Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча отурумду 6-апрелге жылдырды. Аскаровдун адвокаттары кассациялык даттанууга кошумчаларды киргизген, бирок прокурорлор аны менен таанышууга жетишпей калгандыктан сот отуруму жылдырылды.

Аскаров өзү отурумда болгон жок. Аскаров 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык жаңжал учурунда улуттар аралык кастыкты козутууга жана милиционердин өлүмү боюнча айыпталган.

Аскаров өзү күнөөсү жоктугун жана кыйноого алынганын бир нече жолу айтып чыккан.

2016-жылы БУУнун адам укугу боюнча комитети Аскаров кыйноого алынганын, ал эми укук коргоочуга карата соттук териштирүүлөр адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигинен Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгаруусун жана аны абактан токтоосуз бошотуусун талап кылган.

6-апрелде Жогорку сот эл аралык сунуштарды аткарып, Аскаровду бошотуп же бошотпоону же аны абакта өмүрү өткүчөктү калтырууну тандашы керек.

Аскаровдун иши боюнча кененирээк бул материалдан окуңуз.