«Эң башкысы — жарандардын милицияга карата ишенимин кайтаруу керек», — ушундай сөздөр менен презиент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы октябрда Бишкек ШИИБнин санариптешкен командалык борборун ачкан.

Кыргызстанда экинчи жыл катары менен санариптештирүү жылы деп белгиленүүдө, ал эми бийлик жаңы технологияларды мурдагыга караганда көбүрөөк киргизе баштады. Бишкектин эски аэропортунун оңдолуп-түзөлгөн имаратында жайгашкан ШИИБдин командалык борбору — кыргыз бийлигинин сыймыгы.

Анда, сегиз сааттан нөөмөттөшүп, монитор алдыларында калаадагы тартип/укук бузууларга онлайн тартипте камералар аркылуу көз салып турган ведомствонун кызматкерлери кезметте турушат.

Алардын ичинде — 60 жаңы камера бар. Алар Бишкекте 2019-жылдын октябрында борбордун ачылышына карата орнотулган. Бул камералардын үчтөн бири адам жүзүн тааныган системага кошулган. Алардын иши көптөгөн сырлар менен чырмалган.

Долбоор ишке берилип жатканда президент Жээнбеков, эми милиция кылмыштарга ыкчам чара көрө баштайт деп убадалаган. Ачыктык үчүн долбоордун бетачаарында, алтургай, мисал катары, көрсөтмө ирээтинде издөөдө жүргөн адамды кармашкан — ал аталган технологиялардын жардамы менен таанылган.

Иллюстрация: Александра Титова

Долбоор бишкектиктердин арасында кеңири талкууга жем чачкан эмес, балким буга масштабы чакан болгондугу себептир. Бирок, кыргыз бийлигинин дүйнөдө адам жүзүн тааныган системаларды орнотуу боюнча лидер эсептелген Кытай менен түзгөн келишиминин көптөгөн деталдары белгисиз бойдон калууда.

Мусулмандарды аңдууга тиешеси бар

Кытай байкоочу жана адам жүзүн таануучу камералардын жардамы менен адамдарды аңдуу технологияларын киргизүүдө башкы локомотив болуп калган. 2020-жылга карата ал жакта 600 миллион видеокамера орнотуу пландалууда. Мунун шартында Бишкектеги 20 камера статистикалык жаңылыштыктай сезилет, бирок кыргыз укук коргоочулары жана активисттери коңгуроо кага башташты.

Кыргызстандын ИИМи электороника экспорттоп жана импорттогон Кытайдын улуттук CEIEC корпорациясы менен келишимди 2019-жылдын мартында эле түзүп жетишкен.

CEIEC чет өлкөгө аскерий жабдууларды жана коомдук коопсуздук системаларын ташыйт. Компания Кыргызстанга техникалык жана программдык камсыздоону бекер берген, буга CEIECтин беш миллион доллардан ашуун чыгымга учураганы жолтоо болгон эмес.

Иллюстрация: Александра Титова

CEIEC технологиялары Кытайдагы мусулмандар отурукташкан Шинжаң провинциясында коомдук көзөмөлдөөнү орнотууда колдонулган.

«Хьюман Райтс Уотч» (HRW) укук коргоочу уюмунун маалыматтарына ылайык, кытай бийлиги 2016-жылдын аягынан тарта аймактын мусулмандарын кадимки эле салттуу диний ишенимдерин көрсөтүп жүрүшкөнү үчүн негизсиз жана жапырт түрмөлөргө камап, «кайра тарбиялоочу лагерлерге» жөнөтө баштаган. Ал эми аталган жайларга түшпөй калгандар бийликтин туруктуу видеокөзөмөлүнө алынган.

Кытай бийлигинин маалыматы боюнча, алар «профессионалдуу кайра тарбиялоо борборлорду» экстремизм жана радикализм учурларын алдын алу жана эскертүү үчүн уюштурушкан, бирок укук коргоочулар бул борборлор адам укуктарын бузуп, мамлекетке Шинжаңдагы күнүмдүк жашоону көзөмөлдөөнү мүмкүн кылат деп айтышууда. Лагерлер күчөтүлгөн тартиптеги түрмөлөрдөй эле башкарылат: анда катаал тартип жана жаза каралган.

Foreign Policy журналынын маалыматы боюнча, Шинжаңда бери эле дегенде 35 этникалык кыргыз жоголгон — алардын бардыгы Бишкектин ЖОЖдорунда окушкан, бирок Кытайга кайткандан кийин «дайынсыз жоголушкан». Буга карабастан, президент Жээнбеков Кытайга карата пикирлеринде өтө эле кылдат.

Ал 2018-жылы жоголгондордун тагдырына комментарий берип жатып бул маселени ири кошуна менен урушпастан «дипломатиялык» жол менен чечүү керектигин айткан.

Бул система Шинжаңда ийгиликтүү ишке киргизилгенден кийин CEIEC коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн жабдууларды дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө экспорттой баштаган. CEIECтин бөлүмдөрү Түштүк Америкада, Африкада, Азияда жана Түндүк Америкада бар. Корпорациянын Европадагы өкүлчүлүгү Москвада гана бар.

«Фридом Хаус» уюмунун рейтингине ылайык, Кытай жабдуу орнотуп жаткан өлкөлөрдүн көпчүлүгү саясий жана жарандык эркиндик көрсөткүчү боюнча эркин эмес же жарым-жартылай эркин болуп саналат.

Адам жүзүн таануу системасы кантип иштейт?

Адамдын жүзүн таануу технологиясы биометрикалык берилиштерди сүрөт же видео менен салыштыруу үчүн жасалма интеллектти колдонот. Процесс эки этаптан турат: адам жүзүн таануу жана аны идентификациялоо.

Иллюстрация: Александра Титова

Алгач алгоритм бир адамды экинчисинен айырмалаш үчүн адам жүзүнүн мүнөздөмөсүн аныктоо максатында камерадагы видеоагымды талдайт. Бул оролмо нейрон тармактарын колдонгон татаал техникалык процесс.

Жалпак тил менен айтканда, бул компьютердин көрүүсү — ал бардык сүрөттөрдү талдап, бир эле адамды ар кайсы жарыкта, ымдоо жана башка шарттарда аныкташ үчүн сызыктар, кырлар жана бурчтар композициясына кошот.

Андан кийин бир аз эле иш калат — бул жүзгө ээлик кылган адамды идентификациялоо. Ал үчүн анын жүзүн базадагысы менен салыштыруу керек, ал эми ал жакта, эреже боюнча, анкетага тиркелген жүздөрдүн сүрөтү болот. Шайкеш келгенде өздүгүңүз аныкталган болот.

Негиз катары колдонуу үчүн мамкаттоодо, атайын кызматтарда, ТИМде, ЖАМКта жана соцтармактарда бар болгон базаларды алса болот. Мамлекеттик мекемелердин базасына түшпөй калуу кыйын, анткени ал үчүн жок эле дегенде каттоо менен паспорттон баш тартыш керек болот.

Кыргызстанда мыйзамдарга байланыштуу кандай маселе бар?

Кыргызстан менен кытайлык компания келишим түзгөндөн көп өтпөй эле укук коргоочулар менен жарандык активисттердин тобу «Жарандык көзөмөл көмитет» «ИИМ менен өкмөттүн анык мыйзамсыз аракеттерине» каршы нааразычылыгын билдирген.

Иллюстрация: Александра Титова

Укук коргоочулар келишимдин ачык-айкынсыздыгына кабатырланышкан. Алардын пикири боюнча, мындай технологияларды жапырт киргизүүнүн алдында долбоор юрист жана эксперттер менен талкууланышы кажет болчу — өзгөчө жеке маалыматтардын, анын ичинде биометрикалык персоналдык маалыматтардын макулдугу жок иштетилишине тиешелүү жаатында.

Кайсы бир адамды идентификациялоону мүмкүн кылган ар бир маалымат жеке маалымат болуп саналат.

Кыргыз мыйзамдары жеке маалыматтардын купуялуулугун коргоо чараларын болжойт. Алардын арасында «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» жана «Биометрикалык каттоо жөнүндө» мыйзамдары бар.

«Биз жарандардын биометриясын алардын уруксаты жок иштетилишин мыйзам бузуу деп эсептейбиз [...] андан тышкары, жеке жашоого болгон укукту да. Адам жүздөрүн тандалма эмес колдонуу учурунда, биз, Кыргызстандын бүткүл жарандары, мындай уруксат берген эмеспиз», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Өздүктү аныктоо үчүн, тагыраагы жеке маалыматтарды иштетүүдө, жасалма интеллект жолоочулардын жүздөрүн териштирип, аларды бар болгон маалымат базасы менен салыштырат.

Бишкек ШИИБи ишенгендиргендей, бул система «жеке анкеталык маалыматтарга ээ эмес жана жеке мүнөздөгү маалыматты камтыган Мамлекеттик автоматташтырылган система менен интеграцияланган эмес». Бирок система кайсы алтернативалык базанын негизинде адам жүздөрүнүн дал келүүсүн тааный тургандыгына милициядан жооп беришкен жок.

Ушул суроого жооп болбосо, камерага түшүп калгандардын арасынан акыры кимдери иштетилээрин — бул изделип жаткан адамдарбы же бүт баарыбы, так айтыш кыйын.

Иллюстрация: Александра Титова

Мыйзамдарга ылайык, персоналдык маалыматтар бир гана алардын ээлеринин уруксаты менен гана эмес, бирок алдын ала аныкталган, жарыяланган жана мыйзамдуу максаттар үчүн чогултулушу керек.

«Бизге ал максаттарды эч ким жарыялаган жок, эч нерсе түшүндүрүшкөн жок жана таптакыр эле эч кандай кабардар кылышкан жок. Аны эмне үчүн чогултуп, аны кандай иштетишээрин», — дейт жашыруун калууну суранган юрист.

Техникалык жагы кандай?

«Клооптун» ШИИБден маалыматтардын өткөрүлүүсү менен сактыгын билүүгө карата жасаган көптөгөн аракетине командалык борбордон мындайча жооп келди: «Азыркы учурда Бишкек ШИИБнин санариптешкен командалык борборунда орнотулган техникалык жабдуулар менен программдык камсыздоолордун толук кандуу жана коопсуз иштөөсүн камсыздоо максатында коммуникациялык технологиялардын маалыматтарын коргоого талаптар коюлду».

«Клооп» ШИИБдин дарегине жолдонгон сурам катта берилген суроолордун бирөөсүнө да толук жооп алган жок.

Телефондук сүйлөшүүлөр учурунда ШИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков тийиштүү техникалык адисти таап берээрин бир нече жолу айткан, бирок анысы ошол бойдон табылган жок. Жумаков өзү суроолорго жооп берүүдөн баш тартып коюп жатты. Журналисттер анын пикирин жарыялоо үчүн аянтчаны акыркы жолу сунушташканда ал муну милдеттүү эмес деп эсептеп койду.

Кыргызстандын ИИМи менен CEIEC корпорациясынын техникалык кызматташтыгы тууралуу келишимдин өзү купуя болуп эсептелет, бирок эмнегедир Юстиция министрлигинин сайтына ачыкка чыгарылган.

«Тараптар экинчи тараптын жазуу түрүндөгү уруксатысыз ушул келишимдин мазмунунун жана ага байланыштуу маселелердин купуялуулугуна үчүнчү тарапка жайылбайт деген кепилдик берет», — деп айтылат анда.

Журналисттер келишимди изилдөөгө беришкен эки укук эксперти андан жарандардын чогултулган маалыматтары Кыргызстандын аймагында сакталабы же жокпу жана аларды, мисалы, Кытайга өткөрүп берүү мүмкүн же мүмкүн эместиги таптакыр түшүнүксүз деген тыянакка келишкен.

Тунук эмес туюндурмасы бар ушундай пункттардын бири Кыргызстандын «үчүнчү жактарга жеке маалыматтардын берилишин коргоо үчүн керектүү болгон уюштуруу жана техникалык чараларды кабыл алуу» тууралуу милдеттенмесинде кездешет.

ШИИБдин командалык борбору

«Маалыматтар эми аларды жөн гана өздөрүндө сактоо үчүн чогултулбайт да. Сүрөттөрдү ШИИБдин командалык борборунан Кыргызстандын башка ведомствосуна өткөрүп берүү мыйзам алкагында болуп, коопсуздукка өбөлгө болушу мүмкүн. База конфиденциалдуулукту камсыздоо жана аны коргоого карата мыйзамдуу талаптарды коюу менен өлкө ичинде калышы керек жана кала алат. Бирок бул талаптар кандай сакталганы, мунун бардыгы чындыгында канчалык биздин мыйзамдарга ылайык келээрин — эч ким билбейт», — деп эсептейт юрист.

Адвокат Фатима Якупбаева бул келишим кандай болгон күндө да кыргыз мыйзамына караганда юрикалык күчү аз деп эсептейт, себеп дегенде кыргыз мыйзамы боюнча, маалыматтарды үчүнчү жакка өткөрүп берүүдө адамды бул тууралуу бир апта ичинде кабардар кылуу керек.

Ушундай технологияларды жаңыдан киргизип баштаган өлкөдө жеке маалыматтарды сактоо коопсуздугу маселеси өзгөчө актуалдуу. Камерадан алынган маалыматтар ниеттери жана максаттары ар башка болгон адамдарга жеткиликтүү болуп калышы мүмкүн. Кыргызстанда мындай учурлар да катталган.

2019-жылы декабрда «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларынан маалыматтар сыртка чыгып кеткен — интернетте мурда МККнын жетекчилик кызматын аркалаган Алмаз Мамбетовго окшош адам машина айдап баратып аялдын төшүн кармап жаткандагы сүрөт жайылып кеткен.

Мамбетов сүрөттө өзү эмес, башка адам экенин айтканы менен камерадагы сүрөттүн чыгып кетишинин өзү Кыргызстанда маалыматтарды сактоонун коопсуздугуна карата суроолорду жараткан.

«Технологиялар жарандардын өздөрүнө, жарандык активисттерге, мисалы оппозициялык Үмүт-2020 кыймылынын активисттерине же антикоррупциялык #reакция митингине чыккандарга каршы колдонулбай турганына ынангыбыз келет», — деп эсептейт «Клооптун» журналисти менен жашыруун шартында маек курган юрист.

«Ошондуктан коомдук, эксперттер менен мындай технологияларды колдонуунун укуктук чектери, мыйзамдык чектөөлөр, коопсуздук кепилдиги, маалыматтарды колдонуунун укуктук ченемдери тууралуу талкуулар керек», — дейт ал.

Келишимде Кытай берген техникалык жана программдык камсыздоолордун тизмеси да бар. Келишимдин бул бөлүгүнө негизги деп эсептелген маселелерде айкындык жетишпейт.

«Бул келишим беш баракка эле жазылган, бирок системалардын жана серверлердин кенен түшүндүрмөсү менен он эсе көп [барак] болушу керек эле. Мисалы, [келишимде көрсөтүлгөн] Starlight инфракызыл камерасы деген эмне? Мен Женьшенде камераны буйрутуп, ал жакта Starlight деп жазып коём жана ал мүнөздөмөлөр боюнча туура келет. Мен муну өзүм деле кыла алам», — деди видеобайкоо системалар чөйрөсүндөгү техникалык адис. Ал дагы өзүнүн атын атабоону туура көрдү.

Кыргызстан эмне кылышы керек?

Эгер кыскача айтсак, анда системаны киргизүүнү адекваттуу укуктук жана техникалык жөндөө иштелип чыккыча токтото туруу керек.

Иллюстрация: Александра Титова

Кыргызстандын мамкызматкерлери системаны киргизүү туура болгонун ырастоо үчүн бир нече жолу өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянышкан. Алардын ичинде ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Эрнис Осмонабев да бар. Бирок өнүккөн өлкөлөрдө, Кытайдан башкасында, системага сактык менен менен мамиле кылынып, тийиштүү мыйзамдар иштелип чыгаары тууралуу эскертүүгө ал «Бул суроо мага эмес» деп жооп берди.

Бул материал даярдалып жатканда, долбоорго жооптуу мамкызматкерлердин журналисттерге берген эң көп жообу «Бул мага эмес» деп гана чектелди.

Кыргыз укук коргоочуларды өкмөттөн мораторий киргизүүнү талап кылышууда — адам жүзүн таануучу технологиялардын киргизилишин токтото туруу жана бул келишимдин деталдарын ачыктоо. «Хьюман Райтс Уотчтогу» эл аралык укук коргоочулар да ушундай ойдо.

2019-жылдын декабрь айынын ортосунда Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларынан маалымат сыртка чыгып кетүүсүнүн шартында 2020-жылдын 1-февралына чейин жеке маалыматтарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган түзүүнү сунуштаган.

«Интернет саясаттын жарандык демилгеси» коомдук фонду ошондо өкмөттү колдогон, анткени ал 10 жылдан бери ушундай ведомство түзүүнү сунуштап келет, бирок кыргыз мыйзамдары тарабынан ал 2008-жылдан бери каралган.

Бирок, февраль айынын ортосуна карата көз чаптырсак мындай органдын бар-жогу тууралуу дагы деле белгисиз.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев үч күнгө созулган телефон чалууларда «Клооптун» журналисттеринин суроолоруна жооп берген жок — башында ал жоопторду билип берүүнү убадалаган, андан кийин телефонго жооп берүүнү токтотуп койгон.

Автору: Евгения Михайлиди

Иллюстрациялар: Александра Титова

Редакторлору: Бектур Искендер, Улугбек Акишев

Верстка: Айдай Иргебаева

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков

Материал Медиатармактын колдоосунда даярдалды.