Инвестор же ишкердик кылууну көздөгөн адам алгач ыӊгайлуу жайларды же объекттерди караштырат. Бул маалыматтарды ачык булактардан таппаган соӊ, кайсы жерде бош жер тилкелер же ижара мөөнөтү бүтүп жаткан объекттер бар экенин билүү үчүн муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылат.
Чоӊ-Алай районунан Ош шаарына кѳчүп келип отурукташкан Айтымбү Кулбаева соода-сатык жүргүзүп, ишкердик кылуу үчүн бош жай издеп убара тарткандардын бири.
«Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы шаар аймагындагы өзүнө караштуу жерлердин эсебин жүргүзүп, каттоого алган эмес окшойт. “Ижарага алып иштетүү үчүн ыӊгайлуу кандай жайлар бар” деп сурап барганымда, мага “бош турган жерди ѳзүӊүз таап келиӊиз” дешти. “Бул жер бош бекен?” деп, эми шаарда үймѳ-үй кыдырып, сураштырып жүрүш керекпи?», — деп суроо салат Кулбаева.
Ош шаарынын аймагындагы бош турган жер тилкелердин жана объекттердин тизмесин, жайгашкан даректерин муниципалдык менчик башкармалыгынан билүүгө мүмкүн эмес. Башкармалык бул маалыматтарды Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан алууга көрсөтмө берет.
Эксперимент
Жер тилкесин ижарага алуунун түмѳн түйшүгүн жана мыйзамдуу жол-жобосун жакындан изилдөө үчүн ишкердик кылууга белсенген жаран катары эксперимент кылып көрмөк болдум.
Ош шаарынын Навои паркына жакалаш жайгашкан, дээрлик 30 жылдан ашуун бош турган жер тилкелерди сүрөткө тартып, муниципалдык менчик башкармалыгындагы адиске көрсөтүп, ошол аймактан 2 миӊ чарчы метр жер тилкесин жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн ижара шартында пайдаланууга арыз таштадым.
Муниципалдык менчик башкармалыгынан «…Суралган жер тилкеси Ак-Буура дарыясынын корук зонасы болуп эсептелгендигине байланыштуу ал жерге курулуштарды курууга тыюу салынат, ошондуктан арыздагы суранычты канааттандырууга мүмкүнчүлүк жок» деген жооп келди.
Бирок, суралган жер тилкеси суу корук зонасында жайгашкан эмес жана ал тилке курулуш курууга эмес, жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү максатында суралган эле.
Ош шаарынын муниципалдык менчигинде жалпы аянты 2 млн 316 миӊ 237 чарчы метр жер тилкеси бар. Бирок, ошол жер тилкелердин канчасы кандай шартта пайдаланылып жатканы, кимге канча мөөнөткө ижарага берилгени, объекттердин бааланган наркы жана башка маалыматтар коомчулук үчүн жабык. Мүлккѳ муниципалдык менчик объекттеринин реестринен маалыматтарды жарандык суроо-талап жөнөтүп да ала алган жокпуз.
Анткен менен, мыйзамда айтылгандай, «мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтѳѳ үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш».
Мэриянын мыйзамсыз токтомдору
2000-2010-жылдар аралыгында Ош мэриясы тарабынан шаар тургундарына жер тилкелерин түз сатуу жолу менен жеке менчикке берүү жөнүндө бир нече мыйзамсыз токтомдор чыккан.
2000-2003-жылдарда Жантѳрѳ Сатыбалдиев, 2003-2005-жылдарда Сатыбалды Чырмашев, 2005-2009-жылдарда Жумадыл Исаков, 2009-2013-жылдарда Мелис Мырзакматов, 2013-2018-жылдарда Айтмамат Кадырбаев Ош шаарынын мэри болуп иштешкен. Ал эми 2018-жылдан бери Таалайбек Сарыбашев мэр болуп иштеп келатат.
Жактоочу, укук коргоочу Тѳлѳгѳн Келдибаев эки жылга созулган соттук териштирүүлѳрдүн натыйжасында Ош мэриясынын мыйзамсыз эки токтомун жокко чыгартууга жетишкен. Анын айтымында, Жер кодексинин талаптарына, өкмѳттүн шаар куруу боюнча жобосуна, архитектуралык-курулуштук, укуктук-мыйзамдык талаптарга туура келбесе да, мэрия мыйзамсыз токтомдорду чыгарган.
«Кѳп кабаттуу үйлѳрдүн айланасындагы балдар ойноочу аянтчалардын, таштанды таштоочу жайлардын ордун, жолдордун ордун, санитардык зона, суу корук аймактарын да менчикке берип жиберишкен. Генпландын, деталдык пландын иштелип чыкпагандыгына байланыштуу мыйзамсыз токтомдор чыгып, жер участоктору берилип кеткен. Архитектура, госрегистр, мэриянын коррупциялык жолдор менен жерлерди сатууга ыӊгайлуу болгон», — деди Келдибаев.
Ош шаарындагы коомдук пайдалануудагы бир катар жер аянттары, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги тилкелердин көпчүлүгү 2010-жылдарга чейин жеке менчикке өтүп кеткен. «Ферас», «Чоң балык» жер аянттары колдон колго өтүп сатылып, көп жылдар бою мыйзамсыз түрдө жеке менчикте турган.
2010-жылдардан тарта жергиликтүү бийлик жеке менчикке сатылып кеткен муниципалдык жерлерди кайра кайтарып алуу аракеттерин көрүп, соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында бир нече жер тилкелер кайрадан мэриянын карамагына өткөн.
Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги объекттерди инвентаризация кылууда дарыя жээгиндеги объекттердин жалпы саны 720ны түзгѳн. Анын 55и мамлекеттик менчиктеги, 119у муниципалдык менчиктеги, 546 жеке менчиктеги объектер болгон (анын 127си КР Жер кодекси ишке киргенге чейин, 1999-жылга чейин менчикке берилген).
Инвентаризациянын жыйынтыгында 4 кылмыш иши козголгон. 37 доо арызы сотко ѳткѳрүлгѳн. Ош шаарындагы мыйзамсыз түшкѳн курулуштар, жеке менчикке мыйзамсыз ѳткѳн жер тилкелер боюнча соттук териштирүүлѳр дагы да болуп келатат.
Жашырылган маалыматтар
Акыркы жылдары Ош шаарындагы кайсы жер тилкелер сатыкка коюлган, кимдер аукционго катышты, кайсы тилкелер кимдерге ижарага берилгенин билүү үчүн Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын 2018-2019-жылдардагы отурумдарынын протоколдорун жарандык суроо-талап аркылуу сурадык. Бирок, Муниципалдык менчик башкармалыгы, «бул мамлекеттик коргоого алынган маалымат» деген жүйѳ менен отурумдардын протоколдорунун кѳчүрмѳсүн берген жок.
Ош шаардык кеӊешинин депутаты Мирлан Аматбеков комиссиянын ишинин ачык эместигин жана аукциондор таза ѳтпѳй жатканын белгиледи.
«Аукцион кантип ѳтѳрү баарына эле билгилүү болуп калбадыбы. Бир адам жерди табат, экинчи, үчүнчү адамды ѳзүнүн адамдарын кошуп келип эле, айтылган минималдуу сумма менен утуп кетип жатат. Кайсы жерде аукцион болуп жатканын, кайсы жер тилкеси ижарага берилип жатканын эл билбейт да. Жакшы жер тилкелерди коррупциянын элементтери менен ѳздѳрүнүн эле тааныштарына беришет, кээде сатуу жолу менен», — деди депутат Мирлан Аматбеков.
Ар бир жаран комиссия отурумуна катышууга укуктуу. Бирок, комиссия отурумунун так датасын билүүгѳ жана отурумга катышууга мүмкүн болгон жок.
Бүтпөгөн деталдык пландаштыруу долбоору
Ижарага убактылуу берилген жер тилкелер жана объекттер ѳз максатында пайдаланылып жатканын текшерүү зарылдыгын жарандык активисттер айтышууда. Жашылдандыруу жана кѳрктѳндүрүү максатында ижарага алынган тилкелердин аянтын кыскартып, анын ордуна дүкѳндѳрдү, коомдук тамактануучу жайларды иштетип, аз ѳлчѳмдѳгү ижара акы тѳлѳп жатышканын жарандык активист Улан Бекмырзаев баса белгиледи.
«Мисалы, Араван кичи районундагы ижарага берилген коомдук пайдалануудагы жерлердин ижара келишимдери менен чыныгы абалын салыштырып, текшерүү керек. Коомдук пайдалануу максатындагы жерлер жылдан жылга азайып, соода-сатык жайларынын аянттары улам кеӊейип баратат», — деди Бекмырзаев.
2017-жылы Муниципалдык менчик башкармалыгына жер тилкелерин ижарага берүү, жарнак жана дизайн, муниципалдык мүлктү каттоо, жер укуктарын сатуудан жалпы 42 млн сом, ал эми 2018-жылы жалпы 51 млн сомдон ашуун каражат шаар казынасына түшкөн.
Жеке ишкерлердин кайсы аймакта канча суммада ижара акысын тѳлѳп жатканын сурап, жооп ала алган жокпуз. Башкармалык ижара төлөмдөрү боюнча сурамга жалпыланган, кыска гана маалымат берип койду.
Башаламандыктын баары – Ош шаарынын деталдык пландаштыруу долбоорунун бүтпѳй жатканында. Ош шаарынын башкы планы узак жылдар аралыгында толукталып иштелип, 2016-жылы 29-мартта бекитилген. Учурда деталдык планы иштелип жатат.
«Ушул жылдын жаз айларында деталдык пландаштыруу долбоорун толук бүтүрүп, бекиттирүүгѳ аракет кылып жатабыз. Ага миллиондогон акча керек болот. Аны авторлорго шаардык бюджет бѳлүп бериши керек. 10 миллиондон ашык акчалар бѳлүнүп жатат. Бардык нерсе акчага келип такалып жатат», — деди Ош шаардык архитектура башкармалыгынын генплан боюнча башкы адиси Динара Кожомбекова.
Эсепке алынбаган муниципалдык менчик
Ош шаарындагы коомдук пайдалануудагы жерлер, парктар, тротуарлар, скверлер 2009-жылы «Интербилим» уюмунун демилгеси менен мэриянын ѳнѳктѳштүгүндѳ инвентазизация кылынган. Ошол жылдары скверлерге жана парктарга курулуштар курулуп баштаганына эл нааразылык билдирип жаткан учур эле.
«Ал кезде Мелис Мырзакматов жаӊыдан мэр болуп шайланганы үчүн коомдук пайдалануудагы жерлерди инвентаризация кылууну ынандырууга мүмкүн болгон. Жаӊы мэр шаардын кайсы жеринде эмне жайгашканын, шаар карамагында эмнелер бар экенин билүү маанилүү болгону үчүн биз менен меморандум түзүп, өнөктөштүктө коомдук пайдалануудагы жерлерди эсепке алып чыкканбыз. Программа google-map менен байланыштырылып, кайсы объект кайсы жерде жайгашкан, анын аянты канча, ал кимдин менчиги экени, канча жылга ижарага берилгени боюнча маалыматтар ачык болгон. Бирок, бул программа 2009-жылдан 2012-жылга чейин иштеп, кайра токтоп калган. Бийлик жер аянттарынан пайда кѳрүүгѳ мүмкүн экенин билип калгандан кийин бул маалыматтарды жаап баштаган», — деди «Интербилим» уюмунун жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева.
Анын айтымында, азыр абал башка, өкмөт мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди жана объекттерди санариптештирүү боюнча токтом кабыл алган. Мамлекеттик мүлк фонду санариптештирүүнү аяктап, электрондук форматка өткөргөн. Бирок, айрым тактоо иштерине байланыштуу маалыматты толук ачууга мүмкүн боло элек.
«Муниципалдык менчикти санариптештирүү боюнча өкмөттүн токтому аткарылбай жатат. Себеби, маммүлк фондуна мамлекеттик казынадан акча бөлүнгөн. Ал эми муниципалитеттер өздөрү каражат табышы керек эле. Жергиликтүү бийликтер каражат жок деген шылтоо менен муниципалдык менчикти жашыруун кылууга мүмкүн болуп жатат», — деди Мамасалиева.
Ош шаардык кеӊешинин депутаты Мирлан Аматбеков бир нече жылдан бери шаардык кеӊештин сессияларында муниципалдык менчиктин ачыктыгы, мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе кѳтѳрүп келатат. Ал муниципалдык жерлерди, объекттерди толугу менен инвентаризация кылуу зарыл дейт.
«Сессияда муниципалдык менчик башкармалыгын реестрди түзүп, 2018-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасы берилген. Алар дагы бир жыл сурашкан. 2019-жылдын аягына чейин бүтүрүп, элге ачык-айкын боло тургандай кылып, сайтка жайгаштырыш керек эле. Тилекке каршы ишке ашпай жатат. Элге маалыматтар ачык-айкын жетсе, коррупция азаймак. Коррупциянын элементтери бар үчүн буга жетекчилер кызыктар эмес», — деди Аматбеков.
Иретке келтирүү иштери жанданды
Ош мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров 2019-жылдан тарта Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.
«Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн берилген жер тилкелердеги курулуштар бузулуп, 240 чарчы метр жер тилкеси бошотулду, 3810 метр темир тосмолор алынды. Прокуратуранын талаптарынын негизинде 11 даана капиталдык жана жеӊил типтеги чоӊ курулуштар бузулуп, жер тилкелер бошотулду. Ошондой эле мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөр, ири соода контейнерлер, темир гараждар ж.б. алып ташталды», — Абсаттаров.
Ушул күндөрдө Ак-Буура дарыясынын жээктерин иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
«Тендер жарыяланып, анда «Ак-Башат» ЖЧКсы утуп алды. Долбоор иштелип чыккандан кийин курулуштун сметасы жана бузулууга туура келген турак жайлар жана имараттар белгилүү болот. Бүгүнкү күндө ижарага берилген муниципалдык жер тилкелердин келишимдери бузулуп, жер тилкелер бошотулууда», — деди Абсаттаров.
Жооп күткөн арыздар
Анткен менен, шаардык бийлик муниципалдык мүлк боюнча маалыматтарды жашырууда жана жарандык суроо-талаптарга толук жана жеткиликтүү маалымат берүү милдетин көз жаздымда калтырууда.
2019-жылдын 19-сентябрында журналисттик материалда пайдалануу үчүн Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына 4 пункттан турган суроо-талап жолдогом. Анда Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелердин, объекттердин жана жашыл тилкелердин реестри, жалпы аянты, орду, электрондук же документалдык картасы, коомдук пайдалануудагы же парк зоналарындагы жер тилкелердин жайгашкан ордун кѳрсѳтүү менен кимдерге канча мѳѳнѳткѳ ижарага берилгени, ижарага берилген муниципалдык жер тилкелерден түшкѳн тѳлѳмдѳр, бош турган муниципалдык жер тилкелердин жана объекттердин тизмеси жана даректери кѳрсѳтүлгѳн маалыматты берүүнү сурагам.
Муниципалдык менчик башкармалыгы 2019-жылдын 1-ноябрында суроо-талаптын ар бир пунктуна бирден сүйлѳм менен кыска жана жеткиликсиз жооп жазып жѳнѳттү.
Суроо-талапка жооп даярдаган адис Канышай Имаровага жооптор толук эмес экенин, мен кыска маалымат эмес, документтерди сураганымды айтканымда, ал суралгандар сыр маалымат экенин айтып, «Сиз жетекчиликке кайрылыӊыз, эгер маалыматты бер десе, мен берем» деп жооп берди.
2019-жылдын 30-сентябрында Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссияга 2018-2019-жылдарда өткөн комиссия отурумдарынын протоколдорун сурадым.
Ош мэриясы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жѳнүндѳ Мыйзамынын 5-беренесинин 4-пунктунун негизинде аталган маалыматтарды берүүгѳ мүмкүнчүлүк жок экенин билдиребиз» деп жооп берди.
«Маалыматтарга жетүүгө чектөөлөр» деп аталган беренеде «мыйзам менен корголуучу (коммерциялык, банктык, нотариалдык, врачтык, адвокаттык жана башка) сырларды камтыган» маалыматтарга жетүүгѳ чектѳѳлѳр кѳрсѳтүлгѳн. Мен сураган комиссиянын отурумдарынын протоколдору аталган категориялардын бирѳѳнѳ да туура келбейт.
2019-жылдын 21-ноябрында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашевге Муниципалдык менчик башкармалыгы суроо-талаптагы маалыматтарды толук жана жеткиликтүү кылып жооп берүүсүн сурап, кайрылуу жолдодум. Суралган маалыматтардын кѳчүрмѳсүн мага беришкен жок.
Ош мэриясы маалымат берүү боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн 28-ноябрда Ош шаардык прокуратурасына эки арыз таштадым. Прокуратура арыздарды карап чыгып, суралган маалыматтарды толук берүүнү табыштап, мэрияга 16-декабрда сунуштама берген. Бирок, арадан эки ай убакыт ѳтсѳ да, мэриядан да, прокуратурадан да маалыматтарды сурап ала албай жатам.
Жергиликтүү бийликтин муниципалдык менчиктин реестри, аукциондордун ѳтүшү, отурумдардын протоколдору жѳнүндѳгү маанилүү маалыматтарды коомчулуктан жаап-жашыруусу бул жаатта мандемдүү маселелер бар экенине шек жаратат.
Эгер жергиликтүү бийликтен суралган документтер колго тийсе, конкреттүү маалыматтарды изилдѳѳ менен мыйзамсыз иш-аракеттердин башка да жагдайларын ачуу мүмкүндүгү жаралат.
Бул материал «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фонду ишке ашырып келген «Кыргызстанда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында «Сорос-Кыргызстан» фондусунун колдоосу менен даярдалды. Макаланын мазмунуна анын автору жооптуу. Материалда айтылган пикирлер «Сорос-Кыргызстан» фондусунун жана «Журналисттик иликтөөлөр фонду» коомдук фондунун көз карашына туура келбеши мүмкүн.