Саламаттык сактоо министринин башчысынын орун басары Мадамин Каратаев АКИpress басылмасынын суроосуна жооп берип жатып, эгер өлкөдө коронавирус аныкталса министрликте иш-аракеттер планы бар экенин айткан.


Сүрөт: Кактус Медиа

«Кудай сактасын! Эгер [коронавирус] учуру каттала турган болсо биз адамды обочого алабыз. Ал үчүн бизде атайын буюмдар бар, өзүнчө шлемдер жана башкалар. Бардык керектүүлөр бар. Биз азыр толугу менен даярбыз».