Өмүрбек Текебаев

Ата-Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партия мүчөлөрүнүн жолугушуусунда Кыргызстандын бийлигин экономика, инвестиция жана өнөр жай тармактарын туңгуюкка кептеди деп айыптаган.

Ал министрлер кабинетин «бечел, шалтурук өкмөт» деп атап, «өкмөт демилгени жоготуп, демилге көчөнүн колуна өткөнүн жана өкмөттүн келечекти көрө билип, алдын-ала планы болушу керектигин» кошумчалаган.

Адилет Султаналиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев саясатчынын сынына жооп кайтарып чыкты.

Ал өкмөт башчысы Текебаев менен айтышуу керек деп эсептебей тургандыгын белгиледи. Ал кошумчалагандай, «[Текебаевдин] образдуу жана субъективдүү бааларын шайлоо алдындагы кампания менен байланыштуу».

«Анан калса мыйзам менен маселесин эмгиче чечип ала элек саясатчынын абалын эске алуу зарыл. Жөнөкөй логикага карабастан бардыгын, түкүрүк үчүн штрафтарды да, чет элдик студенттерди да, алтургай логистикалык борборду да бир үймөккө аралаштырып салган Өмүрбек Текебаевдин айткандарын биз түшүнүү менен карайбыз», — деди Султаналиев.

Үч президенттин тушундагы оппозиционер

Өмүрбек Текебаев — белгилүү кыргыз саясатчысы. Ал Кыргызстандын мурдагы үч президентинин тушунда оппозицияда болгон — качкын президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев жана ТИЗОдо отурган Алмазбек Атамбаев. Текебаев Акаевдин башкаруусу учурунда үч жолу президенттикке талапкерлигин коюп, утулуп калган.

Бакиевдин тушунда ал президент менен келишпестиги үчүн Жогорку Кеңештин спикерлик кызматынан кеткен. Ошол эле учурда ал аэропортто баңгизат салынган матрешка менен кармалган — окуя оппозиционерге каршы айып токуу аракети деп табылган.

Атамбаев, Отунбаева жана Текебаев

Ал Атамбаев демилгелеген Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүгө сын айтып чыгып, коррупцияга айыпталган жана түрмөгө отургузулган. Ал күнөөсүн мойнуна алган эмес. 2019-жылдын август айында, Жээнбековдун башкаруусу учурунда үй камагына коё берилген. Жакында анын үй камактагы мөөнөтү 2020-жылдын 29-февралына чейин узартылган.

Текебаев үй камагына чыккандан кийин учурдагы бийлик карата көп билдирүү жасай элек. Бийликти узурпациялоо тууралуу сын — бул Жээнбековдун башкаруусуна байланыштуу Текебаевдин алгачкы чукул билдирүүсү.