Курулушту уруксатсыз баштаган «Эмаком» компаниясына байланыштуу иш боюнча эмне белгилүү?

«Эмакомдун» уруксатсыз башталган жети кабаттуу үйүнүн курулушунун чатыры жабылууда. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

«Эмаком» курулуш компаниясы «уруксатсыз башталган» көп кабаттуу үйдүн курулушун бир жарым жылдан бери улантып келет. Мындан тышкары жети кабаттуу турак жай Сулайман тоонун буфердик аймагында жайгашып, тоонун көрүнүшү тосулуп калган.

Ош шаардык прокуратурасы 2018-жылдын 31-декабрында курулушту ишке ашырып жаткан «Эмаком» компаниясынын жетекчисине каршы «өзүм билемдик» беренеси менен иш козгогон. Мындан тышкары прокуратура компанияны курулушту улантып жатканы үчүн да сотко берген. Ал эми Ош ШИИБи курулушка жол берген мамлекеттик кызматкерлердин үстүнөн иш козгогон.

«Клооптун» журналисттери компанияга байланыштуу иш кайсы баскычта каралып жатканын билүү үчүн шаардык прокуратурага сурам жөнөтүшкөн. Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында прокуратура «Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү» мыйзамынын «Маалыматка алууга болгон чектөөлөр» беренесине таянып маалымат берилбейт деген жооп узаткан.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков ден соолугуна байланыштуу жумушта эместигин айтып, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Ош шаардык прокуратуранын жообу  

«Эмаком» компаниясынын юристи Алмазбек Дыйканбаев «Клоопко» көп кабаттуу үйдүн курулушу улантышып жатканын тастыктады. Ошондой эле иш облустук сотто жарандык тартипте каралып жатканын айтты.

«Курулушту токтотпой жатат деп иш козгогон, ал боюнча 60 миң сом айыппул төлөндү. Ал эми курулуштун өзү мыйзамдуу же мыйзамсыз деп табыла элек. Териштирүү иши көптөн бери уланып жатат. Шаардык сот прокуратуранын доо арызын кароосуз калтырган. Анан алар кайра облустук сотко жазышкан. Курулуш азыр алты кабаттуу, монсард менен жети кабат болот», — деди Дыйканбаев.

2019-жылдын февраль айы. «Эмаком» курулушту жаңыдан баштаган учур. Сүрөт: Аскарбек Мырзабеков / Kloop.kg

ЮНЕСКОНУН тизмесинен чыгып калуу коркунучу

Сулайман тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы кошулуп, Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болгон. Ошол эле жылы тоонун буфердик жана корук аймагы бекитилген. Ага ылайык, коргоо аймагына салынган курулуштардын бийиктиги тоону тосуп калбашы керек деген чечим чыгарылган.

«Сулайман-Тоо» музей комплексинин башкы директорунун орун басары Хайрулло Ибайдуллаев курулуш тоону тосуп калганын ырастаган. Буга байланыштуу Сулайман тоо ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн деген.

Аталган маселе 2012-жылдан бери көтөрүлүп келет. Буга калаадагы мыйзамсыз курулуштар себеп. Ош мэриясынын акыркы тараткан маалыматы боюнча шаарда 26 уруксаты жок башталган курулуш бар. Көпчүлүк компаниялар тиешелүү документтерди албай туруп эле курулушту баштап алышат. Алардын бири «Евро стиль» курулуш компаниясы. Аталган компаниянын 12 кабаттуу курулушу мыйзамсыз деп табылып бузула баштады.

Ал эми «Эмаком» компаниясы курулушту баштоого чейин маданият министрлигинин көрсөтмөсү боюнча Кыргыз реставрация институтунан курулуштун бийиктиги боюнча корутундусун алышы керек болчу. Бирок компаниянын айтымында, министрлик да, институт да белгилүү бир бийиктикти бекитип берише элек.

Атүгүл Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн комиссиянын 2019-жылдын 17-октябрындагы отурумунда Сулайман тоонун буфердик аймагында курулушка коюлган чектөөлөрдү алып салуу сунушталды. Мамлекеттик долбоорлоо институтунун бөлүм башчысы Рысбек Кокоев билдиргендей, курулуш 50 кабаттуу болсо да тоонун көрүнүшүн тоспойт.

Ош мэри Таалайбек Сарыбашов Сүймбаев статионун оңдоого демөөрчүлүк кылган ишкерлерди сыйлап жаткан учуру. Сүрөт: Ош мэриясы

«Эмаком» мэриянын демөөрчүлөрүнүн бири

Ош мэриясы өткөн жылы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду оңдогон. Стадионду оңдоо иштерин жергиликтүү жеке ишкерлер колдоого алып, ага 10 млн сомго жакын каражат бөлүшкөн. Алардын арасында «Эмаком» компаниясы дагы бар. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Эмакомдун» демөөрчүлүк кылганы ага байланыштуу козголгон ишке таасирин тийгизбейт деп ишендирген.

Ошол эле маалда мэр Таалайбек Сарыбашов демөөрчүлүк кылган ишкерлерди сыйлап жатып «Ишкерлерди дайым колдойбуз. Ош шаарында ишкерлерге тоскоолдук болбош керек» деп билдирген.

«Эмаком» компаниясынын «мыйзамсыз» курулушу

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2008-жылы Ош шаарындагы Ленин көчөсү 351 дареги боюнча жайгашкан эки кабаттуу үйдү «авариялык абалда» деп тапкан. Союз убагында курулган имарат ошол жылы 6,5 баллдык жер титирөөдө жабыркап, батирлердин дубалдарында жаракалар пайда болгон. Анда жалпы 40 үй-бүлө баш калкалаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, алардын өз алдынча турак-жайды оңдоого шарттары жок болгондуктан «ЭМАКОМ» компаниясы менен келишим түзүшкөн. 2018-жылдын соңунда эки кабаттуу үй бузулуп, компания анын ордуна алты кабаттуу турак жай сала баштаган.

Бирок шаардык архитектура башкармалыгы да, экотехинспекция да курулуш иштери уруксатсыз башталганын билдиришкен.