Ош шаарында 23 февраль — Ата мекенди коргоочулардын күнүнө карата Ош жана Талас облустарынын көк бөрү боюнча командаларынын ортосунда мелдеш өттү. Оюн Ош облустук көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулуп, байге фонду 1 млн сомду түздү.  Мелдешке Оштон жана Таластан төрттөн команда катышып, жүздөгөн көрарман күбө болду.

Биринчи орунду «Талас» командасы, экинчи орунду «Бакай Ата» командасы алды. Көк бөрүдөн 1-орунду алган командага 300 миң сом, 2-орунду алган командага 200 миң сом, 3-орунду алган командага 100 миң сом тапшырылды. Калган каражат башка командаларга бөлүнүп берилди.

Сүрөттөрдүн редактору: Хамидулло Узаков