаланбайт.

Соттордун адамдык абийири, ички ыйманы ойгонбосо, сот реформасы ийгиликке жетишпейт. Ансыз канча каражат жумшабайлы, ийгиликке жетпейт.

Сот реформасын техникалык, каржылык жактан жетиштүү деңгээлде жүргүзүп жатабыз. Анын ийгилиги соттордун өзүнө көз каранды. Алардын абийир сотуна көз каранды.

Коррупцияга каршы күрөш

Кол тийбес, туруктуу иштеген коррупциялык схемаларды түзүшкөн айрым жогорку чиновниктерге, пара алуучуларга каршы ачык күрөш жүрүүдө. Бул иш мындан ары да уланат, күчөйт.

Албетте, коррупционерлерди камоо жолу менен гана корупцияны жоё албайбыз.

Коррупцияны алдын алуу максатында өлкөнү туташ санариптештирүү, экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу жолдорун колго алып жатабыз.

Санариптештирүү

Санариптештирүү саясатынын жыйынтыгы катары, учурда жарандарыбызга 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис электрондук форматта жеткиликтүү болду.


Жөлөкпулдарды төлөөдө ашыкча бюрократия жокко чыгарылды


Укук коргоо органдары бардык региондордо «Бирдиктүү терезе» борборлору аркылуу элге кызмат көрсөтүүдө.

«Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү менен, видео байкоо системалары орнотулган жерлерде жол кырсыктарынын саны дээрлик 50 пайызга азайды. Республика боюнча, дагы кошумча үч жүздөн ашык видео байкоо аппараттык комплекстери орнотулат. Жылдын аягына чейин Кайгуул кызматы бардык аймактар боюнча жайылтылат.

Маяналар жана жөлөк пулдар


Үй-бүлөлүк врачтардын айлыгы орто эсеп менен 30 пайызга чейин жогорулады


Учурда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо үчүн социалдык жөлөкпулдун өлчөмү 3000 сомдон 4000 сомго чейин көтөрүлүп, алардын ата-энелерине айлык төлөнө баштады.

Гемодиализди бекер алуу үчүн акыркы эки жылда 1 млрд 600 млн сом бөлүндү. Кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы орто эсеп менен эки эсеге жогорулады.

«Улуттук» статусу бар маданият мекеме кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга көбөйтүлдү. Катардагы милиция кызматкерлеринин эмгек акысы — кеминде 40 пайызга көтөрүлдү.

Контракт негизинде кызмат кылган аскер кызматкерлеринин айлык маяналары 30 пайызга жогорулады. Армиябыз жаӊы турак үйлөр, социалдык объекттер, заставалар жана техника менен камсыз болуп жатат.

Айлыктарды көбөйтүү үчүн бюджеттен жалпы суммасы 14 млрд сомго жакын каражат жумшалды. Айлыктарды көтөрүү иши уланат.

«Арзан турак жай» программасынын алкагында төрт жарым миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Аларга 5 млрд. сомдук ипотекалык кредит берилди.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу


Ирригация — бул амбициялуу максатыбыз


Ирригация деген — бул жумушчу орундар, жаңы сугат жерлер. Бул миграцияны токтотуу, аймактарды өнүктүрүү, жаңы конуштардын пайда болушу. Бул — амбициялуу максатыбыз. Аны аткарууга баардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз. Анткени, бул программа — жаңы муундун келечегине багытталган улуттук долбоор.

Акыркы жылдары 107 айыл таза суу менен камсыз болду. 2024-жылга чейин 715 айылда курулуш иштерин бүтүрүп, таза суу инфраструктурасын жаңыртабыз.

Жалпылап айтканда, жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары, таза суу менен камсыз болот. Негизинен гранттык элементтери менен, узак мөөнөттүү кредит тартып жатабыз. Бюджеттен да каражат каралууда.

Экспорт

Ата мекендик продукцияларды экспорттоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында 19 ветеринардык жана 4 фито-санитардык лаборатория ишке киргизилди.

Былтыр айыл чарба продукцияларын экспорттоонун көлөмү 24,5 пайызга өстү. Мисалы, биздин ишкерлер Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Катар, Жапония ж. б. мамлекеттерге продукция чыгара башташты.

Кызматташуунун алкагында Кытайга жылкы, бал жана кургак сүт экспорттоо мүмкүнүчүлүгү ачылды. Кытай Эл Республикасынын бирдиктүү реестрине кыргызстандык 13 сүт өндүрүүчү жана 4 бал өндүрүүчү ишкана киргизилди.

Тышкы саясат

Биздин өнөктөштөр — Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кытай, Индия, Түркия жана башка мамлекет башчыларынын деңгээлинде жемиштүү сапар алмашуулар болду.

Бул жылда Европа Биримдиги менен кеңейтилген кызматташуу боюнча келишимге кол коёбуз. АКШ, Жапония жана Иран менен кызматташабыз..

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунда, Шанхай Кызматташтык уюмунда, Түрк кеңешинде Кыргызстан төрагалыгын ийгиликтүү өткөрдү.

Энергетика жана курулуш

Токтогул ГЭСин реконструкция иштери жүргүзүлүүдө. Учурда Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер уланууда.


Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушуна инвестор каралууда


Жакында CASA–1000 электр чубалгысын тартуу иштери башталат. Бул долбоор электр энергияны экспорттоо мүмкүнчүлүгүбүздү арттырат.

Транзиттик потенциалы жогору болгон жолдорду курууга жана оңдоого артыкчылыктуу маани беребиз. 2019-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 335 км жолго асфальт төшөлдү. Былтыртан бери ар бир райондо, шаарда 3 километрден кем эмес жолдорго асфальт төшөө иштери болууда.

2019-жылы 40 район борбору жана 8 шаарда 141 км жолго асфальт төшөлдү. Быйыл район борборлорунда 150 км жолго асфальт төшөө пландалууда.

2020-жылдагы парламенттин шайлоо

Алдыдагы саясий процесске карата көптөгөн саясий өнөкөттөр козголот. Партиялардын саясат менен алпурушуусу күчөйт.


Шайлоону өлкөдөгү тынчтыкка кедергиси тийбегидей кылып өткөрүүгө милдеттүбүз


Тогуз пайыз деген чекти мына ушул жерде отурган депутаттар, көпчүлүгүңөр колдоп, мыйзам кабыл алынган эле.

Азыр 9 пайыз, 7 пайыз, 5 пайыз, жада калса 3 пайыз деген да пикирлер айтылууда. Азыр пайыздык босого боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.