«Кыргыз темир жолунун» күзөт кызматкерлери жетекчисинин отставкасын талап кылышты

Эмне болду?

«Кыргыз темир жолу» мамишканасынын аскерий күзөт кызматкерлери 26-февралда басма сөз жыйын куруп, жетекчиси Нурлан Тамаевдин отставкасын талап кылышты. Алар массалык жумуштан алуулар, жумуш орундары сатылып жатышы мүмкүндүгү жана жетекчинин адискөйсүздүгү тууралуу айтып беришти. Тамаев сынга макул болбой, басма соз жыйындын катышуучуларын «одоно мыйзам бузуучулар» деп атады.

Кызматкерлердин позициясы

«Кыргыз темир жолунун» аскерлешкен күзөт кызматкерлери жетекчиси Нурлан Тамаевдин отставкасын талап кылышты. Аларда жетекчи Нурлан Тамаевге карата дооматтары көп.

Күзөттүн мурдагы кызматкери Медер Качиевдин айтымында, Тамаев жетекчилик кызматына келээри менен жамааттагы мамиле бузулуп, жапырт кызматтан бошотуулар башталган. Ошентип, 2018-жылы 68 адам, 2019-жылы 70 ашуун кызматкер кызматтан алынган.

Качиев жетекчиси Тамаев жумуш орундарын 500 долларга сатат деп эсептейт.

Кызматкерлер вагонго текшерүүсүз киргизилген окуу минасына байланыштуу конкретүү учурду мисал келтирүү менен Тамаевдин адискөйсүздүгүнө даттанышты.

«Бул вагонго жада калса катты да алып өтүүгө болбойт. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин кызмат адамдардын бирөөсү да бул үчүн жаза алган жок. Эгер бул чыныгы мина болсо, трагедия болмок», — деп айтып берди Медер Качиев. Анын айтымында, бул учурдан кийин эки жолшерик гана жаза алган — алар маянасы төмөнүрөөк кызматтарга которулган.

«Кыргыз темир жолунун» аскерлешкен күзөт кызматкерлери көп жолу түзүмдөрдүн бардыгына, анын ичинде Башкы прокуратурага Нурлан Тамаевдин ишмердигине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен кайрылышканын айтышууда.

«“Кыргыз темир жолунун” башкы директору Нурлан Тамаевдин ишине көңүл бурбай жатат. Биздин арызды бири-бирине жөнөтүп, эч ким дурустуу жооп бербей жатат», — деди Медер Качиев.

Башчылардын позициясы

Нурлан Тамаев «Клоопко» билдиргендей, Качиев эки айдан бери «Кыргыз темир жолунун» аскерлешкен күзөтүнүн кызматкери болуп саналбайт, ал эми басма сөз жыйындын башка катышуучулары «одоно мыйзам бузуучулар».

«Алар одоно мыйзам бузуучулар, алар мыйзамдарды бузуп, милдеттерин аткарбай көнүп алышкан. Мурдагы жана учурда иштеп жаткан айрым кызматкерлерге жетекчиси бардыгын мыйзам чегинде талап кылып жатканы жакпайт. Алар филиалдын башчысын кызматтан алуу максатын көздөп жатышат, анткени ал өтө эле тартипчил», — деп белгилейт Тамаев. Анын айтымында, Качиев эмгек мыйзамын бузганы жана жумуш ордунда жөндүү себептерсиз катары менен үч сааттан ашык жок болгону үчүн бошотулган.

Мындан тышкары, Тамаев Качиевдин мина окуясы тууралуу сөздөрүн төгүндөдү. Анын айтымында, комиссия түзүлүп, бир айдын ичинде транспорт прокуратурасы тарабынан текшерүү өткөрүлүп, анын жүрүшүндө бузуулар табылган эмес.

Качиевдин бардык сын-пикирлерин Тамаев кызматтан алынгандыгы үчүн таарынуу деп эсептейт. Жетекчинин айтымында, Качиев кызматтан алынганы менен «Кыргыз темир жолунда» жапырт кызматтан бошотуулар жок.

Ачык даттануулар

Бул мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жетекчисинин отставкасын талап кылган же ведомстводогу коррупцияга даттанган биринчи эле окуя эмес.

2018-жылы Анара Мамбеталиева жетекчилеринин арасындагы коррупцияга каршы чыккандан кийин Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы ордунан ажыраган. Анда ал Мамэкотехинспекциянын үч ири аткаминерин коррупцияга айыптаган, алардын ичинде кызматтан кетүү тууралуу арызын жазып бошотулган ведомствонун статс катчысы Таалай Асылбеков да болгон. Кийинчерээк мамлекеттик кадр кызматы Мамбеталиеваны Мамэкотехинспекциядагы басма сөз катчылык кызматына кайтарган.

Ал эми 2019-жылдын ноябрь айында чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгынын улук офицери Талгат Аланов басма сөз жыйын куруп, журналисттерге өзү иштеп жаткан ведомстводогу коррупция тууралуу айтып берген.

Ал «Достук» көзөмөл өткөрмө пунктундагы мыйзамсыз акча чогултуу фактылары, кызматтардын сатылышы жана бир чек ара пунктунан башкасына которулуу үчүн жетекчиликке акча бериш керек экенидиги тууралуу айтып берген.

Кийинчерээк «Достук» көзөмөл өткөрмө пунктунун жетекчиси Талант Айтпаев кызматынан убактылуу четтетилген — Аланов мисал катары бул пункттагы коррупция тууралуу айтып берген эле. Мамлекеттик чек ара кызматы Айтпаевдин четтелиши Алановдун басма сөз жыйынына байланыштуу эмес деп айтууда.